Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:11

Өзбек бийлиги Украинага согушка барган жарандарын жазалайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Пермь аймагындагы өзбек диаспорасынын башчысы ыктыярчылардан батальон түзүп, Украиндагы согушка аттанууну сунуш кылды. Анын сөзү соцтармактарда дароо талкуу жаратып, өзбек бийлиги диаспора жетекчилерине эскертүү бергени маалым болду.

Орусиянын Пермь аймагындагы өзбек диаспорасынын башчысы Жахонгир Жалолов Украинадагы согушка катышуу үчүн "Темирлан" деп аталган батальон түзүүнү сунуштады. Анын мекендештери менен жолугушууда тартылган видеосун Vetta телеканалы жарыялады.

"Биздин балдарыбыз бала бакчага барат, мектептерде жана университеттерде окушат. Биз Орусияда жашап жана иштеп жүрөбүз. Биз жеген наныбызды актоого милдеттүүбүз. Каалоочулардын батальонун түзүп, аны Амир Тимур (Темирлин) деп атоону сунуштайм".

Анын бул сунушун жыйынга келген ондогон мигрант кубаттап, кол чаап турганын видеодон көрүүгө болот.

Элчилик согушка катышкандар жоопко тартыларын эскертти

Пермдеги өзбек диаспорасынын жетекчисинин бул видеосу соцтармактарда кызуу талкуу жаратып, эртеси күнү Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиги бул аймактагы өзбек лидерлерин жыйынга чакырганы маалым болду.

Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги чет өлкөдө ыктыярдуу батальон түзүп же башка мамлекеттеги согуштук аракеттерге катышкан өзбек жарандары кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Элчиликтин расмий сайтына чыккан маалыматта ыктыярдуу батальондорго кошулуп чет жактагы согушка катышкандарга Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Жалданмачылык” беренеси менен иш козголуп, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганы айтылат. Ушундан улам элчилик мигранттарды “ар кандай чагымчыл аракеттерден этият болууга” чакырды.

Буга чейин "Коммерсант" басылмасы Украинадагы согушка катышуу үчүн Орусияда 40тан ашык ар кандай аталыштагы батальон түзүлгөнүн жазган.

Маалыматка ылайык, бир нече айдан бери аймактарда ыктыярчыларды аскерге тартуу иштери жүрүп, жергиликтүү бийлик жана айрым уюмдар элди бул бөлүктөргө жазылууга үндөп келет.

Тактап айтканда, Санкт-Петербургда "Кронштадт", "Нева" жана "Павловск" деген ыктыярчылардын отряддары, Ленинград облусунда "Невский" жана "Ладога", Якутияда "Ботур", Приморьеде "Тигр", Казанда болсо "Алга" жана "Таймер" бөлүктөр иш жүргүзуп жатканы маалым.

Ыктыярчылар расмий түрдө Орусиянын Коргоо министрлиги менен кеминде бир нече айга келишим түзүп, анын негизинде аскер кызматкеринин макамын алышат. Айлык акы болсо аймактарга жараша өзгөрүп, 130 миңден 300 миң рублга чейин жетери айтылып келет.

Өткөн айдын аягында расмий Ташкент өз жарандарын Орусияда жумуш тандоодо этият болууга чакырган. Анда борборазиялык мигранттарды жакшы маянага ишке чакырган жарыялар тарап жатканын, анын максаты Украинадагы жаңжалга тартуу экенин билдирген.

Буга чейин Орусиядагы мигранттарды Украинадагы согушка барууга азгырган учурлар көбөйгөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыккан. Февралдан бери согушта теги кыргызстандык бир нече жаран да набыт болду.

Бомбланган драма театр. Мариуполь.
Бомбланган драма театр. Мариуполь.

Кыргызстандык рэпер Украинада концерт берет

L'zeep аты менен таанымал кыргызстандык рэпер Медер Кадыров Украинанын чыгышында концерт берерин “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Донецк жана Мариуполдогу журналисттер Кадыровго жаш балдар үчүн концерт берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

"Бизге Донбасстан журналисттер чалып, интервью алышкан. Алар "концерт берсе болобу" деп сурашты, макул болдук. Уюштуруу маселелерин алар колго алышкан, бизге жол кире үчүн гана акча төлөшөт. Биз Донбасстын балдарына жардам катары таттууларды жана сувенирлерди алып кетебиз. Сапар 9-августта болушу керек болчу, бирок кийинкиге жылды", - деди Медер Кадыров.

Концерт эки шаарда - Донецк менен Мариуполдо өтөрүн айтты. Учурда бул эки шаар тең орус аскерлеринин көзөмөлүндө.

Медер Кадыров (L'Zeep) Кыргызстанда 2000-жылдардын ортосунда популярдуу болгон. Ал буга чейин орусиялык рэпер Павел Романюк менен Украинадагы "атайын операцияны" колдоо максатында биргелешкен композиция жазган.

Донбасска кеткен гумжардам

Быйыл 17-июнда YouTube порталына "Бүтүн Кыргызстан" жана "Бирдиктүү Россия" саясий партияларынын демилгеси менен Москвада чогултулган гуманитардык жардам Донбасс аймагына жөнөтүлүп жаткан тасма жарыяланган.

Видеодо эки партиянын желеги астында согуш жүрүп жаткан Украинанын жикчил аймагы - Донбасска гуманитардык жардамды жүктөө учурун көрүүгө болот.

Украинанын жикчил аймагы - Донбасска гуманитардык жардам алып бараткандар.
Украинанын жикчил аймагы - Донбасска гуманитардык жардам алып бараткандар.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын өкүлү Эмилбек Жайчиев Орусиядагы мекендештерден чогулган акчага 300 тоннадай азык-түлүк алынганын, кайрымдуулук акциясы дагы улантыларын билдирген.

Кыргызстандын улуттук коопсуздук комитети буга дароо көңул буруп, орусиялык медиага чыккан “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын айрым мүчөлөрүнүн билдирүүлөрү Кыргызстандын бийлигинин расмий позициясына жана Кыргызстандын элинин көз карашына каршы келерин жарыялаган.

Атайын кызмат саясий партиялар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрүн мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө доо кетирчү чагымчыл билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG