Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:13

Түстүү ыңкылапчылар тагдыры


Түркмөнстандык сүрөтчү Токар Тугоровдун түстүү ыңкылаптарга арналган сүрөтү.
Түркмөнстандык сүрөтчү Токар Тугоровдун түстүү ыңкылаптарга арналган сүрөтү.

Кыргызстандагы түстүү жана кандуу ыңкылаптардын бир "баатыры" Беларустан баш калканч тапты, экинчиси азыр мамлекет башында, үчүнчүсү Роза Отунбаева коомдук иштер менен күжүрмөн шугулданып жүрөт. Ал эми пост-советтик мейкиндиктеги башка ыңкылаптардын баатырлары кантти?


please wait

No media source currently available

0:00 0:11:21 0:00
Түз линк


"Роза төңкөрүшү"

Нино Буржанадзе Грузиянын даңазалуу "Роза ыңкылабы" өзү жалмап койгон баатырынын бири:

- Менин эң чоң катам - ошол кезде Саакашвилини колдогонум болгон. Бийликке моралдык принциптери болбогон радикалдуу топтун келишине жол бербеш керек болчу. Улуттук кыймылдын моралдык жоболору чектелүү экенин мен да, өкмөт башына келген Жвания да билчүбүз.

"Роза төңкөрүшүндө" үч баатыр болгон. Бири – Михаил Саакашвили азыр мамлекет башчысы. Экинчиси Буржанадзе айткан Зураб Жвания премьер болуп туруп, мындан жети жыл мурда сырдуу жагдайда өз үйүндө ис уруп, өлгөн.

Ал эми 48 жаштагы Буржанадзе 2008-жылы жазда парламенттин жетекчилигинен баш тартып, ошол эле жылдын жайындагы Орусия менен согуштан кийин оппозициячыл Демократиялык кыймыл – "Бирдиктүү Грузия" партиясын түздү. Ал согушта Грузия өз аймагынын үчтөн биринен ажырап калганы маалым. Экс-спикердин күйөөсү 5 жарым жылга сыртынан кесилип, азыр качып жүрөт.

Нино Буржанадзе, 2007-жылдын 2-ноябры
Нино Буржанадзе, 2007-жылдын 2-ноябры
Буржанадзенин кичи мекени болгон Кутаисиге телефон чалганымда, саясатчы акыркы 11 айда мамлекеттик төрт сыналгыдан бир да жолу чыга албаганына даттанды. Азыр күйөөсүнүн иши боюнча Страссбургдагы Европалык сотко кайрылганын, бул сотто грузиялык ондогон саясий айыпкерлердин аппеляциялык арыздары каралып жаткандыгын билдирди.

Ал келерки жылы 10 жылдык мааракеси белгилене турган "Роза ыңкылабы" өз максатына жеткей калды деп эсептейт:

- Революциядан кийинки күндөрү кетирилген оор каталыктардын кесепети кийин билине баштады. Бул каталыктар төңкөрүштүн эң баалуу демократиялык асыл-нарктары менен байланышкан эле. Адам укуктары бузулган учурлар болгон. Саакашвили командасы менен бардык маалымат каражаттарын өз көзөмөлүнө ала баштады. Коррупция менен күрөш төмөнкү деңгээлде башталганы чын, бирок ага тушташ тамыр жайган элитардык коррупция "Роза ыңкылабында" кулаган Эдуард Шеварднадзенин режими тушунда да болгон эмес.

"Кызгылтым төңкөрүш"

Украинада 2004төгү ыңкылаптын лидерлери коммунист президент Кучманын бийлигин кан төгүүсүз кулатып, шайлоолордун эркиндигине жете алышкан. Бирок бул ыңкылап да өз баатырларын жалмап койду. Батышчыл Виктор Ющенко менен Юлия Тимошенко ынтымакташа албай, акыры бийликти маскөөчүл Виктор Януковичке алдырып коюшту. Ющенко менен анын пресс катчысы аркылуу да байланышуу мүмкүн болбоду, кесиптештери ал коомчулукка чыкпай калгандыгын айтышты.

Юлия Тимошенко сотто. Киев, 2011-жыл
Юлия Тимошенко сотто. Киев, 2011-жыл
Ал эми Юлия Тимошенко орусиялык газ келишимине байланыштуу жети жылга кесилип, түрмөдө отурат. Анын саясаттагы союздашы, Верховный Раданын мүчөсү Владимир Филенкого телефон чалганымда, укук коргоочу эл аралык Фридом Хаус уюмунун өкүлдөрү азыр саламаттыгы начарлап кеткен Тимошенкону жаткыра турган оорукананы көрүп кетишкенин билдирди, бирок экс-премьер менен байланышуу таптакыр мүмкүн эмес деди.

Мен Филенкодон "Кызгылтым ыңкылаптын" башкы каармандары кандайча ара жолдо калгандарын сурадым. Тимошенконун блогуна кирген "Реформа жана Тартип" партиясынын төрагасынын орун басары болгон депутат күнөө кемигинде да, керкисинде да бар деп эсептейт:

Биз адам суктангандай туура ишке ашырылган "Кызгылтым ыңкылаптын" жетишкендиктерин бекемдеп кала албадык. Бир гана жетишкендигибиз - шайлоо аркылуу бийликке келгенибиз болду. Бирок азыр бийликте отурган эски оппозиция кекчил, карамүртөз, демократиядан алыс болуп чыкты. Тимошенконун камалышы анын саясий ишмердүүлүгү үчүн өч алуу болуп калды.

Ыңкылаптын мезгилинде Филенкону «талаа командири» деп аташкан, бирок албетте, түстүү ыңкылапта талаа командирлеринде курал болбойт эмеспи. Бүгүнкү абалдын өкүнүчтүү экендигин моюнга алып, ал Грузиядагыдай эле бир адамдын өмүрү кыйылбай, тынчтык жол менен ишке ашкан ыңкылаптын мурасы жерде калбайт деп ишенет:

- Ыңкылаптын көп ийгиликке жетишкени калетсиз. Биз Украинанын диктатурага өтүшүн токтото алдык. Элдин жапырт катышуусу аркылуу шайлоонун бурмаланышына жол берген жокпуз. Менин терең ишениминде, Украинада да, башка өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да "Кызгылтым төңкөрүштүн" таасири сакталып кала берет.

Анын аралыгында, украиндер "Померанч (апелсин) төңкөрүшү" деп атаган ыңкылаптын дагы бир катышуучусу, азыр түрмөдө отурган мурдагы ички иштер министри Юрий Луценкого бийликтер Виктор Ющенконун президент болуп турган кезде ууландырылышы боюнча жаңы айып койгону жаткандыгы маалым болду. Ал эми Тимошенконун күйөөсү Александр Тимошенко азыр баш калканч сурап, Чехияда.

Казакстандагы ыңкылап карааны

Казакстанда ыңкылап болгон жок, бирок ыңкылапчылар, албетте бар. Зауреш Батталова үй куруп беребиз деген курулуш фирмаларына алданган астаналык карапайым тургундардын таламын талашкан укук коргоочу. Бийликти ачык сындагандан жалтанбаган активист Казакстанда жарандык коом ыңкылапка даяр эмес деп эсептейт.

Жаңы-Өзөндөгү төңкөрүш, 16-декабрь 2011-жыл
Жаңы-Өзөндөгү төңкөрүш, 16-декабрь 2011-жыл
Зауреш Батталова убагында ири бизнес өкүлдөрүнөн куралган, кийин ыдырап кеткен Демократиялык Тандоо кыймылында болгон. Кеминде 16 киши атайын күчтөрдүн огунан набыт болгон Жаңы-Өзөн окуясы боюнча коомдук комиссиянын мүчөсү катары жаңыөзөндүк 37 айыпталуучунун сотуна катышып жаткан активист өткөн декабрда кан төгүү менен аяктаган мунай жумушчуларынын козголоңун Казакстандагы бийлик алмашуунун карлыгачы деп эсептебейт.

Бийликтен көз карандысыз баяндамачы катары таанылган Батталова Кыргызстандагы ыңкылаптарга куштарлануу менен байкоо жүргүзүп келет.

Анткен менен Батталова Кыргызстандагы апрел ыңкылабындагы кан төгүү жана талап-тоноо казак коомчулугунда кооптонууну жаратканын жашырган жок. Ошондуктан ал азыр партиялардын башкы милдети бийликтин кан төгүүсүз алмашуусу үчүн эл менен иштөө экендигин билдирди.

Кыргыздарга "күмүш сырга"

Грузия менен Украинада күздө өтө турган парламенттик шайлоодо даярдык кызып жаткан кез. Украинада Владимир Филенконун партиясы шайлоочулар менен кеңири иш алып барууда.

Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев. Бишкек, 2010-жыл
Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев. Бишкек, 2010-жыл
Ал пост-советтик мейкиндикте түстүү төңкөрүштөрдө себилген демократияга, эркиндикке жана акыйкаттыкка умтулуунун үрөөнү кандай болсо да өнө берет деп эсептейт. Ошондуктан, ыңкылаптан кийинки кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстандын да жарандары келечекке үмүттүү карай алат деген ишенимде:

- Ар-намыстуу, бардар жашоого ар бир элдин укугу бар, Кыргызстанда да жаш күчтөр өсүп-өнө берет, бүгүнкүдөн жогорку бийиктикке умтула берет деп ишенем.

Ал эми грузин ыңкылабынын ардагери Нино Буржанадзенин быйыл октябрдагы шайлоого катышуу оюу жок. 2011-жылда максатына жетпеген "Күмүш ыңкылабы" деген атка конгон элдик чыгуулардан кийин экс-спикер саясатка аралашпай калган.

31 жашында парламентке депутат болуп шайланып, президенттин кызматын эки ирет убактылуу аткарган саясатчы айым 40тан ашык ыңкылапчы шериктери азыр түрмөдө отурганын эскертип, кыргыз элине ыңкылаптын жетишкендиктерин колунан чыгарбоого кеңеш берди:

- Мен силерге биздин бийлик кетирген каталарды кайталабай, грузин бийликтери азыр да улантып жаткан кылмыштарга жол бербегиле деп айтаар элем. Тилеген тилегиңер кабыл болуп, өз элиңерге татыктуу мамлекет куруп алууңарды каалайм.
XS
SM
MD
LG