Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:29

Батыш Крымдагы референдумду тааныбайт


Украина -- Референдумдан кийин добуштар саналууда. Севастополь, Крым, 16-март, 2014.
Украина -- Референдумдан кийин добуштар саналууда. Севастополь, Крым, 16-март, 2014.

Крымдагы референдумга эл активдүү катышканы кабарланууда. Бирок расмий Киев менен Батыш бул референдумду тааныбай турганын билдирди.

Дүйшөмбүдө эртең менен белгилүү болгон маалыматка караганда, Украинанын Крым республикасынын Орусия курамына кирүүсү үчүн кечээ күнкү референдумга катышкандардын 96% макул деп добуш берди. Бул тууралуу референдумду өткөрүү комиссиясынын жетекчиси Михаил Малышев шайлоо бекеттеринин төрттөн үчүндө саналып бүткөн бюллетендер боюнча маалымат берип жатып билдирди. Добуш берүүгө шайлоочулардын 83 пайызы катышканы кабарланууда.

Жекшембиде Украинанын Крым автономиялуу республикасында өткөн референдумду Америка Кошмо Штаттары менен Евробиримдик тааныбай турганын кечээ дагы бир ирет кайталашты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри телефондон орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүп, Москваны региондогу аскерлерин чыгарып кетүүгө, украиналыктарга өздөрүндөгү улуттук азчылыктардын укугун өздөрү коргоп, бийликти өз алдынча бөлүштүрүп алууга уруксат берүүгө үндөдү.

Брюсселде Еврокомиссиянын президенти Хосе Мануэль Баррозу жана Евробиримдиктин президенти Херман Ван Рөмпөй биргелешкен билдирүү таратып, 28 өлкө мүчө болгон биримдик бул референдумду “мыйзамсыз жана легитимсиз” деп билээрин айтышты. Алар Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери Москвага каршы “кошумча аракеттерди” дүйшөмбү күнү чечээрин кошумчалашты.

Ал арада жекшембиде орус президенти Владимир Путин немис канцлери Ангела Меркел менен сүйлөшүп, референдум эл аралык мыйзамдардын “чегинде” өтүп жатканын, Москва крымдыктардын чечимин “урматтай турганын” билдирди.

Орусиянын күчтөрү Крымды өткөн айдан бери көзөмөлдөп турушат. Украинанын коргоо министри азыр аймакта 22 миңдей орус аскери бар экенин айтты.

Жекшембиде Киевдеги өкмөттүн жыйынында сүйлөгөн сөзүндө украин ички иштер министринин милдетин аткаруучу Арсен Аваков Орусиянын Крымдагы сепаратизмди колдоп жатканы тууралуу айтты.

"Бул сепаратисттик аракеттер үчүнчү тараптан, тагыраак айтканда, Орусиядан келген экстремисттерден колдоо алып жатканын күбөлөндүргөн толтура далилдерибиз бар, - деди министр. - Украинанын коопсуздук кызматы, маселен, Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын жана башка кызматтардын офицерлеринин кызматтык документтерин каттай алган. Алар Украинада түрдүү бөлүп-жаруучу материалдар, керек болсо жардыргыч заттар менен да кармалышкан".

Бул референдумда шайлоочуларга “Крым Орусияга кошулушу керекпи же Украинанын курамында кеңейтилген укуктуу автономия катары калышы керекпи” деген эки суроо коюлган. Региондун калкынын 60% орус улутундагылар түзөт. Бирок андагы крым татарлары менен Киевдеги жаңы бийликтерди колдогон көптөгөн украиндер референдумга бойкот жарыялашканын билдиришкен.

Кошмо Штаттардын мамкатчысы Керри менен сүйлөшүүдө орус тышкы иштер министри Лавров Вашингтонду азыр Украинанын орус тилдүү калкына каршы жасалып жаткан “массивдүү мыйзамсыздыкты” токтотууга үндөгөнү айтылды.

Украин премьер-министри Арсений Яценюк болсо орус аскерлеринин “колдоосу” астында сепаратисттик аракеттерди жактап жаткандардын баары жазасын алаарын билдирди.

"Биз өзүбүздүн Батыштагы өнөктөштөрүбүз менен биргеликте азыр орус куралдарынын астында өзүн корголгон деп сезип жаткандар сепаратизм үчүн жана конституциялык абалды бузганы үчүн жооп беришине жетишкенге бүт аракетибизди жумшайбыз. Алар мыйзам алдында жооптон качып кутула алышпайт. Анан Орусия аларды коргой албайт", - деди Яценюк.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG