Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:28

Саакашвилинин саясатын партиясы улантат


Президент Саакашвили добуш берүүдө. Тбилиси. 27-октябрь 2013
Президент Саакашвили добуш берүүдө. Тбилиси. 27-октябрь 2013

Грузия президенти Михаил Саакашвили 17-ноябрда президенттиктен кетет. Акыркы бир жыл ал үчүн саясий жеңилүүлөрдүн жылы болду.

2003-жылкы Роза революциясынын баш каарманы саясий оюндан биротоло чыкты деген жаңылыштык болоор эле. Грузиялык серепчилердин айтышынча, Саакашвили мамлекет башында турган бири кем он жылда мүчөлөрүн жалаң мансап эмес, идея да бириктирген жана саясый күрөштүн ысык-суугуна бышкан партияны түзө алды. Ал - 2001-жылы түзүлгөн Бирдиктүү улуттук кыймыл.

46 жаштагы Михаил Саакашвили үчүн президенттиктин акыркы бир жылы оор болду. 2012-жылы 1-октябрда болгон шайлоодо Саакашвили башындагы Бирдиктүү улуттук кыймылы (БУК) 64 мандат алып, парламентте азчылыкты түзүп калды. Өкмөт башына миллиардер Бидзина Иванишвили түзгөн "Грузия кыялы" келди.

Өткөн айдагы президенттик шайлоодо БУКтун талапкери Давид Бакрадзе "Грузия кыялынын" өкүлү Григорий Маргвелашвилиге караганда үч эсе аз добуш алып, жеңилди.

Саакашивли такай демократия деп оозанганы менен, анын бийлиги авторитардык башкарууга ооп, орой мыйзамсыздыктарга жол бергенин көп сандаган далилдер ырастайт. Өзгөчө түрмөлөрдөгү кыйноолор Бирдиктүү улуттук кыймылды бутка чапкан чоң факт.

Саакашвили өзү улуттук кыймылдын саясый майдандан сүрүлүп калбаганы Грузиянын европалык деңгээлдеги өнүгүү жолуна түшкөнүнүн айкын далили деп эсептейт жана партия анын өлкөдөгү демократиянын архитектору деген бейнесин калыбына келтирет деп ишенет. Ал мындай оюн 5-октябрда партиянын курултайында, анан 6-ноябрда чет элдик дипломаттарды резиденциясында кабыл алып жатып да айтты.

Мурдагы премьер-министр Вано Мерабишвили сот залында. Кутаиси. 22-май, 2013
Мурдагы премьер-министр Вано Мерабишвили сот залында. Кутаиси. 22-май, 2013
Анын бул тилеги аткарылабы - муну мезгил көрсөтөт. Бирок тбилисилик талдоочу Хатуна Лагасидзе Бирдиктүү улуттук кыймылдын болочогунан күмөн санабайт:

- Мен Бирдиктүү улуттук кыймылдын келечеги бар дегендерге кошулам. 2012-жылы-1-октябрдан кийин минтип айтканга оор эле. Бирок өткөн бир жылда БУК бир топ себептерден улам кайра жанданды. Бул, баарынан мурда, БУК Грузиянын саясий сахнасындагы бирден бир тартиптүү жана жакшы уюмдашкан партия болгонуна байланыштуу деп айткандан коркпойм. Бул партия өлкө боюнча жакшы уюмдашкан жана бир максатка бириккен”.

Михаил Саакашвили дипломаттар менен кездешүүдө айтканга караганда, соңку бир жылда партиянын 25 миңдей мүчөсү суракка алынып, көптөгөн лидерлери камалды же али да сурак берүүдө. Партиянын баш катчысы, мурдагы өкмөт башчы Вано Мерабишвили да тергөө абагында отурат. Талдоочулар бийликтин тынч алмашып жатканында Саакашвилинин эмгеги бар экенин танышпайт.

Тбилисидеги Эл аралык коопсуздукту изилдөө борборунун башчысы Ника Читадзе да Бирдиктүү улуттук кыймыл келечекте кайра бийлик башына келет деп боолгойт. Себеби анын катарында оппозицияда да, бийликте да болуп, саясаттын ур-токмогун жана ырахатын көргөн тажрыйбалуу инсандар бар. Оппозиция минбарын пайдаланып, кыймылдын жаш мүчөлөрү өздөрүн көрсөтүүсү үчүн мүмкүнчүлүк зор, дейт Читадзе:

Украин оппозициясынын лидери Виктор Ющенко (солдо) жана Грузия президенти Михаил Саакашвили Жаңы жылда Киев шаарынын жашоочуларын куттукташууда. 1-январь,2005
Украин оппозициясынын лидери Виктор Ющенко (солдо) жана Грузия президенти Михаил Саакашвили Жаңы жылда Киев шаарынын жашоочуларын куттукташууда. 1-январь,2005
- Бүгүнкү саясый жагдайдан туруп баалаганда, Саакашвилинин көзгө басар 20-25 процент чамалуу колдоочулары бар. Анын оппозициячыл тажрыйбасы да бар. Бул жагдай коалиция БУК кыйратылыш керек деп жарыя айтканда эске алчу маанилүү нерсе.

Социологдор Грузияда жаңы партиялардын тез тамырын терең жайбасын элдин бекем уюшкан топторго ишенип, алар менен кызматташууга жеңил барганына байланыштуу деп түшүндүрүшөт.

Акыркы он жылда Саакашвили Батышта билим алган жаштарды мамлекеттик жооптуу кызматтарга дайындап, партиянын пайдубалын бекемдеген, партияны өлкөнүн Европа биримдигине жана НАТОго кошулуусун колдогондордун платформасына айланткан.

Грузия жетекчилигинде да авторитаризмден сактануу үчүн оппозицияда Бирдиктүү улуттук кыймыл өңдүү бакубат партиянын болушу керек деп эсептешет. Алардын бири, парламент төрагасы Давид Усупашвили апрелде “Азаттыкка” мындай деген:

Президенттикке талапкерлердин плакаттары. Тбилиси. 22-октябрь, 2013
Президенттикке талапкерлердин плакаттары. Тбилиси. 22-октябрь, 2013
- Мен, айрыкча, Европада же АКШда болгон кезде Бирдиктүү улуттук кыймыл мурда өлкөнү башкарган саясый күч катары жашай берерин, анын Грузиянын саясий айдыңында калуусу Грузия демократиясынын милдети экенин үзбөй айтып жүрөм. Грузияда муну уккан кээ бир адамдар мага нааразы. Алардын ишениминде БУК тирүү калганга акысыз, соттолуп, тыюу салынышы керек. Ага карабай, мен көз карашымды кайталайм жана кимди да болсо, маселенин маңызын ойлогонго үндөйм”.

Саясатчылардан айырмаланып, тбилисилик мына бу шайлоочу Саакашвили түптөгөн партиянын саясий аренада каларына анча ишене бербейт:

- Алардын тирүү калуу шансы өтө аздай көрүнөт. Бирок алар жашап жатат. Өлкөгө, албетте, оппозиция керек. Оппозиция Бирдиктүү улуттук кыймыл болобу же башкабы, мен билбейм.

Пост-советтик Грузиянын туңгуч президенти Звиад Гамсахурдия 1992-жылы төңкөрүлгөн. Анын мураскери Эдуард Шеварднадзе 2003-жылкы Роза революциясында бийликтен оодарылып, ордуна шайлоо аркылуу Михаил Саакашвили келген.

XS
SM
MD
LG