Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:59

Крым кризиси Лондондо талкууланууда


Керри менен Лавров Лондон сүйлөшүүсү алдында.
Керри менен Лавров Лондон сүйлөшүүсү алдында.

АКШ Мамлекеттик катчысы менен Орусия тышкы иштер министри Крым кризисин бүгүн Лондондогу жолугушуусунда талкуулоодо.

Бул тараптардын жекшембиде Крымдын Украинадан ажырашына алып баруучу референдумду утурлай ири масштабдагы саясий кризисти алдын алууга багытталган соңку аракети катары бааланууда. Анткени, Батыш Орусия Крым боюнча саясатын өзгөртпөсө Москвага каршы санкция киргизерин эскертүүдө.

Соңку кабарлардын бирине караганда, БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө Кошмо Штаттар резолюция долбоорун тараткан. Анда Крымдагы референдумду мыйзамсыз деп жарыялоо сунуш кылынууда.
Коопсуздук кеңешинин Бишкек убактысы боюнча бейшембинин түнүндөгү отурумунда, Орусия - Украина ортосунда кайым айтышуу жүрдү.

АКШга иш сапары менен барган украин премьери Арсений Яценюк ал жердеги сөзүндө Орусиянын аракеттерин “аскерий агрессия” деп атап, мындан Украина эле эмес, глобалдык коопсуздукка да шек келип жатканын айтып өттү:

- Биз Орусия Федерациясын Крымдагы аскерлерин чыгарып, бул чатакты жөнгөрүү максатындагы реалдуу сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырабыз. Эгер биз орусиялык коңшуларыбыз менен реалдуу сүйлөшүүлөрдү баштасак, алар реалдуу өнөктөш боло алышат. Алардын аракети жалпы глобалдык коопсуздукка, өзөктүк куралды жайылтпоо программаларына шек келтирүүдө. Эми бул кадамдардан кийин дүйнөдө кимдир бирөөнү өзөктүк куралсыз жашоого ынандыруу абдан кыйынга турат.

Украин өкмөт башчысы жогорудагы сөздөрүндө 1994 - жылкы Будапешт меморандумун эске алды. Ал документтин негизинде, АКШ, Орусия, Британиянын кепилдиги астында Украина өзөктүк куралынан баш тарткан эле.
Украин премьери Крымдагы тирешүүнү тынчтык жол менен чечүүгө али убакыт бардыгын эске салып, өлкөсү Орусия менен согушууну каалабасын белгиледи.

Ал эми Орусиянын БУУдагы өкүл Виталий Чуркин украин премьеринин Коопсуздук кеңешиндеги сөздөрүнө жооп кылып:

- Орустар согушту каалабайт. Украиндер да каалабайт деген ишеничте. Биз кырдаалды мына ушундай терминдер менен баалагыдай эч бир өбөлгөнү көргөн жокпуз. Украинанын акыркы айлардагы өнүгүшүн аныктап жаткан бейстабилдүүлүк менен зордук – зомбулуктун спиралын Орусия айландырган жок.

БУУнун Коопсуздук кеңешинде тараптар айтышып жаткан кезде Донецк шаарында орусиячыл жана европачыл демонстранттар кайрадан кагылышты.

Бирок бул жолу кагылыш Янукович президенттикттен четтетилгенден берки эң олуттуусу болуп калды. Андан бир адам өлүп, бир нече киши жаракат алды. Орусия тышкы иштер министрлиги Донецктеги окуяны Украинада кырдаал көзөмөлдөн чыгып бара жатканынын белгиси катары сыпаттады.

Байкоочулар баамында, азыр Крым кризиси ушул баскычында жөнгө салынабы же Орусия менен Батыштын ортосунда азыркыдан да кеңири масштабдагы жана экономикалык кесепеттери бар саясий кризиске айланабы деген суроонун жообу эң негизги маселе болуп турат.

Анткени, Батыш өлкөлөрү жекшембидеги референдумду эл аралык укукту бузган, Орусиянын иш жүзүндө Украинанын автоном республиксын аннексиялап алышына алып баруучу чара катары баалашууда.

АКШ Мамлекетттик катчысы Жон Керри орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Лондондогу бүгүнкү жолугушуусу алдында эгер Орусия Крым боюнча пландарынан баш тартпаса, Кошмо Штаттар менен Еврошаркет координацияланган чараларды көрөрүн эскерткен.

Санкциялар боюнча эскертүүнү кечээ немец канцлери Ангела Меркел да жасады. Ал эми британ тышкы иштер министри Уильям Хейг:

- Эгер ушул маселелер боюнча саналуу күн ичинде жылыш болбосо, биз Европанын жооп чараларынын экинчи этабына өтөбүз. Алар Орусиядагы жеке адамдардын активдерин тоңдуруу, каттосуна тыюу салуу өңдүү чараларды камтыйт. Биз эгер кризис курчуй бере турган болсо таасири алыска кетүүчү чарларга барарыбызды ачыктадык.

Батыш өлкөлөрү Крым референдумунан кийин Орусияга каршы кандай конкреттүү жазаналарды колдонору дүйшөмбү күнгө барып билинчүдөй.

Орусиянын мурдагы каржы министри Алексей Кудриндин болжолунда, кокус Батыш мерчемделген санкцияларын ишке ашырса, өлкөдөн капиталдын сыртка агылышы дагы күчөп, бир кварталда 50 миллиард долларга жетиши мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG