Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:15

Гүлнара Каримовага каршы документтер арбыды


Жаңы далилдер Швециянын TeliaSonera ири компаниясы менен президент Каримовдун кызы Гүлнара арасындагы “алыш-беришти” ашкерелейт.

Швециянын коомдук SVT телеканалы бүгүн жарыялай турган документтерди иликтөөгө “Азаттык” радиосу көмөктөшкөн. Бул документтер айгинелегендей, Гүлнара Каримованын чөйрөсү деп шектелген тарап - TeliaSonera тийиштүү өкмөттүк мекемелеринен тез каттоодон өтүүсү жана жаңы кардарларды алуусу үчүн акча (пара) төлөөнү талап кылган.

Буга чейин да Швециянын SVT телекомпаниясынын Uppdrag Granskning (Миссия: Иликтөө) программасынын журналисттери TeliaSonera компаниясынын былыктарын коомчулукка ачкан берүүлөрдү көрсөткөн.

Азыр TeliaSonera 2007-жылы Өзбекстандын телекоммуникация рыногуна кирүү үчүн президент Каримовдун кызы Гүлнарага 300 млн. долларга чейин пара төлөгөн деп шектелип, иш тергөөдө. Швеция менен Швейцариянын сот органдары болсо Гүлнара Каримовага таандык деп шектелген Takilant компаниясына каршы кылмыш ишин козгогон. Takilant паракорлукка жана арам акчаларды адалдаштырууга катыштыгы бар деп шектелүүдө.

​TeliaSonera компаниясынын Өзбекстандагы ишмердүүлүгү териштириле баштагандан улам компаниянын башкы аткаруучу директору Ларс Нюберг 1-февралда кызматтан кеткен.

Жаңы документтердин арасында орус тилиндегилери жана Гүлнара Каримовага жакын адамдын колунан жазылган көрсөтмөлөр да бар. Мунун баарын швециялык журналисттерге Александр аттуу адам интернет аркылуу байланышка чыгып жөнөткөн.

Журналисттердин карамагындагы документтердин бири TeliaSonera жаңы 2 миллион уюлдук телефон колдонуучу үчүн 5 млн. доллар төлөгөнгө макулдук бергенин ырастайт. Ал эми "Өзбектелеком" менен TeliaSonera 2012-жылдын 31-июлунда кол койгон келишим өзүнчө сөз кылганга арзыйт. Анткени андан бир нече жума мурда өзбек бийликтери Орусиянын MTS операторунун лицензиясын алып коюп, 9 млн. керектөөчүнү уюлдук байланышсыз калтырган.

MTSтин мурдагы директору Бекзод Ахмедов орусиялык компанияда иштеп жатып эле Гүлнара Каримованын атынан TeliaSonera менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн тастыктаган материалдарды швециялык журналисттер мурда эле жарыялашкан.

Дагы бир документ Каримованын адамдары салык инспекциясы, бажы кызматы, антимонополиялык комитет, мамлекеттик телекоммуникация инспекциясы жана Ички иштер министрлиги тийишпейт деген убадасы үчүн TeliaSonera компаниясынан 15 млн. доллар талап кылганын көрсөтөт.

Өзбекстандык өнөктөштөрдүн батыштык компаниядан Г. Каримова уюштурган маданий жөрөлгөлөргө, анын ичинде мода көргөзмөлөрүнө демөөрчү болуп бер деп талап кылуусу кадыресе көрүнүшкө айланган. Мисалы, TeliaSonera компаниясынын Өзбекстандагы филиалы Ucell 2011 - 2012-жылдары Гүлнара Каримова өткөрчү Style.us мода фестивалынын маданий жана соопкерчилик программасынын атайын демөөрчүсү болгон.
Белгилүү ырчы Стинг жана Гүлнара Каримова
Белгилүү ырчы Стинг жана Гүлнара Каримова
Жон Дэви - Ucellдин финансылык бөлүмүн жетектеп турган. Анын айтымында, өзбек бийликтери пара өндүрүү жана түрдүү маданий окуяларга демөөрчү кылдыруу максатында швециялык компаниянын телефон байланышын дембе-дем үзүп турган:

- Мындай болгон учурда күтүлбөгөн жерден биздин жүздөгөн базалык станцияларыбыз иштебей калат жана миң-миңдеген кардарлар эмне үчүн тейлөө жок деп нааразы болушат. Ошондой эки-үч күндөн кийин биз соопкерчилик уюмдарына акы ирети 100 миң доллар төгүшүбүз керек болот.

Ucell акчаны Ислам Каримовдун кызы уюштурган маданий жөрөлгөгө төлөгөнүн документтердин биринде колдон жазылган “Кандай шартта болбосун FFтин атын тизмеге киргиз” деген сөз далилдейт. FF Гүлнара айымга таандык Fond Forum соопкерчилик корунун кыскартылган аты.

2012-жылдын 8-август күнкү Г. Каримованын ишенимдүү адамы эсептелген Гаяне Авакян Швейцариянын банктарындагы бир нече эсепти кайра каттатып жаткан учурга тиешелүү документ да кызыктуу. Бул факт Каримованын фонддору башка структуралар менен бириктирилиши мүмкүн болгон го деген күдүк ойго түртөт. Себеби иш кагаздардын бирине “мурда эсеп ачылган банктарга жолобо”, кайра каттоо үч жумага созулса, өтө эле узак болорун белгилеп, “мындай ылдамдыкта биз баарын жоготобуз” деп колдон жазылган. Өзбек кызматы бул сөздөрдү Гүлнара Каримова өз колу менен жазган деген ишенимде.

Маалымат каражаттарына сейрек интервью берчү Гүлнара айым не SVT телеканалынын, не “Азаттык” радиосунун кайрылуусун үнсүз калтырды.

TeliaSonera компаниясынын жаңы башкы директору Пьер-Арне Блумквист өткөн жумада “Миссия: Иликтөө" телепрограммасына анын компаниясы Fund Forumга демөөрчүлүк кылса да Гүлнара Каримова менен эч качан байланышта болбогонун жана Өзбекстанда пара төлөбөгөнүн айткан:

- Биринчиден, TeliaSonera компаниясынын паракорчулук маданияты сыяктуу нерселер менен эч кандай байланышы жок. Биз коррупцияга такыр чыдабайбыз. Эгер ага байланыштуу кайсы бир проблема ачылса, аны жөн калтырбайбыз. Мен коррупцияга байланыштуу ар кандай нерсеге чыдап отуруп бербейм. Ошон үчүн сиздин сөзүңүзгө макул эмесмин.
Блумквист Өзбекстанга окшош мамлекеттерде “чечим кабыл алчу чоң оюнчулар менен түрдүү уюмдар көбүн эсе байланышта болот” дейт.

Жаңы документтер чын экенин көз карандысыз эксперттер тастыкташа элек. Бирок швед журналисттери менен “Азаттыктын” өзбек редакциясынын кызматкерлери алардын мазмуну, мурда жарыялана элек кызматчылардын тизмеси жана Швейцариянын айрым банктарындагы эсептери калетсиз деген тыянакка келген.

Орус ариби боюнча эксперт-графолог жаңы колго тийген документтердеги көрсөтмө - сунуштарды Гүлнара Каримова жазганына 75 процентке ишенет.

TeliaSonera компаниясынын Өзбекстандагы ишмердүүлүгүн жакындан билген швециялык эксперт SVT телеканалына айткандай, “эгер бул маалыматтар чын болсо, анда алар Гүлнара менен түз сүйлөшкөнүн тастыктайт. Бул TeliaSonera үчүн катуу сокку болот”.
Макаланы кыргыз тилине которгон Амирбек Азам уулу
XS
SM
MD
LG