Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Мигранттар орус тилинен университеттерде сынак тапшырат


Орус тилинен экзамен тапшырып жаткан мигранттар. Архив.
Орус тилинен экзамен тапшырып жаткан мигранттар. Архив.

Орусиянын Билим берүү жана илим министрлиги чет элдиктерден сынак алууга укугу бар 12 университеттин баары коммерциялык өнөктөштөр менен келишимин токтотконун кабарлады. Маалыматка караганда, мындан ары коммерциялык аянтчаларда билим берүү уюмдарынын атынан сынак кабыл алынбайт.

Министрлик тараткан маалыматта чет элдик жарандар үчүн орус тилинен экзамендерди бир гана жогорку окуу жайлар жана башка мамлекеттик же муниципалдык уюмдар гана өткөрөрү айтылат.

"Бул чаралардын баары чет өлкөлүк жарандар үчүн уюштурулган экзамендердин сапатына көзөмөлдү күчөтөт. Мен ректорлорго билимди текшерүү процедурасынын өзүн уюштурууга да, сертификаттарды берүүгө да өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын эскертем", - деди Орусиянын билим берүү жана илим министринин орун басары Константин Могилевский.

Москванын жанындагы "Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин Орусия мигранттарды жана алар менен иштеген ар кандай структураларды текшерүүнү күчөттү. Натыйжада Пушкин атындагы Орус тил институтунун ректору Наталья Трухановская кызматынан алынды.

Билим берүү жана илим министрлиги аталган институт мигранттар үчүн орус тилинен, орус тарыхынан жана орус мыйзамдарынын негиздеринен экзамендердин өтүшүн көзөмөлдөгөн эмес деп билдирген. Окуу жайдын жамааты ректордун кызматтан алынышын "рейдерлик басып алуу" деп атап, жаңы ректор менен иштешүүгө даяр эместигин айтып чыкты.

Укук коргоочулар Москвадагы "Крокус Cити" борборундагы кандуу окуядан кийин Орусияда Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттарга каршы маанай күчөгөнүн, текшерүү көбөйгөнүн билдирип келген.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарында “Крокус Сити” борборунун алты миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон.

Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Бери дегенде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шектелип кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG