Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

Апта: Кремлге ультиматум...


Кыргызстан менен Орусия буга чейин жогорку Нарынга бир катар ГЭСтерди куруу боюнча да макулдашкан.
Кыргызстан менен Орусия буга чейин жогорку Нарынга бир катар ГЭСтерди куруу боюнча да макулдашкан.

Узап бараткан аптада энергетикалык тармакта кызматташуу боюнча кыргыз-орус сүйлөшүүлөрү өттү.

Башкы прокуратуранын Исхак Пирматовду кылмыш жообуна тартуу сунушун парламент четке какты. Оппозиция лидерлери өкмөт башчы менен сүйлөшүүдөн натыйжа чыкпаганын билдирди.

10-апрель - тагдыр чечүүчү дата...

Кыргызстан менен Орусия эки тараптуу кызматташуусун практикалык мүнөзгө өткөрүп, ири долбоорлорду турмушка ашыра баштоонун, же мамилелердин салкындоосунун алдында турат.

Бишкек Москва менен мурда жетишилген келишимдерди аткарууга киришүүгө шашып турат. Анткени экономикада жылыш жасоо керек. Ал үчүн ири өлчөмдө инвестиция керек. Андай инвестиция орус тараптан убада кылынган.

Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын энергетика министри Сергей Шматко менен, Бишкек, 27-март, 2012.
Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын энергетика министри Сергей Шматко менен, Бишкек, 27-март, 2012.
Эки тарап Камбар-Ата-1 ГЭСин, жогорку Нарында бир катар ГЭСтерди курууну, "Кыргызгазды" "Газпромго" сатууну, Кыргызстандын 190 млн. доллар карызын “Дастандын” 48% акциясына алмашууну жана Кыргызстан аймагында мунай, газ кендерин издөөнү макулдашкан. Макулдашууларга үч жылдын жүзү болуп жатат. Бирок иш алдыга жылган жок. Ал мезгилдин ичинде Кыргызстанда бийлик алмашты. Дагы да жылыш болгон жок.

Ал эмес, орус тарап мурунку келишимдерди өзгөртүп, долбоорлордогу өз үлүшүн 75 пайызга жеткирүүнү көздөгөнү айтыла баштады. Бул жагдай кыргыз жетекчилигин, тагыраак айтканда президент Алмазбек Атамбаевдин нааразылыгын пайда кылды. Дал ошондуктан кыргыз президенти орус маалымат каражаттарына кыргыз-орус мамилесиндеги Кремль чиновниктеринин кемчиликтери тууралуу ачык-айкын интервьюларды берип, олуттуу тобокелчиликтерге бара баштады. Жетишилген келишимдерди аткаруу үчүн мөөнөттөрдү так белгилөөнү талап кылды.

Мына ошого байланыштуу 27-мартта Кыргызстанга Орусиянын энергетика министри Сергей Шматко башында турган делегация келди. Ал делегация кыргыз тараптан бир гана жоопту алганы маалым болду. Ал мурунку келишимдер өзгөртүлбөй, аткаруу мөөнөттөрү аныкталыш керек деген жооп болду.

Эми орус тарап 10-апрелге карай долбоорлорду аткаруунун шарттары, мөөнөттөрү боюнча сунуштарын даярдап келүүгө тийиш.

Аны өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов тастыктады:

- Камбар-Ата-1, жогорку Нарында ГЭСтердин каскадын куруу боюнча мурунку келишимдердин негизинде 10-апрелге чейин деталдуу планды жазып келгиле дедик. Биз ошол планды сүйлөшүп, качан долбоор болот, качан техникалык-экономикалык негиздеме болот, качан курулуш башталарын деталдуу түрдө 10-апрелге чейин аныктап, мурунку келишимдерге кол коёбуз деген сүйлөшүү болду. Сүйлөшүүлөрдүн эң негизги натыйжасы, орус тарап деталдуу планды, ага байланыштуу иш-чараларды өз убагында аткарбаса, анда биз бир тараптуу келишимди жокко чыгарганга мүмкүнчүлүк алдык.

Мындан байкалып тургандай, эгерде орус тарап мурунку келишимдерди аткарууга макул болсо, анда тараптар келишимдерди аткаруунун практикалык жагына киришет. Анда эки тарапатын мамилеси өр алат.

Ал эми макул болбой калса, анда тараптардын мамилеси салкындоо жолуна түшүү коркунучу пайда болот.

Кыргызстан бийлигинде эле эмес, коомчулугунда да энергетикалык долбоорлордо орус тараптын үлүшүн көбөйтүүгө макул болгондор жокко эсе. Бирок стратегиялык өнөктөш Орусия энергетикалык долбоорлордон баш тартса, башка жактан инвестор чыгабы, Орусия менен араны алыстатуунун акыбети кандай болот деген чочулоолор да жок эмес.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Орусия Кыргызстандын гидроэнергетика тармагына инвестиция салууга кызыкдарлыгын белгилеп, эгерде кандайдыр себептер менен андан баш тартса, башка инвесторлор келүүгө даяр дейт:

- Менимче, албетте даяр. Ошол эле Кытай, ошол эле Түркия, ошол эле Казакстан биздин энергоресурска кызыкдар. Бүгүнкү күндө суу-энергетикалык маселелерге келгенде баары эле акчаны аябайт. Анткени бул чоң экономикалык утуш. Экинчиден, саясий таасирди күчөтүшү да мүмкүн.

Кыргыз бийлигинин маселени кабыргасынан коюп, мөөнөттөрдү так белгилөөсүнүн себептери да айкын. Жаңы бийлик экономикада көзгө көрүнөрлүк ийгиликтерге жетишүүгө шашып жатат. Ал ийгиликтер ири долбоорлорсуз болбойт. Ошондуктан Алмазбек Атамбаев империяга айбат берип, ишти баштоону, же башка инвесторлорго жол берүүнү талап кылып жатат.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды Орусиянын күйүүчү майынан көз карандылыгынан да куткарууга далалат кылууда. Бул үчүн мүмкүнчүлүк Азербайжандан каралып жатат. Белгилүү болгондой, Алмазбек Атамбаев Бакуга сапары учурунда Азербайжан президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу кызматташуулар, анын ичинде мунай заводун куруу боюнча сүйлөштү.

Баку менен биргеликте мунай иштетүүчү завод курууга Кыргызстан чоң маани берип жатат. Эгерде завод курулуп, аны мунай менен камсыздоо маселеси чечилсе, анда Орусиядан күйүүчү майдан толук көз карандысыздык жагы чечилмек. Бул аракетти Алмазбек Атамбаев “реалдуу көз карандысыздыкты түзүү” катары баалаган.

Президенттин бир колу экинчисин токтотуп....

Президент Алмазбек Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөш демилгеси парламентте тушалып калды. Демилгеге тушоо салууда президенттин өзүнүн фракциясы - Социал-демократтар негизги ролду ойноду. Анткени бул фракциянын көпчүлүгү Исхак Пирматовдон депутаттык кол тийбестикти алууга каршы добуш берди. Экинчиден, Исхак Пирматовдон депутаттык кол тийбестикти алуу боюнча парламенттик комиссияны ушул фракциянын өкүлү жетектеп, Башкы прокуратуранын айыбын негизсиз деп чыкты.

Исхак Пирматов, ЖК депутаты.
Исхак Пирматов, ЖК депутаты.
Башкы прокуратура болсо “Республика” фракциясынын мүчөсү Исхак Пирматовго каршы кылмыш ишин козгоп, аны жоопкерчиликке тартуу сунушун парламентке февраль айында жолдогон. Сунушту карап чыгуу үчүн КСДП фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештеги конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрайымы Галина Скрипкина башында турган депутаттык комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын Башкы прокуратуранын сунушу негизсиз деген жообун 28-мартта парламент колдоп берди. Башкы прокуратура Исхак Пирматов “Кыргызнефтигаздын” башчысы кезинде күйүүчү майды атайын арзандатып саткан, жабдууларды кымбат сатып алган деп айыптаган.

Галина Скрипкина коюлган айыптар комиссия тарабынан негизсиз деп табылганын билдирди:

- Фактылар тастыкталган жок. Мына ушундай. Ал эми бааларга келе турган болсок, тергөө бааларды салыштырып талдоого алган. Бул туура эмес. Андай кылбаш керек. Бул базар баасы. Базар өзү аныктайт товардын баасын.

Маалыматтар боюнча, базар баасында 30 сомдун тегерегиндеги күйүүчү майды Исхак Пирматов 8 сомдон саткан. Мындан мамлекет 286 млн. сом зыян тарткан.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаттары Нурлан Сулайманов, Нариман Түлеев жана Камчыбек Ташиевге байланыштуу кылмыш иштери да кайрадан терегеле баштаганын билдирген эле. Андан сырткары энергетика министри Аскарбек Шадиев жана “Электр станциялар” АКсынын жетекчиси Аман Тентиевге каршы радиациялуу көмүр боюнча кылмыш иши козголгон.

Президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөш боюнча жардыгында депутат болобу, министр болобу - ууру болсо камакта отуруш керек деп билдирип, ал эмес банк уячаларын талап-тоноо, июнь коогалаңы жана башка чуулуу иштер тыкыр иликтениш керектигин жарыялаган. Бирок бул жардыктын ишке ашуусу өтө кыйындап калды. Ал кечээ күнү парламенттин добуш берүүсүндө даана көрүндү.

“Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулова бийликтегилер коррупциялык иштер боюнча бири-бири менен байланышып калган, ошондуктан коррупцияга каршы күрөштө натыйжа жок дейт:

- Бизде эң биринчи коррупционер мамлекеттин өзү болуп жатат. Мамлекеттин өзүнүн алган акчасы канча, кеткени канча? Эч ким билбейт. Эч ким эч кимге отчет бербейт. Анан кийин албетте... Баарынын арты булганыч. Бир да тазасы жок. Ошондуктан бири-бирин жоопко тарта албай отурушат.

Мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболов коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуу болбой жатышынын себебин мыйзамдардын тандалып колдонулушунан көрөт:

- Белчесинен баткан эбегейсиз көп коррупционерлердин ичинен алалап алып чыгып, эгерде бийликти мактап-жактап турса аны башынан сылап коюп, каяша айткандарынан сууруп чыгып, иш козгоп, мына ушундай алалаган жерде бул күрөштүн легитимдүүлүгү эч кандай күчкө ээ болбойт. Бул биринчиси. Экинчиден, ошол коррупция менен күрөшөбүз дегендердин өзү коррупцияга белчесинен баткан. Биз мына азыр депутаттарды “карга карганын көзүн чокубайт” деп күнөөлөшкө аракет кылып жатабыз. Ал эми прокуратуранын өзү кандай? Ал жакта депутаттардан беш эсе көп коррупцияга баткан.

Оппозиция талабы катаалдаша баштаарын билдирүүдө

31-мартта оппозиция Баткен шаарында митинг өткөрдү. Оппозициянын маалыматы боюнча, ага үч миңдей, милициянын маалыматы боюнча, миңге жетпеген киши катышты. Оппозиция лидерлери митинг уюштурууда жергиликтүү бийлик тоскоолдуктар жасады деп айыптады.

Митингге чейин өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов оппозиция лидерлери Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев менен жолугушуп, алардын талаптарын укту. Бирок оппозиция лидерлери сүйлөшүүлөрдөн натыйжа болбогонун билдирип чыгышты.

Баткендеги митинг, 31-март, 2012.
Баткендеги митинг, 31-март, 2012.
Адахан Мадумаров өкмөт 1-мартта Ош шаарында митингде коюлган талаптар аткарылган жок дейт:

- Талаптардын бирөөсү да аткарылган жок. Ошто, Караколдо, Токмокто шайлоо мыйзам чегинде өтүш керек дегенбиз. Бирок Караколдо да, Токмокто да ушул күнгө чейин маселе чечилбей келатканы белгилүү. Мына Ош шаарында болгон шайлоонун жыйынтыктары боюнча депутаттар ушул күнгө чейин колуна мандат ала элек. Менин катуу айткан сөзүм: бийлик элге карай эч качан дүлөй жана сокур болбош керек.

31-мартта Баткендеги митингде сөз сүйлөгөн Камчыбек Ташиев мурунку бийликтегилер элдин талаптарын укпагандыктан кызматтан куулганын эскерип, бул ирет да бийликке эки талап коюлуп жатканын билдирди:

- Мына бүгүн да бийликке болгону бир-эки талап коюп жатабыз. Элдин келечегин, жашоо-турмушун, социалдык-экономикалык абалын ойлобогон өкмөттү кызматтан кетир деген талапты коюп жатабыз. Андан сырткары бүгүнкү күндө мамлекетибизде саясий башаламандыкка алып келген системаны өзгөртүү үчүн кадам таштоону айтып жатабыз. Бирок президент бизди укпай жатат. Эгерде президент элим деп бизди укпай турган болсо, жакын арада биздин талаптарыбыз өзгөрөт. Ал талаптарыбыздын негизи - мамлекеттеги бардык бийликти алмаштыруу болот.

Камчыбек Ташиев өкмөт жетекчилигин күйүүчү майды кошуна өлкөгө контрабандалык жол менен ташууга тиешеси бар деп айыптады. Ошондой эле 7-апрелде Жалал-Абадда ири митинг уюштурулуп, анда талаптар катаалдаша баштаарын белгиледи.

Азербайжанда расмий сапар менен жүргөн президент Алмазбек Атамбаев оппозициянын митингисин кадырэсе көрүнүш катары баалап, бирок ыңкылаптардан эч кандай жакшы нерсе чыкпасын белгилеп кеткен.

Оппозициянын Баткендеги митинги киши чогултуу жагынан Оштогудай болгон жок. Саясий салмагы да ошого жараша болот. Эми Жалал-Абад, андан кийин Бишкекте убада кылынган митингдер кандай болоорун мезгил көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG