Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

Украина: айыгышкан кармаш уланууда


Украиналык аскерлер Донбасста. 21-июнь, 2022-жыл.
Украиналык аскерлер Донбасста. 21-июнь, 2022-жыл.

Орусиянын армиясы Харьков облусундагы айыл-кыштактарга артиллериялык сокку урууну улантты. Украинанын чыгышында эки өлкөнүн күчтөрү катуу кармашып жатышат. Орусиянын Коргоо министрлиги Крымдагы жарылууларды диверсия деп атап, аны Киевге ыктаган күчтөр уюштурган деп айыптады. Львовдун мэри Андрей Садовой жергиликтүү тургундарды кышында «күтүлүп жаткан оор кырдаалга» даяр болууну эскертти.

"Украин армиясынын жеңишин күтүп жатам"

Донецк районундагы Бахмут шаары күнү-түнү орус армиясынын аткылоосуна туш болууда. Бул калаада согушка чейин 70 миңдей адам жашачу. Алардын басымдуу бөлүгү чыгып кеткени менен, үй-жайын таштабагандар да бар.

Виктория Булавинцева аягы үзүлбөгөн атышуулардын добушу угулуп жатканына карабай, калаанын ээн көчөлөрүн шыпырып, украин аскерлери жакында орус армиясын аймактан сүрүп чыгат деп үмүттөнүп отурат.

"Украин жоокерлеринен такай "эгер орус армиясы шаарга кирип келсе, эмне болот?" деп сурайм. Алар "душманды киргизгенден көрө өлүп бергенибиз жакшы" дешет. Жеңишти аябай күтүп атам. Украин күчтөрү качан контрчабуулду башташат деп эле отурам. Августта башташмак. Орустарды бул жактан кууп чыгышса болот эле".

Бахмут шаарынын тургуну Виктория Булавинцева.
Бахмут шаарынын тургуну Виктория Булавинцева.

Украин бийлиги өлкө чыгышындагы аймактардын тургундарын кышка чейин коопсуз жактарга чыгарып кетүүнү көздөйт. Бахмут шаарын 2014-жылы кыска убакытка орусиячыл жикчилдер басып алышып, көп өтпөй украин армиясы кайра бошоткон.

Орусиянын армиясы 17-августка караган түнү Харьков облусунун айыл-кыштактарына авиациялык жана артиллериялык сокку урууну улантты. Украинанын башкы штабы билдиргендей, өлкө чыгышындагы Мазановка жана Новодмитревка райондорунда дагы айыгышкан салгылаш уланууда.

Львовдун мэриясы темир мештерди сатып алууда

Бейшембиде Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Украинанын Львов шаарына келип, Владимир Зеленский жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугары күтүлүүдө. Расмий Анкара билдиргендей, үч лидер Киев менен Москва элдештирүүгө алып келе турган дипломатиялык жолдорду талкуулашат.

Львов демекчи, калаанын мэри Андрей Садовой жергиликтүү тургундарды кышында «күтүлүп жаткан оор кырдаалга» даяр болууну эскертти. Ал администрация дагы темир мештерди сатып алып, даярданып жатканын билдирди.

"Башкалары иштебей калса, албетте, темир мештерди колдонууга туура келет", - деди Садовой. Ошондой эле ал тургундарга газдын, жарыктын өчүрүлүшүнө даяр болууну эскертти.

Ал арада Украинада мектеп программасынан бардык орус жазуучуларын алып салуу чечими кабыл алынды. Болгону Николай Гоголдун чыгармалары жана Михаил Булгаковдун "Собачье сердце" повести гана калтырылат.

Орус армиясынын ракеталары. Харьков шаарынан тартылган сүрөт. 15-август, 2022-жылы.
Орус армиясынын ракеталары. Харьков шаарынан тартылган сүрөт. 15-август, 2022-жылы.

Москва: Крымдагы жардырууларды Украинага ыктаган күчтөр уюштурган

16-августа Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында бир катар жарылуулар болуп, кеминде эки киши жараат алды. Миңдеген жергиликтүү тургун коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Орусиянын Коргоо министрлиги жарылууларды диверсия деп атап, Украинага ыктаган күчтөр аскердик логистиканы жарактан чыгарганын биринчи жолу мойнуна алды. Буга чейин тыштан кандайдыр бир чабуул болушу мүмкүн деген версияны четке кагып келген.

Орусия Украинага быйыл 24-февралда согуш ачкан. Ал эми 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялап алган жана өлкө чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөтүп, алардын бир тараптуу көз карандысыздыгын тааныган.

Украинанын бийлиги Крымдагы жарылуулар үчүн жоопкерчилик алган жок.

Британиянын Коргоо министрлиги жарылуулардын себеби белгисиз болсо да, бул окуялар орус командачылыгынын арасында тынчсызданууну күчөтүп койгонун жазды.

Туура бир апта мурда Крымдын батышындагы авиабазада жарылуулар болуп, бир нече орусиялык учак иштен чыккан. Кремль бир адам өлүп, 14ү жараат алганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG