Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:41

Дарыгер ИИМ салган үйдөн батир үмтөтөт


Дамира Молдокеева
Дамира Молдокеева

Ички иштер министрлиги 30-августта Көк-Жар жаңы конушунда кызматкерлер үчүн салынган үйлөрдү ээлерине тапшырганы жатат. Бирок үй кезегин чыдамсыздык менен күтүп жаткан айрым кызматкерлер үй берчү маал жакындаганы тизмеден чийилип калышканына нааразы.

Бишкекте 30 жылдан ашык дарыгер болуп иштеген Дамира Молдокеева үй азабын 1999-жылдан бери тартып келе жатат. Жолдошу бизнес жасайм деп банкрот болуп үй-жайын алдырган соң, Дамира күйөөсү менен ажырашып, үч баласын жетелеп өз жолу менен кетүүгө аргасыз болгон. Ушул күнгө чейин жалгыз бой эне айлыктын көзүн карап балдары менен ар кайсы окуу жайдын жатаканаларында, батирлерде көчүп-конуп жашап келет. Бул күнгө чейин ал 19 ирет конуш которуптур. Узак жылдар бою үйдүн артынан түшүп, президенттерге чейин кайрылып жүрүп, акыры 2010-жылы ошол кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин жардамы менен өзү иштеп жаткан Ички иштер министрлигинде үй алуучулардын кезегине илинген. Тизмеде 71-орунда турган Дамира жакында Көк-Жар жаңы конушунда бериле турган үйгө үмүт байлап жаткан. Бирок үстүбүздөгү жылдын 29-июль күнү ал тизмеден чыгып калганын билген. Мындан улам ал кайрадан президентке акыйкат издеп кайрылууда.

- 12 кишиден турган комиссия “сиз мурда жер алган экенсиз, квартира албайсыз” дешти. Мен ден соолугумдун жылдан-жылга начарлап баратканынан улам жатаканалардын шартына жашай албай калдым. Мындан улам бир бөлмөлүү убактылуу батирге көчтүм. Анын ижара акысы кымбат болгондуктан, ден соолугумду жакшыртуу максатында Ак-Ордодогу жер участогумду 2014-жылы сатууга туура келди. Ошентип азыр уулум, эки кызым, бир неберем болуп бир бөлмөдө чогуу жашайбыз. Менин айлыгым 7,5 миң сом. Батирге айына 10 миң сом төлөйм. Менин оор абалда турганымды туура түшүнүп, мага үй бөлдүрүп беришиңизди өтүнөм. Мен акыйкаттыкты сизден гана күтөм.

Апасынын түйшүгүн тең бөлүшүп чуркап жүргөн кызы Айзаданын айтуусунда, Ички иштер министрлигиндеги үй бөлүштүрүүчү комиссиянын “жериңиз бар экен” дооматы суу кечпейт. Анткени Дамира Молдокеева 2005-жылы Ак Ордо жаңы конушунан жер алып, бирок ал жерге үй курууга чама-чаркы жетпегени үчүн 2010-жылы премьер-министрге кайрылган. Премьердин кийлигишүүсү менен Ички иштер министрлигине кезекке туруп жатканда жер боюнча бардык документтери, ден соолугунун абалы, айлык акысынын аздыгы эске алынган. Ал бүгүнкү күндө турак-жай чыныгы муктаждарга эмес, үй-жайлуу эле адамдарга берилчүдөй болуп жатканын айтты:

- Ички иштер министрлигиндеги бөлүнө турган үйлөрдү колунда бар, телегейи тегиз адамдар алганы жатат. Мисалы, Ралипова Ражагүл деген эже өмүр бою эле өзүнүн үйүндө жашаган, бирок ал апасына катталган. Жусупова Мээрим деген эженин апасынын үч бөлмөлүү үйү, атасынын Ак-Өргөдө үйү бар экен. Кошумча ал ИИМден дагы жер алган экен. Ал эже дагы алганы жатат. Кыскасы, булар тандама мамиле кылып жатат. Кээ бирөөнү текшерип, кээ бирөөнү текшербей жатат. Тизмеден бизге окшоп чыгып калгандар ачык айткандан коркушат. Анткени алар жумушта иштешет да. Менин апам дагы азыр иштеп жүрөт. Эми бул окуядан кийин эмне кылышат билбейм.

Ички иштер министринин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Дамира Молдокеева кезекке турган учурдан бери комиссиянын курамы алмашканын, мындан улам үйгө муктаждардын документтери кайрадан текшерилип, азыр жалпы тизмеден 100гө чукул киши чыгарылып жатканын билдирди. Анын айтуусунда, Ички иштер министрлигинде үйлөрдү берүү боюнча бекитилген жобого ылайык, акыркы беш жылда үйү же жери бар жарандар тизмеден чыгарылууда.

- Беш-алтыдан үйлөрү бар адамдар дагы кезекке турган экен. Алардын документтерин текшерип келип, кезектен чыгарып жатат. Балким ал аял жери бар делип алардын катарында болгондур. Турмуш-тиричилик комиссиясынын чечимин туура эмес десе, өзүнүн документтерин баарын туура деп эсептесе анда сот органдарына кайрылып, анан кайра кезекке турууга укугу бар. Болбосо экинчи жолу ошол комиссиянын төрагасына кайрадан кайрылсын, анан комиссиянын акыркы сөзүн угуп, андан ары мыйзам чегинде аракеттенсе болот.

Дамира Молдокеева бул күндөрү колдо бар документтерин чогултуп, Кыргызстан профсоюздар федерациясына дагы кайрылып, өз чындыгын далилдегенге аракет кылууда. Профсоюздун юристи Вячеслав Брейвонун “Азаттыкка” билдиришинче, Молдокеева биринчи жолу каттоого турган учурдан бери анын шарты өзгөргөн эмес. Мындан улам аны ар кандай шылтоо менен тизмеден чыгарып салуу мыйзамсыз болгон.

- Үй алуу үчүн тизмеге кирерде үй-жайы бар-жогун аныктаган, жашоо- шарттарын далилдеген документтер чогултулуп, анын негизинде комиссия тизмеге кызматкерди каттайт. Молдокеева 2010-жылы мыйзам чегинде тизмеге кирген. Анан эле эми үй берерде аны “жериң бар экен, сатып жиберипсиң” деп жатышат. Ал жер биринчи ирет тизмеге катталганда деле бар эле да. Демек анын укугу бар болчу. Эми комиссия эгер кызматкер соңку беш жылда үйүн сатып жиберсе ал тизмеге кирбейт деген нерсеге таянып жатышат. Бул жерде жер участкасы туурасында сөз жок. Ошондуктан алардын аракети мыйзамсыз. Азыр ИИМдин жобосу жаңы турак-жай кодексине каршы келип калууда. Мындан тышкары бул аялдын турак-шай шарты андан бери өзгөргөн жок, дагы эле батирде жашайт, ден соолугу начар, оор онкологиялык илдет менен ооруйт. Аны кайра тизмеге киргизүү керек. Биз ошондой бүтүм чыгарып бердик.

Эми профсоюздун бул бүтүмүн үйгө муктаж аял кайра ИИМдеги комиссияга алып барышы зарыл. Азырынча анын жыйынтыгы кандай болору белгисиз. Ушул тапта Ички иштер министрлигинде республика боюнча үйгө муктаж 5000 кызматкер катталып, үй алуу кезегин күтүп турушат. Жакында шаардын Көк-Жар жаңы конушунда 180 батирлүү турак-үйдүн бири бүтүп, 30-августта кызматкерлерге тапшырылганы жатат. Алдыда дагы 600 батирлүү үй курулары болжолдонууда.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG