Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

Кыргызстандын 650 миңден ашуун жараны сыртта миграцияда жүрөт


АКШдагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШдагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын 651 485 жараны чет өлкөдө эмгек миграциясында жүрөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады. Ага ылайык, кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү - 408 448 адам Орусияда миграцияда. Казакстанда - 65 миң, Түркияда 40-60 миң чамалуу, АКШда -36 миң, Түштүк Кореяда - 14 561, Германияда - 12,5 миң, Бириккен Араб Эмирликтеринде 11 миң, Австрияда - 10 миң, Өзбекстанда 6,5 миң, Улуу Британияда - 6208 адам, Италияда 5 миң, Катар, Кувейт, Сауд Арабиясында - 2363, Бельгияда - 2 миң, Францияда - 1,5 миң, Кытайда - 1,5 миңдей адам.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кыргызстандык мигранттардын Орусияда азаюусуна рублдин курсу төмөндөп кеткени жана миграция мыйзамдары катаалдашканы негиз бергенин маалымдоодо.

Бейрасмий маалыматтарда бүгүнкү күндө деле Орусияда Кыргызстандын 1 млн чамалуу жараны жашап, иштеп жүрүшкөнү айтылып келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG