Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:05

Чек арачыларга багышталган купуя кат


Кыргыз-кытай чек арасындагы кыргыз чек арачыларынын кароолу, Ысык-Көл областы. 6-сентябрь, 2012.
Кыргыз-кытай чек арасындагы кыргыз чек арачыларынын кароолу, Ысык-Көл областы. 6-сентябрь, 2012.

Кыргыз-кытай чек арасын бузуп өтүп, кыргыз жаранына кол салганына байланыштуу жок кылынган уйгур тектүү 11 адамдын өлүмү үчүн кыргыз чек арачыларынан өч алуу тууралуу кат түштү.

Кат “Чыгыш Түркстан ислам кыймылы” деп аталган кыймылдан Кыргызстандагы Vesti.kg маалымат порталына электрондук почта аркылуу жиберилген. Расмий органдар бул каттын Кытайдагы уйгурлар жашаган Хотан шаарынан жиберилгенин тастыктады.

Купуя кат кун көздөйбү?

Vesti.kg маалымат порталына бул электрондук кат 1-февралда келип түшкөн. Анда орус жана англис тилдеринде “Кыргыз чек арачыларына. Жакында өч алабыз.11 үчүн 11” деген сөздөр жазылган. Каттын ээси катары Чыгыш Түркстан ислам кыймылынын кыскартылган аты жазылган.

Порталдын кабарчысы Мария Озмител бул кат 23-январдагы кыргыз-кытай чек арасындагы окуяга байланышы бар деп болжолдоп жатышканын билдирди:

- Биз аны кыргыз-кытай чек арасындагы окуяга байланыштуу деп ойлоп жатабыз. Ал тууралуу дароо коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытовго кабарладык. Күч органдары бул боюнча иликтеп, корутундусун чыгарат болуш керек. Эмне үчүн бизге жиберилгенин билбейбиз. Аталган уюмдан андан башка кат келген жок.

23-январда Жети-Өгүздө Ак-Шыйрак аймагындагы чек арадан кирип келген куралдуу топтун 11 мүчөсү атып өлтүрүлгөн эле. Алар чек арадан мыйзамсыз өтүп, жергиликтүү мергенчи Александр Барыкинди мыкаачылык менен өлтүрүп, чек арачыларга куралдуу каршылык көрсөткөнү үчүн жок кылынганы айтылган. Расмий органдар буларды Кытайдын Турпан ооданына караштуу Ушу деген шаарчасынан ашып келген уйгур тектүү сепаратисттер болушу мүмкүн деп жарыялаган болчу.

Маалымат порталдын кайрылуусунан соң бул каттын чоо-жайын текшерилгенин вице-премьер-министр Токон Мамытов “Азаттыкка” тастыктады. Мамытовдун айтымында, териштирүүнүн жыйынтыгында купуя каттын дайыны Кытайдагы Хотан шаарынан чыккан:

- Vesti.kg маалымат порталына келип түшкөн кат боюнча кабардарбыз. Ал боюнча күч органдары териштирүү иштерин жүргүзгөндө ошол каттын келген адреси дайын болду. Ага ылайык, кат Кытайдын Шиңжаң Уйгур автономиялык аймагындагы Хотан шаарындагы IP адрестен жиберилген экен. Учурда да бул боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Токон Мамытов да аталган кат кыргыз-кытай чек арасындагы окуяга байланыштуу болушу мүмкүн экенин четке какпайт.

Эмне үчүн Vesti.kg?

Жогорудагыдай версияга Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары орун басары Артур Медетбеков да кошулат:

- Мындай кыймылдын бар экени, ишмердүүлүк жүргүзөөрү эч кимге жашыруун эмес. Буга чейин уйгурча “Шарки Озодлиг Түркистан” деген уюм Чыгыш Түркстан Ислам кыймылынын курамына кирген. Буга чейин алар Кыргызстандагы уйгур диаспорасынын лидерин, Кытай элчилигинин вице-консулун өлтүрүүгө тиешеси бар экени аныкталган болчу. Мындан сырткары 2002-жылы “Дордой” базарындагы жардырууну уюштурууга тиешеси бар деп ушул уюмдун мүчөлөрү кармалган. Ошондуктан кат жиберип кыр көрсөтүшү деле толук мүмкүн.

Ошол эле учурда өлкөдө анча белгилүү эмес маалымат порталына келген кат канчалык деңгээлде чындыкка жакын деп күмөн санагандар арбын. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов бул катты эмнеге башка маалымат каражаттарына жиберилбей дал ушул Vesti.kg порталына жиберилгенине таң:

- Эми кат жиберсе аны Жогорку Кеңеш же Чек ара кызматы сыяктуу башка бийлик органдарына жибермек да. Баарынын электрондук почтасы бар. Аны Vesti.kg сайтына жибергени да күмөндүү болуп жатат. Ал Орусияга ыктаган, анча деле белгилүү эмес маалымат каражаты экенин белгилүү да. Бул жөн эле ойлоп табылган идеологиялык шантажбы деп жатам.

Ал эми Vesti.kg өкүлдөрү мындай кат келишин редакциянын электрондук почтасы сайтта ачык көрсөтүлгөндөн улам болушу мүмкүн деп түшүндүрүүдө.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG