Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:36

Крымдагы талаштуу референдум


Украина – Крымдагы референдумда добуш берүү, Севастополь, 16-март 2014-ж.
Украина – Крымдагы референдумда добуш берүү, Севастополь, 16-март 2014-ж.

Бүгүн крымдыктар Орусияга кошулуу же Украинанын курамында калуу маселеси коюлган референдумда добуш беришти.

Мунун алдында, ишембиде Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү референдумду айыптаган резолюцияны кабыл алууга добуш беришти. Орусия резолюцияга вето коюп, Кытай добуш берүүдөн баш тартканы менен, Коопсуздук кеңешинин 13 мүчөсү референдумду өткүрүү туура эмес деп тааныды. Аны менен бирге Батыш бул референдумду мыйзамсыз деп айыптады.

Американын Бириккен улуттар уюмундагы элчиси Саманта Пауэлл буларга токтолду:

Орусия эл аралык эрежелерди одоно бузганы үчүн ага терс таасир тийгизээри күмөнсүз жана Крымдын макамын өзгөртө албайт. Бүгүн Крым – Украинанын бөлүгү, эртең жана келерки жумада дагы Украинанын бир бөлүгү бойдон кала берет. Крымдын макамы украин жана эл аралык эрежелерге ылайык гана өзгөрмөйүнчө, жарым арал Украинанын бир бөлүгү бойдон кала берет.

Орус тектүү жарандар 60% түзгөн Крымда референдумда орустар Украинадан бөлүнүүгө добуш берээри күтүлүүдө. Татарлар жана украиндер референдумга бойкот жарыялашышты. Акыркы расмий маалыматтарга карата шайлоочулардын 70% үн катты жана добуш берүү аяктады.

Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк эгемен өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө бүлүк салгандарга катуу жаза каралаарын баса белгиледи.

Жекшембиде өлкөнүн чыгышындагы жана түштүк-чыгышындагы Донецк, Луганск, Харьков жана Одесса шаарларында баш аламандыктар катталды.

Крымдын орусиячыл премьер-министри Сергей Аксёнов референдумдун жүрүшү тууралуу буларга токтолду:

Жыйынтыгы – дурус. Баары жакшы болот, андан күмөн саноонун кереги жок. Бардыгы өз ойлорун эркин билдире алышат. Крымдыктар биринчи жолу кайсы өлкөнүн курамында жашоо чечимин эркин кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү деп ишендире алам.

Аксёновдун айтымында, референдумдун жыйынтыгы дүйшөмбү жергиликтүү убакыт боюнча саат 10до Крым парламентинин жыйынында жарыяланат. Жекшембиде жарым аралдын премьер-министри Орусиянын Мамлекеттик думасынын мүчөлөрү менен автономиянын кийинки өнүгүүсү тууралуу талкуулады.

АКШ жана Европа Биримдиги Орусияга карата чечкиндүү чараларды көрүүнү жашырышкан жок. Украин бийликтери жекшемби күнү орус армиясынын аскерий кемелери жана ок өтпөс унаалары Крым менен чектешкен украин айылын өз көзөмөлүнө өткөрүп алышканын кабарлады. Стрилковье айылын көзөмөлгө алуу – орус аскерлеринин Крымдан тыш биринчи аракети.

Жекшембиде Киевде жүргөн Американын сенатору Жон МакКейн Москвага мындайча эскертүү жасады:

Орус аскер түзүмдөрү акырындап чыгыш Украина көздөй тактикалык кыймыл жасаганы – бизди өтө тынчсыздандырат. Орусияга карата кандай чаралар көрүлөөрүн азыр так айта албайм. Бирок Америка Кошмо Штаттары жана Европа Биримдиги мурда болуп көрбөгөндөй чараларды кабыл алат дегенге ишендире алам.

Сенатор Жон МакКейнге жооп иретинде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Крымдагы референдум эл аралык эрежелерге ылайык өтүп жатат деп билдирди.

Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри орус кесиптеши Лавровго Москва жарым аралдан аскерлерин толугу менен чыгарып кетүүсү керектигин баса белгиледи. Брюсселде Европанын жогорку деңгээлдеги жетекчилери дагы бир ирет референдумдун жыйынтыгын танбаарын эскертишти. Аны менен бирге, Орусияга каршы кошумча санкциялар дүйшөмбүдө кабыл алынышы мүмкүндүгүн кабарлашты.

Кремль орус президенти Владимир Путин Украинанын түштүгүндөгү жана түштүк-чыгышындагы кырдаалды радикал улутчул топтор козутуп жатат деген билдирүүсүн жекшембиде таратты. Орус жетекчиси Германиянын канцлери Ангела Меркелге Крымдагы референдум эл аралык эрежелерге ылайык өтүп жатканын жана Москва крымдыктардын чечимин сыйлаарын телефон аркылуу айтты.

Украинанын убактылуу президенти Олександр Турчинов орус аскерлери Украинанын чыгышына кирип келүү ыктымалдыгы "олуттуу кооптонуу" жаратууда деди. Ал ошондой эле "Кремлдин тыңчылары" орус-тилдүү калкты тукуруп жатат деп айыптады.

Ал ортодо Украинанын убактылуу коргоо министри Игорь Тенюх орус кесиптештери жана Кара деңиз аскер флоту менен убактылуу тынчтык макулдашуусуна жетишкендигин жекшембиде Киевде маалымдады. Убактылуу элдешүү келишимине ылайык, орус аскерлери 21-мартка чейин Крымдагы украин армиясынын объекттерине эч кандай күч колдонбойт жана аларга каршы иш-аракет кылбайт.

Жума күнү Харьков шаарында орусиячылдар менен украиначылдардын кагылышуусунда эки адам набыт кеткен. Андан бир күн мурда Донецкте дагы бир киши мерт болгон. Жекшембиде болсо Донбасстын борбору Донецкте Кремлди колдогон жарандар жергиликтүү коопсуздук кызматынын жана прокуратуранын имараттарына чабуул коюшкан.

Орусиячыл эки миң чакты демонстранттар "элдик губернатор" Павел Губаревди абактан бошотууну талап кылып, имараттарда илинип турган украин желектерин тытып салышты. Губарев март айынын башында "конституциялык түзүмдү бузууга аракеттенген" деген айып менен кармалган.

Ал арада, орус тышкы иштер министрлиги украин улутчул козголоңчулары Украинанын чыгышында башаламандыктарды уюштурууну көздөп жатат деген билдирүү таратты. Ошондон улам жарандардан аларды коргоо үчүн "миңдеген" арыздар түшкөнүн кабарлады. Москвада жекшемби күнү да Кремлдин Крымга карата иш-аракетин айыптаган жана жактагандардын ири акциялары өттү.


Крымдагы референдум
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG