Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:59

Апта окуясы: Аскерге көңүл бөлчү мезгил


Кыргызстан коргонуусуна жыл сайын 900 миллион сомдун тегерегинде гана каражат коротот.
Кыргызстан коргонуусуна жыл сайын 900 миллион сомдун тегерегинде гана каражат коротот.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү кандай абалда? Аскерлерге эмнеге көңүл бурулбай келди жана аны чыңдоо үчүн кандай чаралар керек? Эмне себептен Кыргызстан курал-жарактардан жарды? Аптанын бул жолку башкы темасы өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө арналды.

Сандар-сандар...

Кыргызстан быйылкы жылы коргонуусуна 930 миллион сом бөлгөн. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Ош жана Жалал-Абаддагы коогалаңга байланыштуу кошумча 980 миллион сомдой каражат бөлүнгөн. Негизинен жыл сайын Кыргызстан коргонуусуна 900 миллион сомдун (20 миллион АКШ доллары) тегерегинде каражат коротот.

Салыштыруу иретинде АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын маалыматтарына кайрылып көрсөк. Ага ылайык АКШ коргонуусуна бир жылда 600 миллиард доллардан ашык каражат сарптайт. Ал эми кийинки жылга 708 миллиард коротууну пландоодо. Кытай бир жылда коргонуусуна 140 миллиард, Улуу Британия, Франция, Жапония мамлекеттери 60 миллиарддын тегерегинде, Германия 45, Италия, Түштүк Корея 35, Орусия менен Индия 30 миллиард доллардын тегерегинде каражат коротушат. 2011-жыл үчүн Орусия коргонууга 50 миллиард доллар коротууну пландоодо.

Булардан кийин эле коргонуусуна бир жылда 10-15 миллиард доллардан бөлгөн өлкөлөргө Бразилия, Түркия, Израиль, Тайвань, Мексика сыяктуу мамлекеттер кирет.

Маселен өлкө аймагы болгону 22 миң чарчы километрге барабар чакан Израиль коргонуусуна бир жылда 13 миллиард долларга чейин коротот. Ал эми 199.9 миң чарчы километр аймагы бар Кыргызстан куралдуу күчтөрүнө болгону 20 миллион доллардай акча коротот. Коңшу Казакстан менен Өзбекстан бир канча жылдан бери коргонуусуна 1 миллиард доллардан ашуун каражат сарптап келатышат.

Аскер мааниси арткан маал
Оштогу кыргыз аскерлери, 29-июнь, 2010

Ош менен Жалал-Абад облустарында орун алган коогалаң - Кыргызстандын куралдуу күчтөрү өтө начар абалда экенин көрсөттү. Коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин айтымында, коргонуу үчүн бир жылда бөлүнчү акча кыргыз армиясын азыркы кебетесинде зорго кармап турууга жетет. Мындай шартта жаңы курал-жарактарды сатып алуу, аскердик инфраструктураларды өнүктүрүү тууралуу сөз кылууга да мүмкүн эмес. Бир жылдык 900 миллион сомдун тегерегиндеги каражат жетпесин айткан Коргоо министри, бул сумма жок дегенде 2-3 эсе көбөйсө дурус болмогун билдирет.

Аскер иштери боюнча адис Токтогул Какчекеевдин айтымында, кыргыз армиясын биринчи президент Аскар Акаевдин тушунда эле талкалап, аскердик техникаларын сатып түгөтүшкөн. Андан кийинки президент Курманбек Бакиев деле аскерлерди ойлоп койгон жок. Ошол себептүү 1999-жылы Тажикстан тараптан кирип келген аз сандагы сакалчандар кыргыз армиясынын шайын алып, шаштысын кетирип ийген. “Мунун баары жетекчиликтин куралдуу күчтөргө болгон ыплас мамилесинин жыйынтыгы”,- дейт талдоочу.

Ошентип отуруп эгемендикти алган жылдары кыргыз армиясы башка тармактардай эле аянычтуу абалга келди. Коррупциялык бийлик системасы армияга да таасирин тийгизип, өлкө коопсуздугу башкы маселеге айланды.

Адистердин пикиринде, кандай болгон күндө да кыргыз армиясынын ички конфликттерди басканга, кокус тыштан чакан экстремисттик, террористтик топтор кирип калса – алардын мизин кайтарганга чамасы жетет.

Ошентсе да эл арасында июндагы коогалаңдан кийин кыйла курал кала берип атканы чочулоону жаратууда. Шайлоого аттанган ири саясий партиялардын куралдуу топторду түзүп коюшканы, калың куралчандардын курчоосунда жүрүшкөнү да эске алчу жагдай дешет. Президент Роза Отунбаева да бул маселеге токтолуп, кокус шайлоо маалында айрым партиялар чатак чыгарса, баш-аламандыктар уюштурулса, анда өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизип, шайлоону токтоторун жарыялаган.

Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, эгер өлкөдө тополоң чыга турган болсо, тартипти орнотууга күчтөрү жетерин билдирди.

Деген менен өлкө аскерий техникаларга зарыгып, жетекчилик курал-жарак издей баштаган чак.

Аскерди чыңоо аракети
Орусиянын Канттагы аба базасы

Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиев жума башында Москвага барып, Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков менен жолугушту. Анда А.Кудайбердиев Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объектилери үчүн ижара акысын көбөйтүү маселесин ортого койду. Министрдин айтымында, 1993-жылы түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн 4,5 миллион доллар ижара акысын кыргыз тарап бери дегенде 3-4 эсеге көбөйтүү керек деп эсептейт. Ал эми анын акысына Орусиядан танктар, оор куралдар, ок өтпөс унаалар, ракетадан коргонуу системасын, тик учактарды алуу сыяктуу пландар бар. Бирок ижара акысын акчалай түрдө алып, аскерий технологиясы бийик деңгээлдеги башка өлкөлөрдөн курал сатып алуу жолдору да каралууда.

Орусиянын Кыргызстанда төрт аскерий объектиси бар. Ал эми дагы бир ири империя АКШныкы бирөө. Орусия ижара акысына 4,5 миллион доллардан төлөсө, АКШ бир жылда Кыргызстандын жерин пайдаланганы үчүн 60 миллион доллардан берет. Адистердин айтымында, бюджеттен бөлүнгөн каражаттан тышкары бул акчаларды да толук коргонууга жумшап, армияны кыйла тыңытып алууга болот.
"Манастагы" АКШ базасы.

Ырасмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда аскерде кызмат өтөй турчу 18 жаштан 27 жашка чейинки 200 миңдей жаран бар. Алардын 65 пайызга жакынынын ден-соолугу начар делет. СССР учурунда Кыргызстандан жылына 35 миңге чейин адам аскердик кызматка тартылган болсо, азыр кыргыз армиясынын саны 15 миңдин айланасында. Ошентсе да аскерий адис Т.Какчекеевдин пикиринде, эгер каржылоосу жана курал-жарагы мыкты, даярдыгы жогору болсо, Кыргызстанга 15 миңдин тегерегиндеги армия жетет. Анткени дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү, чакан бирок акылдуу, саны аз бирок мобилдүү, алдыңкы технологияларды колдонгон армияга өтө башташты. Ал эми Кыргызстанда бул маселе кайра эле өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктарга, каражаттын тартыштыгына барып такалууда.

Андыктан жакында түзүлчү парламенттин дагы бир баш оорусу - коопсуздукту чыңдоо болмокчу.

XS
SM
MD
LG