Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:23

Түркияда кыргыз тилин жайылтуучу борборлор уюштурулат


Кыргызстандын Анкарадагы маданий борборун ачуу учуру. (архивдик сүрөт)
Кыргызстандын Анкарадагы маданий борборун ачуу учуру. (архивдик сүрөт)

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Түркияда Кыргызстандын маданий борборлорун ачуу Кыргызстанды чет элдиктерге таанытуудан тышкары, кыргыз тилин жайылтууга да көмөктөшөт деп эсептейт.

Министр бул тууралуу 7-февралда Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда маданий борборлорду уюштуруу жөнүндөгү эки тараптуу макулдашууну ратификациялоо маселеси каралып жатканда айтты.

Максүтовдун маалыматына караганда, Кыргызстандын Түркиядагы маданий борборлорун уюштуруу бюджети 33 млн 686 миң сомду түзөт. Бул өлкөдө Кыргызстандын төрт маданий борбору бар, алардын баарын калыбына келтирүүгө аракет көрүлүүдө.

Депутат Камила Талиева маданий борборлор расмий иш-чаралар учурунда гана иштеп, башка убакта бош турбашы керектигин белгиледи.

Кыргызстан менен Түркия өкмөттөрүнүн ортосунда маданий борборлорду уюштуруу жана алардын иши жөнүндө макулдашууга 2021-жылы 9-июнда Анкара шаарында кол коюлган.

Түркия - Кыргызстандын эгемендигин алгачкы болуп тааныган өлкөлөрдүн бири.

Түркиянын КМШ өлкөлөрүндө 100дөй маданий борборлору бар. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG