Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Батир сатып байыган генералдар баяны


Ош шаары
Ош шаары

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн Ошто курулган 60 батирлүү үй мыйзамсыз менчиктештирилип, сатылып кеткени белгилүү болду.

Бул үйдүн көпчүлүк батирлери 2009-жылы Бишкектен көчүп барган борбордук аппараттын жетекчилерине берилип, бирок алар кызматтан кеткенде батирлерин кошо сатып кетүүгө үлгүргөн.

Ошол эле кезде министрликтин жүздөгөн катардагы кызматкерлери көп жылдан бери турак жайга муктаж болуп, батир алуу үчүн кезекте турушат. Алган батирлерин Турак жай кодексинин талабын бузуу менен менчиктештирип алган генералдар менен полковниктердин арасында жогорку мамлекеттик кызматты ээлегендери дагы бар. Бирок алар мекемелик батирлерди менчиктештирүүдө мыйзам чегинде каралган жеңилдиктерден колдонушканын айтып, жүйө келтиришти.

Генералдар менен полковниктер “майкандаган” батирлер

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2008-жылы Бишкектен Ошко көчүрүлгөн болчу. Бул байланыштуу Өзгөчө кырдаалар министрлиги Ош шаарында 60 батирлүү үй курган.

Андан соң 2009-жылкы өкмөттүн токтомунун негизинде ал үй Бишкектен көчүп барган министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерине бөлүнүп берилген. Мында Турак жай кодексинин талабына ылайык, кызматкер берилген батирди 15 жылдан кийин гана менчиктештире алат. Бирок аталган батирлер туура эки жылдан соң, же тагыраагы 2011-жылдан тарта менчиктештириле баштаган. Менчиктештирүүгө уруксат алууда мекен алдында өзгөчө кызматы же жеңилдиктери бар деген жасалма документтер ишке жараган.

Ош шаары. 2015-жыл
Ош шаары. 2015-жыл

Бул жагдай 2014-жылы июль айында ачылып, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен прокуратура кылмыш ишин козгогон. Мекемелик батирлерди менчиктештирип, андан соң сатып жибергендердин арасында министрдин мурдагы орун басарлары Б.Жолчиев, М.Касымалиев, статс-катчы А.Темиралиев бар.

Бул тизме башкармалыктардын башчылары, кызматтардын жетекчилери, эсепкана жана кадрлар бөлүмүнүн башчылары сыяктуу отузга чукул министрликтин жогорку кызмат адамдарын ичине камтыйт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин байланыш боюнча башкы адиси Таштан Тукуев былтыр козголгон кылмыш иштери белгисиз себептер менен жабылганына токтолду:

- Биздин ири жетекчилер жалган документти тууралап, батирлерди менчиктештирип алды, ар бир үч бөлмөлүү батирди 70 миң доллардан сатып кетти. Прокуратура бул боюнча кылмыш ишин козгогон менен андан эч кандай жыйынтык чыккан жок. Ары-бери ишти илең-салаң карап жүрүп анан бир күнү эле жаап коюшту. Борбордук аппараттагы кадрлар бөлүмүнүн башчысы Байсынов, статс-катчы Темиралиев, ички аудит кызматынын жетекчиси Раманкулов, ошол кездеги министрдин биринчи орун басары, генерал-майор Касымалиев азыр Конституциялык палатанын төрагасы болуп отурат. Бишкектен борбордук аппараттан бул жакка көчүп келгендердин бардыгы үй алып, анан эки-үч жыл жашагандан кийин сатып жиберип кетип калышты. Алар эмне бул жакка үй алып, аны сатып бизнес кылганы келишкенби? Булардын максаты үйү туруп, мамлекеттен батир алып, аны сатып, ошондон туйтунуу. Деги эле буларга мамлекетке кайсы кылган кызматы үчүн батир берилгенине таң калам.

Ташиев: чара көрүлүш керек

Министрликтин мекемелик батирлерин менчиктештирүүгө уруксат берген иш-аракеттер мурдагы министр Болот Борбиевдин учуруна туура келет. Анын өзүнөн бул жагдай боюнча комментарий алып, байланышууга мүмкүн болбоду.

Андан мурунку өзгөчө кырдаалар министри Камчыбек Ташиев 2009-жылы батирлер курулуп бүтүп, тапшырылганда аларды эки-үч жылдан соң менчиктештирүү тууралуу маселе көтөрүлбөгөнүн айтты.

Анын белгилешинче, буга уруксат берүү жагы мыйзам жылчыкчаларын пайдалануу аркылуу ички жобо менен дагы жөнгө салынмак эмес. Андан кийинки келген жетекчилик кандай мыйзамдуу жол таап, батирлерди менчиктештирип жибергени Ташиевди да таң калтырган.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Камчыбек Ташиев мекемелик батирлерди менчиктештирүү тартиби Турак жай кодексине ылайык гана жүргүзүлүүгө тийиш болчу дейт:

- Министрликти Ошко көчүрүп барып, ошол үйдү салып бүтүрүү канчалык кыйынга турган! Биринчи жолу жер төлөсүндө токтотмосу жана бардык шарттары бар көп кабат үйдү бүтүргөн элек. Ошол батирлерди тез арада эле каалагандай менчиктештирип, сатып жатышканын түшүнгөн жокмун. Ал жерде бир эле адам эки ирет батир алган учурлар да бар экен. Кээ бирлери батирди алганына эки жыл болбой эле менчиктештирип кетиптир. Анан эми мыйзам боюнча батир алынгандан кийин ал 15 жылдан кем эмес убактан кийин гана менчиктештирүүгө жатат болчу. Бирок анын шарттары бул жерде бурмаланганы көрүнүп турат.

Мыйзамсыздыктын мыйзамдуу жолдору

Үч бөлмөлүү батир алып, бирок менчиктештирген соң кайра сатып жибергендердин бири Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Таалайбек Темиралиев ага коюлган дооматты четке какты. Анын айтымында, Турак жай комиссиясы анын батирин менчиктештирүүдө мекен алдында өтөгөн өзгөчө кызматын эске алган. Темиралиев бул жагдай кийин Ош райондор аралык сотунда дагы тастыкталганын белгиледи:

- Мен өзүм Ооган согушунун ардагеримин. Көп жылдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин системасында иштейм. Батирди менин атыма биротоло менчиктештирүү жагы ошол жеңилдиктердин негизинде жүргөн. Турак жай комиссиясы чечимин чыгарган. Бул мекемелик үй болгондуктан анын алдындагы Турак жай комиссиясы чечим кабыл алууга акысы бар. Бул жерде бир эле мен эмес, Ошко көчүп барган бардык жетекчилер батир алышкан. Мына ошондуктан бир эле мага карата курулай доомат болуп жатканы кызык. Мында бардыгы мыйзам чегинде болгон. Ошон үчүн бардык текшерүүлөр болуп, аягы барып Ош райондор аралык соту мунун мыйзамдуулугун ырастаган чечим чыгарган.

2014-жылы июнь жана июль айында Улуттук коопсуздук кызматына караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мекемелик батирлер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кылмыш ишинде жасалма документтердин негизинде айрым кызматкерлер мекемелик батирлерди өзүнө мыйзамсыз ыйгарып алганы жарыяланган болчу. Бирок атайын кызмат ошол кылмыш фактыларынын канчасы тергөөдөн кыскарып, канчасы сотко жеткенин кийин ачыкка чыгарган эмес. Бул боюнча аталган мекемеден маалымат алууга мүмкүн болбоду.

Козголгон иштердин жылмаланган жыйынтыгы

Ош шаарынын прокурору Атайбек Шакир уулу анын карамагындагы батирлерге байланыштуу эки кылмыш фактысы боюнча гана маалымат бере аларын айтты:

Министрликке берилген үйлөр жең ичинен менчиктештирилгени айтылууда
Министрликке берилген үйлөр жең ичинен менчиктештирилгени айтылууда

- Министрдин мурунку орун басарларынын бири үч бөлмөлүү батирди мыйзамсыз жол менен алып, менчиктештирген экен. Биз аны мамлекетке кайтарганбыз. Анан эскирүү мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу кылмыш иши кыскарган. Ушул сыяктуу эле бир материал болгон. Үч бөлмөлүү батирди бир кызматкер туура эмес менчиктештирип алган экен. Аны да министрликтин карамагына кайтарып бердик. Бул факты боюнча да эскирүү мөөнөтүнө байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча токтом чыгарганбыз. Бул жерде мен биз карап, тергеген эки факты боюнча гана айттым. Калган фактыларды Улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тергеген. Аны көзөмөлдөө биздин карамагыбызда эмес.

Ошол эле кезде мыйзамсыз менчиктештирилип кетип, бирок козголгон кылмыш ишинин негизинде кайра мамлекетке кайтарылган батирлердин так саны тууралуу маалымат жок. Башында 60 батирлүү үйдүн отуздан ашуун жашоочусу мекемелик батирди менчиктештирип туруп, кайра үчүнчү бир тарапка сатып жиберген фактылар тууралуу сөз болгон эле.

Бир гана батир мамлекетке кайтарылган

Тергөө учурунда алардын көпчүлүгү өндүрүштөн кыскарып отуруп, айрымдары гана сотко жеткен. Учурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов батирлер маселесиндеги мыйзамдуу жана мыйзамсыз жагдайларга эбак эле чекит коюлганын белгиледи. Бирок ал тергөөнүн негизинде мекемеге кайтарылган батирлердин ичинен болгону бир гана мисалды келтирди:

- Текшерүү учурунда мыйзам бузуулар болгону чын. Мына ошол батирлердин бардыгы кайра кайтарылган. Мен билгенден министрдин мурдагы орун басары Жолчиев алган батир мамлекетке кайтарылган. Статс-катчы Таалайбек Темиралиев жыйырма жылдан ашуун аскер кызматында жүргөн. Ал пенсияга чыккан соң алган батирин автоматтык түрдө менчиктештирүүгө акысы бар. Бирок Темиралиев мурда да мамлекеттен үй алган деген доомат болгон эле. Бирок ал соттук териштирүү учурунда тастыкталган жок. Ошон үчүн анын иши токтотулган. Генерал-майор Касымалиев да ошондой. Мыйзамда батирди менчиктештирүү укугу каралган болсо, алар андан пайдаланып иштен кетип же пенсияга чыккан соң сатууга толук мүмкүнчүлүгү болот да.

Эмгек жамаатынын кайрылуу катында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеген же иштеп кеткен айрым аскер адамдары 2010-жылкы коогалаңда абал тынчыганча жумушка чыкпай койгон фактылар болгону көрсөтүлгөн. Бирок ошол эле аскер адамдары жоопкерчиликке тартылмак турсун, ага чейин алган батирлерин менчиктештирип, 2011-жылдан тарта чекесинен сатып жиберген учурлары эмгек жамаатынын кыжырын келтиргени кайрылууда баяндалган.

Тукуев: жазалачу бирөө барбы?

Көп жылдан бери батир ала албай, кезекте тургандардын атынан сүйлөгөн Таштан Тукуев бул маселеге мамлекет жетекчилигинин көңүлүн бурууга аракет кылды:

- Ушунча иштеп мамлекеттен эч нерсе алган жокмун. Азыр мен 11-министр менен иштешип жатам. Канча жылдан бери үйгө кезекке турам деп документтеримди тапшырам. Анан эле үй берүүгө келгенде менин документим жоголуп кеткен болуп чыгат. Мага окшоп аргасыз үмүт менен убара тарткандар канча! Мага батир бербей эле койсун. Мен жашарымды жашадым. Бирок канча жылдап үйгө кезекке тургандарды мамлекет башчысы менен өкмөт акыйкат териштиртип, ошолордун маселесин чечип берип койбойбу. Батир берет дегенде көп жыл иштеген турак жайга муктаждарга беребиз дешет, анан барып аягында эле мүйүз-кулагы чоң жетекчилер өздөрү алып кетет. Же алардын бир кыйратып иштегенин көрбөдүк. Алар өздөрү эле албай, бизде иштеген бойдок кыздарга "жалгыз бой эне" деген жасалма документ тууралап, батир алып берген учурларын мен тастыктап берем. Мамлекет башчысы мыйзамсыз батир алып, аны менчиктештирип, кайра сатып жибергенди аныктап туруп, кайра төлөтүш керек.

Оштогу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн мекемелик үй курууга мамлекеттен миллиондогон сом каражат бөлүнгөн. Бирок мына ошол мекемелик батирлерди бөлүштүрүүдөгү жана менчиктештирүүдөгү мыйзамсыздыктар өкмөттүк деңгээлде териштирилип, мына ошого жараша укуктук баасын ала элек. Мына ошондуктан турак жайга муктаж кызматкер катары мамлекеттин эсебинен экинчи же үчүнчү ирет батир алып, аларды жең ичинен сатып суу кылган өнөкөт күчөгөнү менен ага каршы чаралар азырынча жыйынтык бере элек.

XS
SM
MD
LG