Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:38

Украина: Запорожье АЭСинин айланасындагы абал курч


Запорожье атомдук электр станциясы.
Запорожье атомдук электр станциясы.

Украинадагы Запорожье атомдук электр станциясынын тегерегинде кырдаал кооптуу бойдон турат. Ал жердеги атышуулар үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптоодо. Дүйнөнүн 42 мамлекети Орусияны аймактан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды. Запорожье облусунун орусиячыл бийлиги аймакка тынчтык режимин киргизүүнү сунуштады.

Евробиримдиктин Орусияны Украинанын Запорожье атомдук электр станциясынын аймагынан өз аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырган билдирүүсү 14-августта жарыяланды. Биримдиктин сайтындагы кайрылууда Европадагы эң ири атомдук электр станциянын аймагына киргизилген орус аскерлеринен улам Киев өзөктүк жана радиациялык коопсуздукту сактай албай жатканы жазылган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский станциянын айланасындагы атышуу радиациянын абага чыгуу тоболкелдигин күчөткөнүн 15-августка караган түнү жасаган кайрылуусунда билдирди. Ал Орусиянын өзөктүк тармагына санкция салууга чакырды.

"Албетте, катаал реакция болушу керек. Украин дипломаттары жана өнөктөш мамлекеттердин өкүлдөрү Орусияга каршы киргизилген жаңы санкциялар орус атомдук тармагына кедергисин тийгизиш үчүн колунан келгенин кылышат".

Орусия ал заводдо аскерлери бар экенин четке какпаганы менен анын тегерек четин аткылаганын мойнуна албай келет. Тескерисинче, Москва бул үчүн украин күчтөрүн айыптаса, Киев бул маалыматты төгүндөөдө. АЭСтин тегерегиндеги кырдаал Улуттар Уюмунда (БУУ) жана Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттикте тынчсызданууну жаратты. Эки мекеме тең станцияга атайын инспекторлор барышы керек экенин белгилешти. Ал эми Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш заводдун айланасында демилитаризация аймагын түзүүнү сунуштады.

Орус армиясы Запорожье атомдук электр станциясын марттын башында эле басып алган. Ал орустардын карамагына өткөн Мариупол портунан 200 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Киевдин маалыматына караганда, обьектини 10 миңдей украин кызматкери иштетет.

Атомдук электр станциялар боюнча германиялык адис Себастьян Странский АЭСтин кызматкерлери бир нече айдан бери стресс абалда иштеп жатышканын айтат.

"Бул жерде техникалык коопсуздук менен катар кызматкерлердин ар тараптуу коопсуздугу да маанилүү. Тактап айтканда, АЭСте иштегендердин менталдык абалы туруктуу болуш керек. Аларга тыштан эч нерсе таасир этпей, эч кандай басым болбошу зарыл. Ошондо гана алар реакторго тыкыр көз салып, ар кандай операцияларды регламентке ылайык аткара алышат. Менимче, станциянын кызматкерлери бир канча айдан бери катуу стресстин алдында иштеп жатышат. Бул, албетте, кандайдыр бир катачылыктарга алып келиши мүмкүн", - дейт Странский.

Запорожье облусунун орусиячыл бийлиги Улуттар Уюмуна жана Батыш мамлекеттерине жооп кайтарып, станциянын айланасында тынчтык режимин жарыялоону сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги 15-августта Запорожье облусунун орусиячыл администрациянын жетекчиси Владимир Роговго таянып жазды.

Украинада кармаш уланууда

Ал арада украин армиясы Херсондогу Антоновский көпүрөсүнө сокку урду. Киев муну менен аймактагы үч көпүрөнү тең иштен чыгарууну көздөп жатат. Бул өз армиясына курал-жабдык жеткирүүдө Москвага кыйла тоскоолдук жаратмак. Ошол эле маалда орус аскердик командачылыгын басымдуу бөлүгү Херсондон чыгып кеткени кабарланууда. Буга чейин украин күчтөрү Херсонду баскынчылардан бошотуп алуу максатында контрчабуул башташканын жарыялашкан.

Ошондой эле украин күчтөрү Северск-Бахмут багытындагы тилкеде “Вагнердин жеке аскердик компаниясынын” (ЧВК Вагнера) турумдарына сокку урганы маалым болду.

Орусиялык Телеграм каналдар жазгындай, соккунун жыйынтыгында компания болуп көрбөгөндөй жоготууларга учурады. Жалданма аскерлер Донецк районундагы аскердик кармаштарда активдүү катышып жатышкан.

Учурда Орусиянын армиясы Украина аймактарына алты тараптан чабуул коюп жатат. Бул Харьков шаары жана Харьков облусунун түндүк-чыгыш тарабы, Изюм-Славянск, Северск-Лисичанск тилкелери, Бахмут шаары жана Авдеевка-Донецк району жана Украинанын түштүгү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG