Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34

АКШ университеттеринде палестиндерди колдогон акцияларда 900дөй киши кармалды


АКШ.
АКШ.

АКШнын жогорку окуу жайларында Газадагы согушка байланыштуу палестиндерди колдогон акцияларда соңку он күндө кеминде 900 киши кармалды.

Студенттердин нааразылык толкуну 18-апрелде полиция Колумбия университетинин кампусунда нааразылык акциясын уюштурган жүздөн ашуун кишини кармап кеткенден кийин башталган. Төрт күн өткөн соң кампустун аймагында демонстранттар өзүнчө лагерь ачып, полиция барганда суу куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Анда, The Washington Post жазгандай, 120 киши кармалган.

Бостон шаарындагы Эмерсон коллежинде да студенттер менен полиция ортосунда кагылышуу болуп, төрт күч кызматкери жараат алган, 108 демонстрант кармалган.

Жоржия штатында университеттердин бириндеги лагерди таркатуу учурунда химиялык каражат жана электрошокер колдонулганын полиция маалымдаган.

Сент-Луис шаарындагы Вашингтон университетинде палестиндерге тилектештик билдирген акцияда жүздөн ашуун киши, арасында президенттик шайлоого катышууну көздөгөн саясатчы, «Жашылдар партиясынын» өкүлү Жилл Стайн да кармалды. Бул тууралуу Стайн X социалдык түйүнүндөгү (мурдагы Twitter) баракчасына жазып, Газадагы азыркы абалды “геноцид” деп атаган бир нече сүрөтүн жана видеосун жарыялады.

Түштүк Калифорниядагы университетте он киши кармалды, бул окуядан кийин окуу жай коопсуздук максатында май айында 65 миң кишинин катышуусу менен өтөрү пландалган диплом тапшыруу салтанаты өткөрүлбөй турганын билдирди.

28-апрелде Лос-Анжелесте Түштүк Калифорния университетинин кампусунда палестиндерди жактагандар менен Израилди колдогондордун ортосунда кагылышуу болгонун, полиция аралашып, токтотконун Reuters агенттиги маалымдады.

Палестиндерди колдогон акциялардын катышуучулары Газадагы атышууну токтотууну, Израил менен кызматташкан коргоо компанияларына инвестиция салуудан баш тартууну, АКШнын Израилге аскердик жардамын да токтотууну талап кылып жатышат.

Ал эми Израилди жактаган студенттер ХАМАС тобу (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган) Израилден былтыр октябрда кармап кеткен адамдарды алигүнчө барымтада кармап турганын, Израилдин дарегине айтылганайыптоолор жөөттөргө каршы (антисемитизм) ураанга айланып, алардын коопсуздугуна коркунуч жаратып турганын айтышты.

АКШ администрациясынын улуттук коопсуздук боюнча өкүлү Жон Кирби акцияга чыккандар өз пикирин ачык айтууга укуктуу экенин, бирок алардын митинг-пикеттери тынч өтүшү керектигин, Ак үй кимдир бирөөгө карата жек көрүүчүлүк маанайдагы билдирүүлөрдү, антисемитизмди айыптай турганын айткан.

Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүүдө, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө. Операцияны баштоого 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган кол салуу негиз болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик жети айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин кеминде 34 миңи каза болгонун анклавдын саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

АКШ, Египет, Катар өлкөлөрү согушту токтотуу үчүн ортомчулук кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок натыйжа боло элек. Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG