Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:10

Чек араны бузган кытай жарандары кармалды


7-январда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Эшме аймагынан кыргыз-кытай чек арасын мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган үч адам кармалды.

Алардын экөө кытайлык кыргыз тектүү жигиттер болсо, бири уйгур улутундагы адам. Кармалгандардын айтымында, алар Кытайдагы кысымдан улам Кыргызстанга качып өтүүгө аракет кылышкан. Алдын ала маалыматтарда алар Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагына караштуу Ак-Чий ооданынын тургундары экени айтылууда.

Кармалган үч кытай жаранынын жанында өздүгүн тастыктаган документтери болгон эмес. Алардын жанынан 6 даана бычак, ошол аймактардын картасы, 369 кытай акчасы жана дары-дармек, азык-түлүк табылган. Каракол шаарынын 2028-аскер бөлүгүнүн командири Руслан Закиров кармалгандар жөнүндө буларды айтты:

- Сурак кыргыз тилинде жүрүп жатат. Булардын өздүк документтери жок экени аныкталды. Алардын сөзү боюнча Кытай Эл республикасынын Ак-Чий аймагына караштуу Жаман-Суу кыштагынын тургундары болушкан. Буларга Кытайда кысым көрсөтүлүп жаткандыктан Кыргызстанга өтүүгө мажбур болушканын айтышууда.

Карай-Сай чек ара бекети
Карай-Сай чек ара бекети

Чек араны бузуп өтүп кармалгандар Жети-Өгүз районуна караштуу “Кара-Сай” чек ара заставасында кармалып турат. Алардын кыргыз чек арасына басып келген изи менен келген маршруттарын изилдөө иштери жүрүп жатат.

- Учурда булар “Кара-Сай” чек ара бөлүмүндө. Тергөө иштери бүткөн соң Ысык-Көл облустук Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүп беребиз. Бул боюнча Кытай чек арачыларына маалымат жөнөтүлдү, алар да өзүнө тиешелүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Белгилей кетсек, кыргыз-кытай чек арасын бузуу фактысы бир жыл ичинде экинчи ирет кайталанып жатат. Буга чейин да Жети-Өгүз районунун аймагынан кыргыз-кытай чек арасын 11 киши бузуп өткөн. Былтыр 23-январь күнү таңга жуук Жети-Өгүздөгү "Ак-Шыйрак" чек ара тилкесине жакын Пикертык аймагында белгисиз кылмыштуу топ аңчылык чарбасынын башчысы Александр Барыкинди мууздап кеткен. Барыкин Ысык-Көл облустук мергенчилер коомун жетектеп турган. Алар чек арачылардын колго түшүп берүү талабына көнбөй, куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн ошол жерде атышууда жок кылынган болчу.

Чек арачылардын айтымында, кечээ кармалган үч кытай жараны бул окуя тууралуу маалым болгондуктанбы, же башка себептерден уламбы, каршылык көрсөтпөй, чек арачылардын колуна түшүп беришкен.

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

Атайын кызматтардын ардагери Артур Медетбеков кыргыз-кытай чек арасындагы бул көрүнүш адатка айланып баратканын белгилейт.

- Кытайдын үч жаранынын кармалышы Ысык-Көл аймагында чек арадан мыйзамсыз өтүү аракети экинчи жолу болуп жатканын билдирет. Бул өзүнчө өнөкөт болуп калды. Бирок, менимче, бул билинип, кармалгандары. Буга чейин кайсы бир кыргыз жарандарынын жардамы менен чек арадан билинбей өтүп кеткен кытай жарандары болушу мүмкүн. Ал эми бул тоолуу аймак болгондуктан, алар бычак алып жүрүүсүнө жаныбарлардан коргонуу себеп болушу мүмкүн. Бул Кытай жарандары өздөрүнүн мамлекетинде кандайдыр бир кылмыш жасап, же куугунтукта жүргөндүктөн да качып чыгып, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө мажбур болушу мүмкүн.

Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, учурда бул боюнча Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги биргеликте ыкчам териштирүү иштерин баштап, кыргыз-кытай чек арасындагы “Кара-Сай” чек ара бекетинин өздүк курамы күчөтүлгөн кайтарууга өттү.

  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG