Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:09

Кыргызстан: Куралдар жарышы


"Кант" үчүн орустардан акчадан да курал көбүрөөк керекпи?
"Кант" үчүн орустардан акчадан да курал көбүрөөк керекпи?

Кыргызстандагы коопсуздук кырдаалы бул аптада дүйнөлүк прессада кызуу талкууланды. Өзгөчө Орусиянын Кыргызстандагы аскерий базасынын ижара акысы боюнча сүйлөшүүлөр, Кыргызстан расмий Москвадан курал-жарактан колдоо сураганы өзгөчө кызыгууну жаратууда.

Бул аптада чындап эле Кант аба базасынын ижара акысы боюнча кыргыз-орус сүйлөшүүлөрү жөнүндө көп жазылды.

Орусиядагы “Коммерсант” басылмасы жума күнкү санында муну “курал-жарактардын шайлоо алдындагы жарышы” деп атап, анда маселенин баары “шайлоо учурунда коопсуздукту бекемдеш керек” деген аракетте болуп жатканын жазды. Макалада бул аптадагы Өзгөндөгү атайын операция жөнүндө сөз болот. Кыргызстандын коопсуздук кызматы ал жакта атайын операция өткөрүп, негизинен өзбек улутундагылар отурукташкан Таштак айылында жашырылган курал-жарактарды кайтарууда төрт адамды камакка алган болчу. Ал жерде кармалгандарды бошотууну талап кылгандар райондук ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында митингге чыгышкан.

Саясий, аскерий соода

“Ушул окуянын негизинде азыр элдин колунда курал-жарак көп экенин айтып, ага кошумча шайлоо өнөктүгү да айрым аймактарда ур-токмок менен өтүп жатканын эске алган кыргыз бийлиги азыр тезинен өзүнүн армиясын куралдандырууга өттү”, - деп айтылат макалада.

Британиядагы “Daily Telegraph”, Америкадагы “New York Times”, Орусиядагы “Независимая газета” да ушул эле темага кайрылышты.

“Независимая газетадагы” макалада “Кыргыз бийлиги Кант үчүн ижара акыны мурдагы эле деңгээлинде калтырып, бирок Орусиядан жылына кошумча курал-жарак алып турууну каалаганы” жазылат.

Макаланын автору Владимир Мухиндин ишениминде, “Бул азыркы кыргыз-орус мамилелеринин башкы аспекти болуп калды”. Бирок бул боюнча Орусия шайлоодон кийин гана так жообун берээрин тышкы иштер министри Сергей Лавров айткан болчу. Гезит жазышынча, ал сүйлөшүү башталганга чейин эле Орусия өзүнүн айрым аскер күчтөрүн Кыргызстандын түштүгүнө киргизиши мүмкүн.

Улутчул шайлоо

Алдыдагы шайлоо, азыр ага карата өнөктүк кандай өтүп жатканы жөнүндө Eurasia view интернет сайты жазды. Анда негизги көңүл быйылкы шайлоо өнөктүгүндө электоратка карата улутчул мүнөздөгү кайрылуулар көп болуп жатканы, мунун өзү коопсуздук үчүн өтө коркунучтуу экени, президент Роза Отунбаева баш болуп, кыргыз бийлиги да буга кыжаалат болуп жатканы жазылды.

“The Washington Post” басылмасы жума күнкү санында Кыргызстандагы демократиянын абалына кайрылган. АКШдагы Улуттук Демократиялык Институттун вице-төрагасы, мурдагы сенатор Том Дашл өзүнүн андагы макаласында Кыргызстандагы кырдаал Америка үчүн эмнеси менен маанилүү экенине токтолду.

Демократия дарамети

“Кыргызстандагы жагдайга көз салган америкалык көпчүлүк байкоочулардын оюнда, Кыргызстан АКШнын аскерий базасын өзүндө жайгаштырганы үчүн эле маанилүү. Бирок чынында ал үчүн эле эмес, Кыргызстан региондо демократиялык жолдо өнүгүүгө потенциалы эң күчтүү мамлекет экени менен маанилүү”, - деп эсептейт Дашл.

Анын айтымында, азыр өлкө өзгөчө татаал, өткөөл мезгилди баштан кечирүүдө. “Ошондуктан, - деп жазат ал, - АКШ да, эл аралык коомчулук да азыркы кыргыз өкмөтүнө колдон келген жардамын берип, анын жарандарынын демократияга болгон ишенимин, үмүтүн бекемдөөгө колкабыл кылышы керек”.

“Эгерде Кыргызстан ушундай оор учурда жалгыз калса, биз алдыда авторитаризмдин, экстремизмдин күчөшүн, же өлкөнүн ыдырап кетишин күтсөк болот. Бул Кыргызстандын элинин да, АКШнын да кызыкчылыктарына жооп бербейт”, - деди Том Дашл.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG