Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:50

Кыргызстан араб өлкөлөрүн Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга катышууга чакырды


Камбар-Ата-1 ГЭСинин башкы планындагы карта. Станция Нарын дарыясынын Жалал-Абаддан агып өткөн бөлүгүнө, Токтогул ГЭСинен жогору жакка курулат.
Камбар-Ата-1 ГЭСинин башкы планындагы карта. Станция Нарын дарыясынын Жалал-Абаддан агып өткөн бөлүгүнө, Токтогул ГЭСинен жогору жакка курулат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев Эр-Риядда бир катар араб өлкөлөрүнүн өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү менен жолукту. Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад менен кездешүүдө Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбооруна токтолуп, аларды Кыргызстан июнь айынын башында Вена шаарында уюштуруп жаткан энергетикалык инвестициялык эл аралык форумга катышууга чакырды.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Касымалиев Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мохаммед Сулайман Аль-Жасир жана Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фондунун өкүлү Абдулла Халил Аль-Мусайбих менен жолугушууда бул долбоорго катышууга, Венадагы инвестициялык форумга келүүгө үндөдү.

Касымалиев Сауд Арабияга Ислам өнүктүрүү банкынын тобунун башкаруучуларынын 49-отурумуна катышуу үчүн барган.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтондо Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын (АИИБ) президенти Цзинь Лицюн менен жолугушууда дагы “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга катышууга чакырган.

Кыргыз бийлиги “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга болжол менен 2 миллиард 916 миллион доллар кетерин маалымдаган. Курулуш алты баскычтан турат. Энергетикалык эксперттер долбоордун наркы 4-5 миллиард долларга чейин жетет деп эсептешет.

ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөрү айтылган. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Бирок бул боюнча конкреттүү иштер баштала элек. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG