Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:40

Акун: Аскаровдун күнөөсү жок эле


Турсунбек Акун
Турсунбек Акун

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өмүр бою абакта калтырылышы боюнча акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” маек курду.

- Жогорку Сот укук коргоочу Азимжан Аскаровду өмүр бою абакта калтырышын сиз адилетсиз чечим катары сыпаттадыңыз. Эмнеге таянып минтип айтып жатасыз?

- Биринчиден, Базар-Коргондогу кандуу окуяларда каза болгон милиция кызматкеринин жубайы Чынара Бечеловага, анын артында калган балдарына кайгыруу менен көңүл айтам. Анткени алардын атасы, жолдошу Мыктыбек Сулайманов чыныгы баатыр, офицер болгон.

Азимжан Аскаров
Азимжан Аскаров
Июнь окуясы учурунда көп адамдардын чогулган жерине коркпой кирип барган. Абалды жөнгө салайын деп аракет кылып жатып, өзү курман болду. Ошондуктан булардын атасыз, жетим, жесир калып, ичи күйүп жатканын толук түшүнөм. Биз президенттин кайрылуусу жана өзүмдүн демилгем менен бул маселени текшерип келгенбиз. Бакыт Рыспеков аттуу жигитимди атайын топ менен жиберип, ошол абалды билип келдик.

Менин айтайын дегеним, так ушул окуя болгон күнү 14-июнда, ал жерде Азимжан Аскаров жок болуп жатпайбы. Ал бир жарым километр башка жакта жүргөн болот. Ал жерде башка адамдар өлтүрдү. Мен анын үй-бүлөсүн түшүнөм. Ар бир адамдын жакын адамы бар, күйүп жатышат.

Бирок өлтүргөндөр башка болуп жатпайбы. Азимжан Аскаровду эмне үчүн күнөлөп жатат? Анткени бул адам укук коргоочу катары көп жылдан бери так ошол Базар-Коргон районундагы коррупцияны, мафияны, болуп жаткан паракорчулуктун баарын бетин ачып келген.

- Азыр сотторго бийлик тарабынан мурдагыдай кысым жоктугу айтылууда. Анда эмне үчүн Жогорку Соттун судьялары Аскаров боюнча мурдагы чечимди күчүндө калтырууга кызыктар болду?

- Биринчиден, бул жерде мен судьяларды күнөөлөй алам. Судьялар өтө күнөлүү. Бирок бүт бардыгы тергөөгө жараша болот. Тергөө ушундай жүргүзүлүп, судьялар башка чечим чыгарууга акысы жок болуп калды.

Анткени тергөө органдарына Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү тарабынан так ушундай көрсөтмө берилген. Сөзсүз түрдө өзбек улутундагы Аскаровду күнөлөш керек болчу. Ошондуктан, тергөө өлтүргөнүн далилдейбиз деген материалдарды формалдуу түрдө берген да.

- Жогорку Cот ушул ишти кайра тергөөгө жибере алат беле? Мыйзам боюнча ушул мүмкүнбү?

Чынара Бечелова - жабырлануучу
Чынара Бечелова - жабырлануучу
- Мыйзам боюнча Жогорку Сот жибере албайт. Бул жерде мен атайын президент Отунбаевага кайрылгам. Бул жерде одоно катачылык кеткен да. Ошол кишиге кирип айткам. Бул жерде Азимбек Анаркуловичтин да чоң катасы бар.

“Эмне кылып жатасыңар? Укук коргоочуну бул жерге аралаштырбагыла. Өзбек улутундагылардын арасынан башка адамдар өлтүрдү”,-деп айткам. “Жок, ошол өлтүрдү”, - деп Бекназаров болбой койду. Отунбаева анын сөзүн угуп койду. Мына акыры эмне болду? Бүт дүйнөлүк коомчулуктун алдында уят болуп жатабыз.

- Бир катар эл аралык уюмдар Аскаровду колдоп чыгышкан. Кыргызстан бийлиги, сот бийлиги Азимжан Аскаровго берилген жогорку жазаны азайтуу менен өзүн адам укуктарын сыйлаган өлкө катары көрсөтсө болот беле?

- Мен эл аралык миссияны кабыл алып жатам. Мына саат он бирде мен азыр кабыл алам. Дүйнөлүк коомчулуктан президентке, мага көптөгөн юристтер келип жатат. Канча дүйнөлүк уюмдар кайрылды. Жок дегенде, ылдыйлатып койсо болот эле да.

Биз дүйнөлүк коомчулуктун пикирин эске алган жокпуз. Уруп ойногон жокпуз да. Бизге баары бир. Биз азыр Азимжан Аскаров боюнча Түндүк Корея, Кубага окшоп калып жатабыз. Анда биз дүйнөлүк коомчулуктун чечимдерин, конвенциялардын баарын эмнеге ратификация кылдык. Биз уят болдук да.

- Сиз жазаны ылдыйлатып койсо болмок дедиңиз. Андай болсо, мыйзам үстөмдүгү эмне болот? Соттор мыйзам чегинде гана чечим чыкканын айтып жатпайбы?

- Бул жерде мен айла жоктон айтып жатам. Азимжан Аскаровдун бир дагы күнөсү жок. Азайтуу эмес, бир күнгө отурганга, бир айга камаганга күнөөсү жок. Мен күйгөнүмөн айтып жатам.

XS
SM
MD
LG