Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:23

Милиция кызматкерлери кыйноого шектелүүдө


Мирбек Тешебаев кыйноого кабылгандан кийин. (Сүрөт "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунан алынды)
Мирбек Тешебаев кыйноого кабылгандан кийин. (Сүрөт "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунан алынды)

Башкы прокуратура Мирбек Тешебаевди кыйнады делген Ош облустук ички иштер башкармалыгынын бир катар кызматкерлерине 4 берене боюнча кылмыш ишин козгоду.

Милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылган Мирбек Тешебаевдин арызы боюнча кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Санжар Абжалиев “Азаттыкка” тастыктады.

- Башкы прокуратура тарабынан Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Учурда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кыйноо, пара талап кылуу жана адамды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактылары боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул боюнча прокуратурага 18-ноябрда бир тууган Тешебаевдер кайрылган.

Баса белгилей кетчү жагдай, буга чейин Ички иштер министрлиги бул фактыны укук коргоочулардын пиар-акциясы деп атап, жокко чыгарып келген. ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов милиция кызматкерлерин айыптоого али эрте экенин айтууда.

- Кылмыш ишинин козголушу алардын күнөөлүү экенин далилдебейт. Ал эми алардын күнөөсү бар-жогун сот гана аныктайт. Ага чейин милицияны бир тараптуу каралай берген туура эмес.

Башкы прокуратуранын маалыматына таянсак, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Тешебаевди 4,5 млн. доллар уурдаган каракчылыкка шектүү адам катары кармап, кылмыш ишин мойнуна алдыруу максатында кыйнашкан жана аталган ишти жабуу үчүн 5 миң доллар талап кылышкан. Милициянын кыйноосуна чыдабаган Тешебаев өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылып асынып алган.

Бишкекте ооруканада жаткан Мирбек Тешебаевдин абалы оор экенин анын адвокаты Динара Медетова билдирди.

- Тешебаев азыр ооруканада. Абалы өтө оор болгондуктан сүйлөй албайт. Опер кызматкерлер сабаган, психологиялык басым жасап, ар кандай нерселерди айтып коркутушкан. Ошонун негизинде Мирбек Тешебаев өзүн-өзү асканга мажбур болгон.
Кыйноонун түрү өзгөрдү десек болот. Маселен, жаранды милиция бөлүмүнө чейин эле сабап, тиешелүү көрсөтмөлөрдү алып, керектүү жерлерге кол койдуртуп алышат.
Бакыт Рысбеков

Кыйноо фактысы боюнча алгач 18-ноябрда “Кылым шамы” укуктук борборуна Мирбек Тешебаевдин досу Фархат Юлбасаров арыз менен кайрылган. Аталган борбордун жетекчиси Азиза Абдрасулова милиция кызматкерлеринен Фархат да таяк жегенин, кыйноо Суусамырдан эле башталганын ачыкка чыгарды. Ал Мирбектин өзү муунганынан да күмөн санайт.

- Милиция кызматкерлери Мирбекти Оштон Бишкекке алып келатып Суусамырдан жарым жылаңач кылып сабап, “ооба, акчаны мен алгам" деген түшүнүк кат жаздырып алышкан. Кийин Бишкектеги “Жалал-Абад” кафесинин жанындагы бир үйгө алып келишип, Фархат менен Мирбекти эки башка бөлмөдө сабашкан. Алардын башына желим баштыктарды кийгизип, денесине тамеки басышкан.

Абдирасулова тергөөнүн калыс өтөрүнө ишенбейт. Анткени милиция кызматкерлери жабырлануучунун агасына чалып, “арыз жазбайм дебедиң беле” деп коркутушкан.

- Жок дегенде Бишкектин прокуратурасы Ош менен биргеликте иштешсе болмок. Эми бул ишти Ошко тапшырып коюшуптур. Ош прокуратурасы ишти аягына чыгарат дегенге ишенбейм. Анткени баары эле чогуу жүрүшкөн, бири-бирин тааныйт. Чай ичишет десек да болот.

Кыргызстанда кыйноонун формасы өзгөрдү. Мындай оюн кыйноолордун алдын алуу борборунун башчысы Бакыт Рысбеков ортого салды.

- Кыйноонун түрү өзгөрдү десек болот. Мурда кыйноолор ички иштер бөлүмүндө же ага жакын аймакта болгон болсо азыр милиция кызматкерлери ошого чейин эле өз ишин бүтүрүп жатат. Маселен жаранды милиция бөлүмүнө чейин эле сабап, тиешелүү көрсөтмөлөрдү алып, керектүү жерлерге кол койдуртуп алышат.

Прокуратуранын маалыматында, 2013-жылдын тогуз айында кыйноолор боюнча 208 кайрылуу катталган. Алардын 11и боюнча кылмыш иши козголуп, 8и сотко өтсө, 2 кылмыш иши тергөөдө. Кыйноолор тууралуу кайрылуу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31 пайызга азайган. Деген менен милициянын кыйноолорунун баары эле ачыкка чыга бербейт. Укук коргоочулардын айтымында, жарандар сотко ишенбегендиктен кыйноо фактылары боюнча арызданышпайт жана болгон окуяны милициядан коркуп жашырганга аракет кылышат.

XS
SM
MD
LG