Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

"Уктаган бойдон кете берген". Анталиядагы кыргыз келиндин өлүмү


Анталия шаары
Анталия шаары

Түркиянын маалымат каражаттары Анталияда жашаган кыргызстандык келин 11-мартка караган түнү каза болгонун жазып чыгышты. Окуя болгон жерде экспертиза жүргүзүлгөн. Келиндин өлүмү боюнча Анталиядагы Башкы консулдук териштирүү иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.

Түркиянын "Ихлас" кабар агенттиги 11-мартта Анталия шаарынын Муратпаша районунда, батирлердин биринде кыргызстандык С.О. каза болгонун жазды.

Окуя саат эртең менен 11 чамасында төрт кабаттуу үйдүн 3-кабатында болгон. Келиндин күйөөсү Мевлүт Челик эсен-соо уйкуга баш койгон аялы эртең менен ойгонбой калганын айткан.

52 жаштагы келин каза болгондон кийин окуя болгон жерге медиктер, полиция келген.

"Тез жардам" дарыгеринин алдын ала экспертизасынын жыйынтыгы менен сөөк Анталиянын соттук-медицина институтунун мейитканасына жөнөтүлгөн.

Кыргыз келиндин күйөөсү Мевлүт жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине аялынын өлүмү тууралуу мындай деген:

"Түнкү саат 12ге чейин отурганбыз. Мен ага жууркан жаап койдум. "Эртең менен сорпо жасап берчи", - деди. Мен туруп эле сорпо кылдым. Казан азыр да ысык бойдон турат. Тамак бышканда чакырсам жооп берген жок. Уктап жатат деп ойлогом. Жанына барып тургузайын десем, кыймылдабай калыптыр. Анан дароо "Тез жардамга" чалдым".

"Азаттыктын" маркум келиндин күйөөсү жана туугандары менен байланышууга кылган аракетинен майнап чыккан жок. Ал эми түрк басылмалары бул жубайлар үч жылдан бери никеде турганын, келин физиотерапевт болуп иштегенин жазды.

Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугу окуя боюнча териштирүү иштерин баштаганын, каза болгон келиндин туугандары табылып, сөөгү Бишкекке жөнөтүлөрүн "Азаттыкка" билдирди.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы кийин чыгары кабарланды.

"Кыз-келиндердин жумушу оор"

Анталияда түптөлгөн "Айымдар коомунун" жетекчиси Периза Асанаалиева айрыкча багуучу болуп иштеген кыргызстандык кыз-келиндердин жумушу оор психологиялык соккуга алып келерин белгиледи.

"Бул жактагы кыз-келиндер иштеп жүргөндө саламаттыгын да текшертип турса жакшы болмок. Ал эми өнөкөт дарты барлар деги эле сыртка миграцияга чыгуунун кажети жок. Айрыкча кары кишилерди карап иштегендердин жумушу өтө оор. Таң атканча бейтаптарды караган аялдар бар. Мунун баары психологияга залакасын тийгизбей койбойт. Үй-бүлө, жакындарын сагынгандар болот. Айрым кыз-келиндер стресс, депрессия менен жашап жүрө берет", - дейт Периза Асанаалиева.

Расмий маалыматка ылайык, Түркияда учурда 20 миңдей кыргызстандык жашап, окуп жүрөт. Алардын 6 миңден ашыгы гана эмгек визасы менен иштейт. Дээрлик көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза менен эмгектенет. Бирок туристтик виза менен эмгектенгендер ден соолугуна байланыштуу бир маселе чыкса, мамлекеттик ооруканада жеңилдетилген шартта дарылана албайт.

Соңку жылдары визанын бул түрүн алуу да катаалдашып, мыйзамсыз жүргөн мигранттар атайын рейддерде депортацияланып жатканы утур-утур кабарланып келет. Анкара былтыр виза мөөнөтү бүткөн 370 миң чет өлкөлүк мекенине кайтканын билдирген.

2-февралда Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев 2023-жылы чет өлкөдөн мекенине 585 кыргызстандыктын сөөгү алып келингенин айтты. Ал ар бир маркумду мекенине алып келүүгө мамлекеттен 70 миң сом бөлүнөрүн, муну көбөйтүү максатында токтомго өзгөртүү киргизилип жатканын кошумчалаган.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги "Жүк-200дүн" көбү Орусиядан алып келинсе, калгандары Түштүк Кореядан, Түркиядан, Казакстандан жеткирилгендер экенин айткан. Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматында, 2022-жылы чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын, 2021-жылы 540 адамдын сөөгү "Жүк-200" болуп алынып келген.

Табышмактуу жагдайда каза тапкан кыз-келиндер

Буга чейин кыргызстандык кыз-келиндердин Түркияда табышмактуу жагдайда каза тапкан учурлар да катталган.

  • Өткөн жылдын декабрь айында Түркиянын Анталия провинциясына караштуу Серик районунда токойдо көмүлгөн кыргызстандык Д.Кнын сөөгү табылган. Аны өлтүрүүгө шектүү түрк жаранына "атайылап адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө абагына камалганы кабарланды. Ал суракта кыргыз келин өзү каза болгонун, аялдын сөөгүн көөмп салганын айтып, күнөөсүн моюнуна алган.
  • Түркиянын Чорлу шаардык соту 2021-жылы кыргызстандык Аят Адсызды мыкаачылык менен өлтүргөн кайнатасы Фехми Адсызды өмүр бою эркинен ажыраткан. Үрөй учурган окуя 2021-жылы 12-октябрда Түркиянын Текирдаг аймагында болгон. 30 жаштагы Аят Адсыздын өлүмү Түркияда резонанс жаратып, Башкы консулдук окуянын иликтенишине тыкыр көз салган. Кыргыз келиндин жашы жете элек эки баласы Түркиянын Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министрлигинин карамагына алынган.
  • 2018-жылы Түркиянын Денизли аймагындагы Памуккале районунда кыргызстандык кыздын өлүмүнө шектүү жаран кармалган.
    Памуккале шаарында кичи касапканада иштеген бул адам кызды үйүнө жеткирүүнү сунуштаган. Кыз макул болбогондон кийин аны күч менен автоунаасына салып, ээн талаага алып барган. Андан кийин зордуктап, машине менен тебелеткен.
  • 2020-жылы Анталия шаарында 23 жаштагы кыргызстандык кыз бейтааныш адамдын кол салуусунан каза тапкан.
  • 2016-жылы Анталия шаарына бала багуучу болуп иштегени барган Малика аттуу кыз катуу сабалып, эс-учун жоготкон абалда табылып, бир нече жолу башынан операция болгон.

"Аялдарды өлтүрүүнү токтотобуз" платформасынын статистикасына ылайык, Түркияда быйыл 315 аял киши колдуу болуп, 248 аялдын "сырдуу" өлүмү иликтенбей калган. Алардын ичинде канчасы чет өлкөлүк кыз-келин экени айтылган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG