Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

"Кийиминен тааныдым". Түркияда кыргыз аялдын сөөгү токойдон табылды


Түркиянын Анталия провинциясына караштуу Серик районунда токойдо көмүлгөн кыргызстандык Д.Кнын сөөгү табылды.

Аны өлтүрүүгө шектүү түрк жаранына "атайылап адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгону жана тергөө абагына камалганы кабарланды.

Ал суракта кыргыз келин өзү каза болгонун, аялдын сөөгүн көөмп салганын айтып, күнөөсүн моюнуна алган.

Келиндин кызы бул ишти тыкыр иликтөөнү талап кылууда.

27-декабрда жергиликтүү "Демирөрен" кабар агенттиги Анталияда үч айдан бери изделип жаткан кыргызстандык аялдын сөөгү табылганын кабарлады.

Маалыматта 25-сентябрда Анталия шаардык прокуратурасына кыргызстандык келиндин туугандары арыз менен кайрылганы, ошондон бери издөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Шектүү делген 10 киши суралган

Кабар агенттигинин маалыматы боюнча, 51 жаштагы Д.К.ны издөө иштерин Анталиянын полиция департаментинин Коомдук тартип бөлүмү жана Адам өлтүрүү бюросунун атайын тобу жүргүзгөн.

Серик районундагы 200гө жакын коопсуздук камерасы иликтенген. Полиция дайынсыз кеткен аялдын уюлдук телефонуна келген чалууларды текшерип, шектүү делген 10 кишини суракка алган.

"Аны мен өлтүргөн жокмун, кантип өлгөнүн соттук медицина аныктайт"

Көп өтпөй Серик районунун тургуну Э.Б. кыргыз аял анын таанышы болгонун, анын үйүнө келгенин, эртең менен өзү каза болгонун, аялдын сөөгүн жерге көөмп салганын айтып, күнөөсүн моюнуна алган.

Окуяга байланыштуу камакка алынган 52 жаштагы киши ошол аймакта күнөсканалардын биринде жумушчу жана кароолчу болуп иштеген. Ал кыргыз аял менен тааныш болгонун, анын үйүнө келип өз ажалынан каза болгонун, сөөгүн үйүнөн болжол менен 20 метр алыс жерге 1,5 метр чуңкур казып көөмп салганын айткан.

"Аны мен өлтүргөн жокмун, кантип өлгөнүн соттук- медициналык экспертиза аныктайт" деген шектүү полицияга берген көрсөтмөсүндө.

Аялдын өлүмүнө айыпталган кишиге "атайылап адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгону жана тергөө абагына камалганы кабарланды.

"Кылмышкерлердин жазаланышын каалайм"

Кыргыз келиндин тек-жайын тактоо үчүн Анталия шаарындагы соттук-медициналык экспертиза мекемесинин өлүкканасына бул шаарда жашаган кызы чакыртылган.

"Демирөрен" кабар агенттигинин журналисти, каза болгон келиндин 25 жаштагы кызын кепке тарткан. Ал апасын кийиминен тааныганын айтты:

"Апам бул жакка иштегени келген. Ал Серикте бир карыяны карап иштечү. Андан кабар албай калгандан кийин, полицияга дайынсыз жоголгондугун билдирдик. Бүгүн полиция чалып, сөөк табылганын айтышты. Менден ДНК үлгү алышты. Апамды кийиминен тааныдым. Шектүүлөрдүн бири кармалып, экинчиси бошотулуптур. Кылмышкерлердин жазаланышын каалайм".

"Азаттык" менен киши колдуу болду делген келиндин таанышы байланышып, атын атабоону өтүндү. Ал экөө быйыл жайында Анталияда чогуу иштегенин айтып берди:

"Жүр кетели, көнгөн Орусияга эле барып иштейли" десем болбой койгон

"Жүр кетели, көнгөн Орусияга эле барып иштейли" десем болбой койгон. "Сиз кете бериңиз, мен барып калам" деп айткан. Аябай иштерман, жакшы келин эле. Суук кабарды угуп, ичим ачышып турат".

Түркияга барган чет өлкөлүктөр киши колдуу болгон учурлар буга чейин да катталган.

Быйыл 18-июнда Түркиянын Измир шаарындагы батирлердин биринен төрт түркмөнстандык мигранттын сөөгү табылган. Жергиликтүү маалымат каражаттары түркмөн аял, анын эки кызы жана дагы бир түркмөн жигит мыкаачылык менен өлтүрүлүп, сөөктөрү муздаткычтан табылганын жазган.

2021-жылы октябрда Түркиянын Текирдаг аймагында жашаган 30 жаштагы кыргызстандык келинди кайнатасы мыкаачылык менен өлтүргөн. Кылмышка барган киши быйыл өмүр бою эркинен ажыратылды.

2020-жылы Анталия шаарында 23 жаштагы кыргызстандык кыз бейтааныш адамдын кол салуусунан каза тапкан.

2016-жылы Анталия шаарына бала багуучу болуп иштегени барган Малика эс-учун жоготуп, катуу сабалган абалда табылып, бир нече жолу башынан операция болгон.

Түркия Стамбул конвенциясында жок

Түркия 2021-жылдын 1-июлунан тарта "Стамбул конвенциясы" деп аталган аялдарга зордук-зомбулукту токтотуу боюнча эл аралык документтен расмий түрдө чыккан. Мындай чечимди түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган кабыл алган.

Ошол күндөн бери Стамбул, Измир, Анкарада миңдеген кишилер нааразылык акциясын өткөрүүдө. Алар анда "Биз Стамбул конвенциясынан баш тартпайбыз", "Биз унчукпайбыз, коркпойбуз, баш ийбейбиз" деген ураандар жазылган плакаттарды кармап чыгышат.

Түркиянын Стамбул конвенциясынан чыгышына нааразы болгондордун акциясы.
Түркиянын Стамбул конвенциясынан чыгышына нааразы болгондордун акциясы.

Европа Кеңешинин 2011-жылы Стамбулда кабыл алынган келишими үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө өтө маанилүү укуктук документ болуп эсептелет. Аны кеңешке кирген бардык 47 мамлекет жактырган.

Аталган конвенциядан чыккан күнү дароо президент Эрдоган аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү боюнча жаңы улуттук план иштелип чыкканын жарыялаган. Ал 2021-2025-жылдарда зордук-зомбулукка каршы мыйзамдарды карап чыгуу жана натыйжалуу ишке ашыруу сыяктуу максаттарды камтыйт.

Быйыл 25-ноябрда Аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүндө Эрдоган сүйлөп жатып, Стамбул конвенциясынан чыгуунун кымындай да терс таасири болбогонун баса белгилеген.

Деген менен "Аялдарды өлтүрүүнү токтотобуз" платформасынын статистикасына ылайык, Түркияда быйыл 386 аял киши колдуу болуп, жүздөгөн аялдын өлүмү иликтенбей калган. Алардын ичинде канчасы чет өлкөлүк кыз-келин экени айтылган эмес.

Ал эми 2023-жылдын башынан бери чет өлкөлөрдөн мекенине 530 кыргызстандыктын сөөгү алып келингенин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлаган.

Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда, калгандары Түштүк Кореяда, Түркияда, Казакстанда каза тапкан. Бул үчүн мамлекеттен 57 млн 610 миң сом бөлүнгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG