Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:51

Президент өлкөнүн “жол картасын” жарыялады


Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын "Русгидро" ишканасынын президенти Евгений Дод экөө Нарындагы ГЭС курулчу жерлерди тик учак менен карап жүрөт. 27-октябрь, 2012-жыл.
Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын "Русгидро" ишканасынын президенти Евгений Дод экөө Нарындагы ГЭС курулчу жерлерди тик учак менен карап жүрөт. 27-октябрь, 2012-жыл.

Экономикалык өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин алгачкы жыйынында президент өлкөнүн 5 жылдык “жол картасын” сунуштады.

2013-2017-жылдарга белгиленген бул стратегияда ички дүң жыйымды эки эсе көтөрүү, 350 миң кошумча жумушчу ордун түзүү, орточо айлык акыны 26 миң сомго жеткирүү каралган. Ошондой эле президент жаңы тышкы саясат, демократиялык ачык коом куруу тууралуу да сөз кылды.

“Жол картадагы” долбоорлор

Президент Алмазбек Атамбаев 24-ноябрда экономиканы туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүү жардыгына кол койгон. Улуттук кеңештин 7-декабрда өткөн алгачкы отурумунда президент беш жылга белгиленген өлкөнүн стратегиясын коомчулукка сунуштап, аны эмне үчүн өкмөт эмес, өзү түзүп жана алып чыгып жатканын мындайча түшүндүрдү.

- Бүгүнкү күндө парламентте партиялардын кызыкчылыктары эске алынып, ошол кызыкчылыктардын негизинде келишим түзүлүп, андан кийин өкмөт куралып жатат. Ушундан улам ачык эле айталы, өкмөттө стратегиялык документтерди өз алдынча иштеп чыгууга шарт түзүлбөй калып жатат.

Жүздөн ашык беттен турган Атамбаев сунуштаган "жол картанын" долбоору эки бөлүмгө бөлүнгөн. Биринчи бөлүмү өлкөдөгү азыркы абалды татаал деп сүрөттөө менен башталып, беш жыл аралыгында мыйзамдуулукту, туруктуулукту, мамлекеттин бекемдигин сактоо, адилет шайлоолорду уюштуруу, улуттук жана аскердик коопсуздук, жаңы тышкы саясат, улут жана дин аралык мамилелер, ошондой эле өнүккөн социалдык саясатты ишке ашыруу жана сот, укук коргоо органдарындагы реформалар камтылган.

Экинчи бөлүмдө болсо, экономикалык пограммалар, аларды ишке ашыруу жана ири долбоорлор тууралуу сөз болот.

Маселен, жалпы суммасы 412 млн. доллар болгон айыл-чарба тармагындагы жыйырмадан ашык долбоорлорду ишке ашыруу планы бар. Ал эми энергетикалык багыттагы иштерде “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы линиясын жана көмөкчү чордондорун куруу, Жогорку Нарын ГЭСин куруу сыяктуу ири долбоорлор камтылган.

Бул үчүн коротулчу каражаттын көлөмү 5 млрд. долларды түзмөкчү. Ал эми транспорт жана коммуникация тармагындагы долбоорлорго 900 млн. доллар каралып, негизинен темир жана автожолдорду куруу белгиленген.

Президент күткөн жыйынтык

Президент беш жылдын ичинде аткарылчу иштердин жыйынтыгына мындайча токтолду:

- Беш жылдын ичинде ички дүң жыйым эки эсе жогорулап, ар бир жанга эсептегенде ал 1 миң 200 доллардан 2017-жылы 2 миң 500 долларга чыгышы керек. Көздөлгөн максаттар ишке аша турган болсо, ички дүң жыйым жылына аз дегенде 7 пайыздан өсүп отуруп, 2017-жылы 630 млрд. сомду түзөт. Беш жылда кошумча 350 миңден ашык жумушчу орун түзүлүп, ар бир үйдө кеминде 1 ден адам иштей турган болот. Кагаз жүзүндө эмес, а чыныгы иштер жүрүп, жумушсуздук 37 пайыздан 25 пайызга кыскарат. Ал эми орточо айлык акы 26 миң сомду түзөт.

Аталган стратегиялык долбоорлорду каржылоо булактары катары кыргыз өкмөтүнүн каражаттары, бирок негизинен Орусиядан, Кытайдан, Түркиядан, АКШдан, Дүйнөлүк Банктан, Азия өнүктүрүү банкынан, Ислам өнүктүрүү банкынан жана башка мамлекет, эл аралык уюмдардан келчү каражаттар көрсөтүлгөн.

Экономикалык өнүгүүгө артыкчылык берилерин айткан президент Алмазбек Атамбаев туруктуу саясий система, мамлекеттик башкаруу түзүлөөрү жана жеке адамдын, ошондой эле коомдун өнүгүшүндөгү артыкчылыктарды белгиледи.

- Биздин негизги максатыбыз - иштейм деген ар бир жаранды жумуш менен камсыз кылуу. Ишкерлер менен инвесторлорго бейиштин төрүндөй болгон шарт түзүү, улутуна, динине, уруусуна бөлбөй, ар бир жаранга тең укук берген, ар бирибиз сыймыктанган күчтүү, өнүккөн Кыргызстанды куруу.

Коомчулуктун талкуусуна коюлган өлкөнүн жол картасы 2 жумадан кийин улуттук кеңештин экинчи жыйынында кабыл алынмакчы. Президент өлкөнүн жол картасын беш жылга белгилеп жатканы да бекеринен эмес. Анткен былтыр президент болуп шайланган Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү беш жылдан соң аяктайт.

Экономикалык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамында спикер, өкмөт башчы, Жогорку Соттун төрайымы, президенттин аппарат башчысы, Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери, бир катар өкмөт мүчөлөрү, мындан тышкары ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү да бар.

Ал эми Улуттук кеңештин мүчөсү, Кыргызстан эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Актилек Түнкатаров “Азаттыкка" “жол карта” тууралуу ой бөлүштү.
Маекти толугу менен бул жерден угуңуз

XS
SM
MD
LG