Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Алмазбек Атамбаевдин бир жылы


Алмазбек Атамбаевдин ант кармап, президенттик кызматка киришкенине 1-декабрда бир жыл болду.

Кыргызстандын 4-мамлекет башчысы ыймандуу бийлик түптөөрүн, коррупцияны токтотуп, ири энергетикалык жана жол катнаш долбоорлорду ишке ашырарын билдирген эле.

Тышкы саясатта негизги өнөктөш деп Орусияга таянаарын, АКШнын Бишкектеги аскерий базасын чыгараарын жарыялаган.

Бир жыл мурда президент Алмазбек Атамбаев ант берип жатып, эл-жеринин көз карандысыздыгын камсыз кылуу өзүнүн түпкү максаты экенин баса белгилеген. Айрыкча анын “тизелеп, кул болбойбуз” дегени талкуу жараткан.

Ырасында ресурсу чектелүү өлкөнүн айрыкча экономикалык жактан толук көз карандысыздыкка жетиши али күмөндүү. Алдыда Атамбаевдин дагы беш жылдык мөөнөтү бар, мына ошол аралыкта Кыргызстандын көз карандысыздыгына канчалык жол чабылганына күбө болоорбуз.

Ишке ашпай жаткан максаттар

Ал ортодо Кыргызстанда бийликтердин өз ара теңсалмагына жетишилдиби, же мурдагы күү боюнча эле бир кишинин көзүн карамай өкүм сүрүүдөбү деген суроо пайда болду.

Маселен, талдоочу Закир Чотаев бир жыл ичинде бийлик бир колго топтоло баштагандай таасир калып жатканын белгилейт:

- Азыр президент 2010-жылы башталган реформаларды канчалык ишке ашыра алат, ага башка саясий күчтөр канчалык деңгээлде ишенет деген негизги маселе бар. Коррупция менен күрөш, реформаларды ишке ашыруу бийликтин бир колго топтолушуна, президенттин ыйгарым укуктарынын күчөшүнө алып келбейби деген суроо турат. Мисалы, тышкы саясат тууралуу мыйзам кабыл алынды. Анда президент тышкы саясатта маанилүү фигура болуп калды. Бул парламенттик башкарууга анча деле төп келе бербейт. Парламенттик системада тышкы саясатты премьер-министр аныктайт. Президенттин мурунку аппарат башчысы азыр өкмөт башчы. Ушундан улам жаңы өкмөт президентке баш ийген техникалык гана өкмөт болуп калды деп айтылып жатат. Ошондуктан азыр биздин президент каякка баратканыбызды, эмнени жылдырып жатканыбызды аныктаганы оң.

Серепчи Эмил Жураев Кыргызстандын келечеги үчүн саясий күчтөрдүн бир максатка баш койгону байкалбай жатканына көңүл бурат:

- Бир жылдын ичинде бир топ нерселер болду. Ар бир чоң аракетке жүйөлүү сын да айтылды. Анын баарына президент көңүл буруп, кулак салса жакшы болот. Бир мисал: ал ишке киришип жатканда “баарыбыз бирге иштешели” деп ошол кездеги оппозицияга кол сунуп чакырган болчу. Менимче ушул жагы аксап турат. Кечээки эле шайлоо, андан мурунку жаңы коалиция түзүү аракеттери саясий күрөш, бири-бири менен келишпестик мамилелер акыркы кезде үстөмдүк кыла баштаганын көрсөттү. Эгер ушундай нукта кетсе, коррупцияга каршы күрөш дегени оппозицияга каршы күрөш катары кабыл алына берет.

2010-жылы келген бийлик парламенттик демократия орнотууну негизги максат койгон эле. Былтыр Атамбаев бул максаттан такыр тайбай турганын тастыктаган. Жакында өткөн Бишкек шаардык кеңешке шайлоого келгенде президент Кыргызстанга парламенттик башкаруу гана төп келээрин дагы бир сыйра бышыктап, дарегине сындар жаап жаткан азыркы Жогорку Кеңешти таратууга каршы экенин белгиледи.

- Мен деле мурункулардай болсом, бийликти басып алат элем, үй-бүлөмдү багып... Парламент жаманбы, жакшыбы, өзүнүн мөөнөтү бүткүчө иштеши керек. Конституция жаманбы, жакшыбы, тийбей туруш керек. Бир топ кишилер, саясатчылар парламентти тараталы, жаңы шайлоого баралы деп атышат. Анда деле ушундай эле парламент келет. Мына эмки шайлоого чейин 2,5 жарым жыл калды. Ага чейин эл өзгөрөт. Ага чейин саясатчылар да өзгөрөт. Парламентке барсам деле ууру болсом камалат экем деп керек болсо шайлоого барбайт. Ошондуктан сабырдын түбү сары алтын, күтүш керек. Мындар ары бардыгы мыйзамдын чегинде болушу керек.

Атамбаевдин бир жыл мурдагы программасынын өзөгүн коррупцияны ооздуктоо түзгөн болчу. Талдоочу Эркайым Мамбеталиеванын оюнча, Атамбаев бул убадасын кандайдыр бир деңгээлде аткара баштады. Бирок мурда боло келгендей, аягына чыкпай калбас бекен деген суроо дагы эле турат – деди Мамбеталиева:

- Буга чейинки эки президенттин тушунда “коррупция” деген берене менен кармалган чиновник албетте болгон эмес. Ошондуктан иш башталды деп айтса болот. Бирок ошол иш канчалык жогорку деңгээлде өткөрүлөт - муну убакыт көрсөтөт болуш керек. Бирок бул жерде коррупцияны алдын алуу деген күчтүү да механизм бар. Бул иш азырынча өз деңгээлинде жүргүзүлө элек. Себеби Кыргызстанда бул иш мурун тажрыйбаланган эмес. Стратегия деле иштелип чыккан эмес.

Куугунтук жок, таарыныч бар

Атамбаевдин экономикалык программаларына кайрылсак, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун салуу иши дагы эле башталбай турат. Бирок Орусия менен Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарында ГЭС каскаддарын куруу боюнча азырынча келишим түрүндө жылыштар бар. Эксперт Эмил Жураев ири долбоорлорго чейин Кыргызстан бюджети тартыштыкты башынан өткөрүп жатканын атады:

- Орусия менен энергетика долбоорлордун пайдасы барбы, же көптөгөн ресурстарбызды колдон чыгарып жибердикпи деген деталдарды талдаган эксперттерибиз аз болуп жатат. Акыркы эки жылдан бери бюджетибиз өтө таңкыстыкта. Өнүгүү долбоорлоруна эмес, бюджетти каржылаганга акча табылбай жатат. Бюджетке жардам бергиле деп тигил мамлекетке кайрылыптыр, бул мамлекетке кайрылыптыр деп окуп эле жатабыз. Бул мурдагыдай эле жагымсыз көрүнүштөрдүн кайталанышы. Жакшы ойлорду кыстаган турмуш жеңип жатат. Экономикалык катуу анализ, катуу тартип менен иштегенде гана андай чоң убадалар ишке ашышы мүмкүн.

Серепчилер президенттин бир жылдык башкаруусунда сөз жана басма сөз эркиндигине кысым жасалбаганын белгилешет. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевдун пикиринде, президент айрым бир маалымат каражаттарга теңелген жок, бирок таарынычын эл алдында билдиргенинин кесепети тийиши мүмкүн. Ошондой эле акталбай калган үмүт да бар:

- Бийликтин журналисттерге карата коркутуп-үркүтүүлөрү, сес көрсөтүүсү байкалган жок. Бирок ошол эле кезде бул бийликтен көп нерсени күткөн элек. Алар да тилекке каршы ишке ашкан жок. Мисалы, белгилүү болгон журналисттик ишмердигине байланышы бар болушу мүмкүн деген кылмыш иштери такыр ачыла элек. Бирок президент биздин гезиттерге таарынычын айтып алды. Эгер чын эле сөз эркиндигин урматтаган журт башы болсо, ушундай таарынычын эл-журттун алдында айтпай эле койсо болмок. Анткени эл-журттун алдында айтса, жанындагы “бөрк ал десе баш алган” нөөкөрлөрү президенттин маанайын тескери түшүнүп, ММКга каршы кысымдарды жасашы мүмкүн.

4-мамлекет башчынын тушунда саясий оппозицияга куугунтук барбы же жокпу деген суроого так жооп жоктой. Бир жагынан 4 депутаттын камалышын азыркы оппозиция куугунтук катары баалап жатат. Президенттин командасы болсо алар кылмыш аракеттери үчүн камалганын айтууда.

Алмазбек Атамбаев бир жылда Орусияга, Түркияга, Кытайга, коңшу Казакстанга каттады. Анын Орусиядагы бир катар билдирүүлөрү, атап айтканда "Орусиянын атактуу инсандарынын түпкү теги түрк болгон, Орусиянын Сибир жана Алтай сыяктуу кең мейкиндиктеринде кыргыздар байырдаган" деген сөздөрү чоң талкууларды жаратты.

Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 2017-жылы аяктайт. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, ал бул кызматта бир гана мөөнөт иштей алат.

XS
SM
MD
LG