Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:54

Каримованын Женевадагы үйүндө баалуу сүрөттөр табылды


Швейцариядагы өзбек диссиденти Сафар Бекжан президент Каримовдун кызы Гүлнаранын Женевадагы вилласында музейге таандык сүрөттөр табылганын жарыялады.

Өзбекстандык саясий качкын Сафар Бекжан башка диссиденттер менен чогуу Каримованын Женева шаарындагы вилласына 23-декабрда мыйзамсыз жол менен кирген.

Диссидент Гүлнаранын үйүндө 60тан ашуун кымбат баалуу мамлекеттик музейлердин фонддоруна кирген сүрөттөр, алтын-бриллианттар, "Бентли" унаасы, XVIII кылымга таандык кымбат баалуу таштар менен жасалгаланган Куран китеби табылганын жар салды.

Женевадагы бул вилла 20 миллион долларга бааланган. Сафар Бекжан анын ичинен көргөн буюмдарды сүрөткө тартып, интернетке улам жарыялап жатат.

Алардын арасында, Өзбекстандын эл сүрөтчүсү Чынгыз Ахмаровдун 1980-жылы тартылган “Сулуу” деп аталган белгилүү картинасы, “Түркмөнстандын авангарды” кыймылынын өкүлү Виктор Уфимцевдин, өзбек Эл сүрөтчүсү Рузи Чориевдин жана башкалардын баалуу эмгектери табылган.

“Азаттыктын” өзбек кызматы Сафар Бекжан менен байланышканда, ал сүрөттөр музейлерге таандык экенине көзү жетип турганын айтты.

- Вилланын кире беришинде чоң зал бар. Сүрөттөр дубалда илинип турат. Лев Резниковдун “Анар” деген шедеври илинип турат. Булар кантип бул жакта болуп калды деп, мен абдан айран-таң калдым. Сүрөттөрдүн артын үңүлүп карасам, Өзбекстандын Маданият министрлигинен эч кандай уруксат кагаздар жок. Музейден дароо бул жакка алынып келип илингендей.

Сафар Бекжан көп картиналарда музейлердин мөөрлөрү бар экенин дагы кошумчалады. “Азаттык” көркөм өнөр жаатындагы эксперттер менен сүйлөшкөндө, аталган эмгектерди музейлерде өз көзү менен көргөн искусство таануучулар Сергей Игнатьев жана Борис Чухович Бекжан тартып алган сүрөттөр түп нускалар экенин көрсөтүп турганына ишенээрин билдиришти.

Өзбекстандын Маданият жана спорт министрлигинин атын атабаган мурдагы кызматкери сүрөттөрдүн оригиналдары мамлекеттик коллекциялардан “опанын” (өзбекче "эже" дегенди түшүндүрөт - ред.) басымы аркылуу жоголгонун ачыктады. Гүлнара Каримованы Өзбекстанда кээде “опа” деп каймана атап коюшат.

Мурдагы мамлекеттик кызматкер жүздөгөн эмгектер Гүлнара Каримованын “Форум фонду” өткөргөн көргөзмөлөр аркылуу өлкөдөн чыгарылганын да белгилейт.

“Азаттык” Ташкенттеги музейлер менен байланышканда, анда иштеген кызматкерлер белгилүү себептерден улам сүйлөшкөн жок. “Анар" деген эмгектин автору Лев Резниковдун уулу Игорь 1990-жылы атасы сүрөттү Ташкент мамлекеттик сүрөт музейине экинчи колго берилбесин деген шарт менен сатканын тастыктады.

- “Анар” - музейге таандык сүрөт, ал музейдин реестринде болушу керек эле. Атам музейге саткан. Сүрөт кантип ал жакка барып калгандыгы боюнча музей жооп бериши керек. Эгерде музейге кереги жок болсо, сүрөттү биринчи кезекте мен сүйүнүп алып кетмекмин.

Эгерде Каримованын Женевадагы үйүндө табылган сүрөттөрдүн музейлерге таандык экендиги далилденсе, өз мекенинде жана чет өлкөдө кылмыш иштери козголгон 41 жаштагы Гүлнара Каримова үчүн бул дагы бир сокку болот.

Жакында Өзбекстанда Каримовага таандык бир катар теле-радио каналдар обого чыкпай калды. Анын бир медиа тобу финансылык тартип бузду деп тергөөгө алынды. Гүлнара Каримовага каршы кылмыш иштери президент атасынын макулдугу менен ишке ашууда деген пикирлер арбын.

Акыркы убакта коррупциялык иштер боюнча айыпталган Каримованын өзбек коопсуздук күчтөрү, өз үй-бүлө мүчөлөрү менен мамилеси кескин начарлаган.

Диссидент Сафар Бекжан вилланын эшигин ачкыч менен ачып киргенин айтса, Каримова Улуттук коопсуздук кызматын ачкычты берди деп, Твиттерде айыптады.

Женева полициясы виллага барганы менен, анын ээлеп алган диссиденттерди чыгарган жок. Өзбек дипломаттары 24-декабрда ал жерге барып, "Бентли" жана BMW маркасындагы унаалар бар экенин айтышкан, бирок кымбат баалуу сүрөттөр тууралуу сөз кылган эмес. Сафар Бекжандын айтымында, эми дипломаттар келип, кымбат баалуу сүрөттөрдү тизмелешет, алардын айрымдары жүз миңдеген доллар турат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG