Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:57

Абакта кыйноого кабылган аялдар аз эмес


Бишкектин четиндеги Степное айылындагы аялдар түрмөсү, 18-февраль, 2011.
Бишкектин четиндеги Степное айылындагы аялдар түрмөсү, 18-февраль, 2011.

Тартип коргоо кызматкерлери тарабынан кыйноого эркектер эле эмес, аялдар да кабылып келет.

Укук коргоочулар статистика боюнча аялдар тууралуу фактылар аз болгон кыйноонун мүнөзү эркектердикинен жумшак эмес дешет. Ал турсун сексуалдык зомбулукка учурагандары бар. Ал эми Ички иштер министрлиги мындай маалыматтарды четке какса, Башкы прокуратура кыйноо фактылары быйыл кыскарганын билдирди.

Тергөө абагындагы зомбулук

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кыйноо фактылары быйыл кыйла азайганы тууралуу отчет берди. Бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар болсо буга ишенбейт.

Керек болсо кылмышка шектелип кармалган аялдар да күч органдарынын зомбулугуна кабылып жатканын “Эркиндик үнү” коомдук уюмунун укук коргоо боюнча программаларынын координатору Асел Койлубаева айтып берди.

- Мамлекеттик органдар албетте кыйноо азайганын, чара көрүп укмуш иштеп жатышканын айтышат. Бирок андай эмес. Кыйноо фактылары бардык жерде бар, бизге күндө билдирүү түшүп турат. Мисалы кечээ эле тергөө абагында эки кыз уруп-согууга дуушар болгону тууралуу маалымат келди. Бирөөсү тергөөчү тарабынан сексуалдык зомбулук көргөн. Ал 17 жашта экен. Азыр муну тактап жатабыз.

Эсеп боюнча аялдарга карата кыйноо фактылары эркектердикине салыштырмалуу аз. Бирок укук коргоочулар ал мүнөзү боюнча эркектердин денесине келтирилген залака жана психикалык басымдан айырмасы жок дешет. Көзөмөлдөөчү орган - Башкы прокуратура аялдарды бөлүп статистика чыгарбайт. Мисалы, “Эркиндик үнү” уюму азыр кыйноого кабылган үч аялдын иши менен алек. Ал эми “Кылым шамы” укук коргоо уюмуна быйыл бир аял кайрылып, өткөн жылдардан бери созулуп келаткан 5 фактыны териштирүүдө.

Уюмдун адвокаты Рыспек Адамалиев эки жылдан бери кыйноо фактысы боюнча иш козголбой келаткан кыздын окуясына токтолду:

- Ал кыз камалганда жашы жете элек өспүрүм эле. Кармоо учурунда кыйноого кабылган. Ал адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө. Кыйноо фактысы боюнча бир нече жолу кайрылып, иш козгото алган жокпуз. Денесине алган запкыдан жана психикалык басымдан улам жапжаш кыз азыр оорукчан, баса албай калды. Басалбаган кызды үй камагына бошотсоңор да качып кетпейт десек да сот же өкүм чыгарбайт, же бошотпойт.

“Эркиндик үнү” уюму болсо үйүнө келип коюп кеткен милиция кызматкеринин айынан сөөгү сынган аялга операция жасатты. Уюмдун өкүлү Асел Койлубаеванын ишениминде, жарандык коом же тиешелүү органдар билбей калган фактылар көп. Катталгандары боюнча, “кыйноо” беренесине ылайык ушуга чейин бир да адам жоопко тартылган эмес.

- Мисалы кыйноо боюнча прокуратурага 200 арыз түшсө, анын онуна иш козгошу мүмкүн. Анын дагы жарымын кыскартып, ишти жаап салышат. Калганы эптеп-септеп сотко өтүп, ошол жерде баары токтойт. Ушундай тенденция болуп калды. Бул берене боюнча эч ким жоопко тартыла элек.

Башкы прокуратура быйыл тогуз айда кыйноого байланыштуу 208 кайрылуу келсе, 11и боюнча иш козголуп, 8и сотко өткөнүн билдирди. Калган фактылардын көпчүлүгүндө кайрылган тарап арызын артка алгандыктан иш козголбой калып жатыптыр.

Менин милициям... мени кыйнайбы?

Көзөмөлдөөчү органдын ага прокурору Санжар Абжалов кыйноо боюнча жазасын алгандар бар экенин айтып, жогорудагы билдирүүлөрдү төгүндөдү.

- Бир топ иштер козголуп, күнөөлүүлөр жазасын алып келатышат. Кыйноого көбүнчө милиция кызматкерлери барууда. Прокуратуранын кызматкерлери тарабынан ошондой факт катталса, биздин тиешелүү бөлүм аларга да чара көрүүгө даяр. Негизи азыр көп текшерүүлөр жүргүзүлүп, кыйноо фактылары боюнча иштер жасалып жатат.

Укук коргоочулар болсо “карга карганын көзүн чокубайт” болуп, милиция сыяктуу күч органынын үстүнөн арыздансаң, аны дагы бир күч кызматкери карагандыктан иш козголбой калууда дешет. Алар адамдар убактылуу кармоочу жайларда кыйноого кабылып, анан арыз жазса ал тиешелүү органга жетпей да каларын айтышты. Анын үстүнө мыйзамда боштуктар бар. Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кармалган кылмышка шектүүнүн статусу так аныкталбагынын да кошумчалашты.

Ал эми кармоо учурунда “кылмышты мойнуна алдыруу үчүн же акча өндүрүү максатында шектүүнү уруп-согуп, башына желим баштык кийгизип, аялдарды чачынан сүдүрөгөнгө чейин баргандар - милиция кызматкерлери” делген маалыматтарды Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов жокко чыгарды.

- Ошондой фактылар боюнча силердин далилиңер барбы? Азыр Кыргызстанда ар кандай сөз айтылат. Укук коргоочулар каалаганын айта берет. Андай фактылар жок.

Жатак жана тергөө абагындагылардын санын кошпогондо Кыргызстандагы жалгыз аялдар абагында 300дөй адам кармалат. Өлкө түрмөлөрүндө атайын аялдар жатып дарыланчу медициналык жай жок.

XS
SM
MD
LG