Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:42

Улуттук баяндамага укук коргоочулардын ичи чыкпай турат


Укук коргоочулар баяндамада июнь окуясынан кийин кармалып кыйноого салынгандар тууралуу, өзгөчө укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча фактылар көмүскөдө калганын айтууда.
Укук коргоочулар баяндамада июнь окуясынан кийин кармалып кыйноого салынгандар тууралуу, өзгөчө укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча фактылар көмүскөдө калганын айтууда.

Кыргызстан тышкы иштер министрлиги адам укуктарын коргоо жаатында улуттук баяндаманы эл аралык коомчулукка жарыялаганы жатат.

Укук коргоочулар болсо былтыркы июнь окуясынан кийинки фактылар көмүскөдө калган деп сындашууда.

Төрт багыттагы баяндама

Адам укуктары боюнча улуттук баяндама төрт багытта даярдалган. Биринчиси, жарандык жана саясий укуктары жөнүндөгү эл аралык пакт боюнча. Экинчиси, экономикалык-социалдык-маданий укуктар, үчүнчү - кыйноолорго каршы күрөшүү жана төртүнчүсү, расалык дискриминацияны жоюу боюнча эл аралык конвенциянын аткарылышы боюнча баяндалат.

Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар департаментинин өкүлү Нуран Ниязалиевдин айтымында, баяндама Бириккен Улуттар Уюмунун атайын комитеттерине жөнөтүлөт. Андан соң Кыргызстандагы абалга баа берилет. Бул Кыргызстандын соңку он жыл ичиндеги кеңири отчету болмокчу.

- Докладды тапшыруу менен Кыргызстан адам укуктарын коргоо иштеринин кандай жүргүзүп жатканын көрсөтөт. Ар бир конвенциянын өзүнүнүн талаптары бар, ошого Кыргызстан жооп бериши керек. Докладды даярдоодо мүмкүн болушунча объективдүү болуп, жалпы абалды көрсөтүүгө аракет кылдык. Ал мамлекет тарабынан даярдалып жаткандан кийин, жарандык коомдун өкүлдөрүн да жардамга чакырдык. Ошондуктан бул баяндама ачык даярдалды. Жакшы жактарын да, кемчиликтерди да көрсөтүп бердик.

Анткен менен укук коргоочулар өлкөдөгү адам укуктары жаатындагы чыныгы кырдаал айтылбай калганын белгилешүүдө. “Эркиндик үнү” укук коргоо борборунун жетекчиси Сардар Багышбековдун байкоосунда, 40 барактан турган баяндама мыйзамдарды санап берүү менен гана чектелген. Анда соңку он жыл ичиндеги адам укуктарынын сакталышы же бузулушу туурасында эчендеген фактылар, статистика, келип түшкөн арыздар көрсөтүлгөн эмес.

- Доклад менен таанышып чыктык. Ал доклад деле эмес, мыйзамдардын эле тизмеги болуп, толук маалымат берилбей калган. Башкы прокуратуранын имараты күйүп кетип, көп маалымат жок дешет. Маалыматты ИИМде, сот департаментинен деле тапса болот. Мамлекеттин баяндамасына кирбеген маалыматтар ачыкка чыкпай калат деген туура эмес. Биз айтпасак деле бир топ абройлуу деген эл аралык уюмдар өздөрүнүн көз карандысыз пикирлерин билдиришет.

Ал арада Башкы прокуратура 22-августта 2011-жылдын 7 айында кыйноолор боюнча 34 кылмыш иши козголгонун жарыялады. Ал эми укук коргоо уюмдарына кыйноо боюнча 2009-жылдын август айынан ушул күнгө чейин 243 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 2010-жылы 34 кылмыш иш козголгон. Багышбеков булардын бардыгы адам укуктары багытындагы реалдуу көрүнүштү чагылдырбайт деп эсептейт.

Кыйноо фактылары көмүскөдө калганбы?

Ал эми “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова баяндамада экономикалык-социалдык жана маданий укуктар туурасында маалымат абдан чабал берилген деген ойдо. Укук коргоочу ошондой эле июнь окуясынан кийин кармалып кыйноого салынгандар, адвокаттарга кысымдар туурасында фактылар көмүскөдө калганын айтат:

- Расалык дискриминация боюнча дагы эч нерсе айтылган эмес. Былтыркы июнь окуясынан кийин да адам укуктары кандай сакталгандыгы тууралуу айтылбапыр. Айрыкча экономикалык-социалдык укук жөнүндөгү пакт менен улуттар аралык мамилелер туурасында эч нерсе жазылбагандай эле болуп калыптыр. Мисалы укук коргоочу Азимжан Аскаров туурасында эч нерсе жазылбаптыр. Ал жөнүндө суроо болбой койбойт. Өлтүрүлгөн журналисттер, сөз эркиндиги, эркин жыйындарга болгон укуктар, июнь окуясынын кийин сот кандай жүрүп жатат, адвокттардын сабалганы туурасында Кыргызстандан барган делегациядан сөзсүз сурашат. Бул докладда жазылбаганы аз келгенсип, жакшы даяр болбой барса өздөрү уят болуп калышат.

Министрликтин өкүлү Нуран Ниязалиевдин айтымында, учурда жергиилктүү укук коргоочулардын берген сунуштары каралууда. Ал арада укук коргоочулар өздөрүнүн альтернативдүү докладын даярдап жатат.

Улуттар Уюму баш болгон эл аралык уюмдар адам укуктарын сактоо боюнча Кыргызстандын аракетин колдоодон кайра тартпайт тургандыгын, бирок 2010-жылдагы апрель-июнь окуяларынан кийин адам укуктарын камсыздоодо чечилбеген маселелер арбын экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG