Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:45

Украина: Орусия Одессага беш жолу ракета атты


Орусиянын Белгород облусунан Украинанын аймагына атылган ракеталар. Харьков. 20-август, 2022-жыл.
Орусиянын Белгород облусунан Украинанын аймагына атылган ракеталар. Харьков. 20-август, 2022-жыл.

Аннексияланган Крым жарым аралынын Севастополь шаарында 21-августта эртең менен кайрадан жарылуулардын үнү угулду. Акыркы күндөрү Орусиянын Крымдагы аскердик базаларынын аймагында жана Севастополдо бир катар жарылуулар болду. Орусиянын аскерлери Одесса облусуна беш ракета атканы кабарланды.

Украинадагы соңку абал

Одесса облусунун администрация башчысы Сергей Братчук 21-августта Орусиянын аскерлери Одесса облусуна беш ракета атканын билдирди. Анын маалыматына караганда, соккудан эч ким жабыркаган эмес. Окуя болгон жерде жарылуучу заттарды зыянсыздаруучу техника жана тергөөчүлөр иштеп жатат.

“Эки ракета деңиз үстүндө атып түшүрүлдү. Үч ракета Одесса облусунун айыл чарба ишканаларынын биринин аймагына тийди. Дан кампасында сокку болуп жатат”, - деди Братчук.

Буга чейин Орусия Кара деңиздеги аскер-деңиз тобун 15 кемеге чейин көбөйткөнү кабарланган. Жалпы 20 калибрдик ракетадан турган эки жер үстүндөгү жана бир суу астындагы ракета аткычтар, ошондой эле эки чоң десанттык кеме ракеталык сокку урууга даяр турганы белгилүү болгон.

Сергей Братчук ушул эле күнү Телеграммдагы каналына Украинанын аскерлери Херсон облусунда Орусиянын үч учкучсуз аппаратын атып түшүргөнүн жазды. Анын сөзүнө караганда, ал аппараттар артиллериялык соккуну жасоо үчүн абадан чалгындоо иштерин жүргүзүүгө аракет кылган. Маалыматты Украинанын аба күчтөрүнүн командачылыгы ырастады.

Орусия бул тууралуу комментарий бере элек. Согуш маалында жоготуулар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Крымдагы удаа-удаа жарылуулар

Ал эми аннексияланган Крым жарым аралынын Севастополь шаарында 21-августта эртең менен кайрадан жарылуулардын добушу угулду. Бул тууралуу Крым.Реалии сайтынын кабарчысына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Севастополдун орусиячыл бийлиги 20-августтун кечинде абадан коргонуу системасы иштегенин жарыялап, шаар тургундарын аны видео-сүрөткө тартып Интернетке жүктөбөөгө чакырды.

Акыркы күндөрү Крымда жана Севастополдо бир катар жардыруулар болду. Орусиянын бийлиги учкучсуз учактар атып түшүрүлгөнүн билдиргени менен бирок аны ырастаган далилдерди келтирген жок. Социалдык тармактардын колдонуучулары Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү иштеп жатканы тууралуу видеолорду жарыялап жатышат.

9-августта Крым жарым аралындагы орусиялыктар колдонгон “Саки” аскердик аэродромунда удаа жарылуулар катталган. Орусиянын бийлиги анда бир адам өлүп, 14ү жаракат алганын билдирген. Бир нече үй талкаланган. Орусиянын Коргоо министрлиги анда аэродромдун аймагында авиациялык дүрмөттөр детонация болуп, жарылып кеткенин жарыялаган. Мекеме сырттан чабуул болгонун четке каккан.

16-августта Крымдын Жанкой шаарынан 20 чакырым алыстыктагы Майское айылында катар-катар жарылуулар болгон.

18-августта Орусиянын “Белбек” аба майданынын аймагында жарылуулардын добушу угулган. Шаарга жакын жайгашкан Севастополдун жана Бахчисарай районунун бир нече тургуну “жардыруулардын жана ок атышуулардын үндөрүн” укканын айтышкан.

Украинанын бийлиги Крымдагы жарылууларга тиешеси бар экенин тактай элек. Украинанын президенти Владимир Зеленский өткөн аптада Крымдагы украиналыктарга кайрылып аннексияланган жарым аралдагы Орусиянын аскердик объектилерине жакын барбоого чакырган.

Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

“Крымдагы, өлкөнүн түштүгүндөгү башка жерлердеги, Донбасстын оккупацияланган аймактарындагы жана Харьковдогу элди өтө этият болууга чакырам. Орусиянын армиясынын аскердик объектилерине, ок-дарылар жана техникасы сакталган жерлерге жакындабаңыз. Украиндерди өлтүрүүгө алардын мүмкүнчүлүктөрү канчалык азыраак болсо, биз жерибизди ошончолук тез бошотуп, согушту да тезирээк бүтүрөбүз”, - деген Зеленский.

Орусия Украинаны химиялык зат колдонду” деп айыптады

Ал тапта Орусиянын Коргоо министрлиги Украинаны орус аскерлерине каршы химиялык заттарды колдонгон деп айыптады. Министрлик тараткан маалымат боюнча, 31-июлда Запорожье облусунда жүргөн орусиялык аскерлер катуу уулануунун белгилери менен ооруканага жеткирилген. Экспертизанын жыйынтыгында уулуу зат – “В” тибиндеги ботулиндик токсин табылган. Канча аскер ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат берилген жок.

“Донбасста жана башка аймактарда жеңиле баштаганда Владимир Зеленскийдин режими орусиялык аскерлерге жана жарандарга каршы химиялык уу колдонуу менен террордук актыларды жасоого уруксат берген”, — деп айтылат Орусиянын Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө.

Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо аскерлеринин башчысы Игорь Кириллов.
Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо аскерлеринин башчысы Игорь Кириллов.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Михайло Подоляк Орусиянын Коргоо министрлигинин Украинанын Запорожье аймагында орус аскерлерине каршы химиялык курал колдонгону тууралуу билдирүүсүнө Телеграммдагы баракчасынан жооп берди.

“40 градус ысыкта лицензиясы жок арзан спирт ичимдиктерин “орус армиясынын” мөөнөтү өтүп кеткен тамагы менен ашыкча ичүү албетте, күтүүсүз кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Украин жери орус баскынчыларына эч качан меймандос болбойт. Бирок, биз силерден жүйөлүү нерсе айтат деп күтө турган учур эмес экенин түшүнөбүз. Андыктан “алкоголдук химиялык куралды” кеңири колдонуу жөнүндө тамсилди айта бергиле, - деп жазды Подоляк.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны “денацификациялоо” жана “демилитаризациялоо” деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG