Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Украина: балдар иш-чарасындагы жарылуу


Украин аскерлери орус армиясынын позициясына сокку урууда. Украинанын чыгышы. Август, 2022-жыл.
Украин аскерлери орус армиясынын позициясына сокку урууда. Украинанын чыгышы. Август, 2022-жыл.

Украинанын Чернигов шаарында ишембиде балдардын иш-чарасындагы жарылуу учурунда жаракат алгандардын саны 15ке жетти. Жабыркагандардын сегизи балдар экенин Чернигов облусунун аскердик администрация башчысы Вячеслав Чаус билдирди.

Анын айтымында, балдар иш-чарасында аскерлер жана курал-жарак, ок-дары болбоого тийиш эле. Ал жерде балдарга арналган интерактив өтүп жатканда, гранатомет жарылганы айтылды.

Маалыматтарга караганда, азыр төрт киши, анын ичинде эки бала ооруканада. Балдардын биринин абалы оор экени кабарланды.

Чаус окуянын чоо-жайы териштириле турганын маалымдады.

Ал тапта Украинанын президенти Владимир Зеленский 3-сентябрдын кечиндеги видео кайрылуусунда Орусия кышында европалыктарга "чечкиндүү энергетикалык сокку урууга" камданып жатканын айтты.

Ал Европа үчүн кыш оор болорун, бирок биримдик жана Москвага каршы санкцияларды күчөтүү менен кырдаалдан чыгууга мүмкүн экенин белгиледи.

Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

"Бул күндөрү Орусия Европага энергетикалык басымды мурдагыдан да көбөйтүүгө аракет кылып жатат. "Түндүк агым" кууру аркылуу газ берүүнү толук токтотту. Алар эмне үчүн муну кылып жатышат? Орусия биздин континенттеги бардык өлкөлөрдөгү ар бир европалыктардын кадыресе турмушун талкалагысы келет. Ал бүтүндөй Европаны, ар бир мамлекетти алсыратып, коркутууну көздөйт", - деди Зеленский.

4-сентябрда Германиянын өкмөтү жакынкы айларда энергия булактарынын кымбатташына жана жогорулаган инфляцияга каршы күрөшүү үчүн 65 миллиард евро бөлөрүн жарыялады.

Немис канцлери Олаф Шольц жарыялаган бул чаранын алкагында коомдун аялуу катмарына бир жолку төлөмдөр берилет жана энергияга көбүрөөк көз каранды ишканалар убактылуу салыктан бошотулат. Ошондой эле коомдук транспорт тармагы 1,5 миллиард евролук субсидия алат.

Немис өкмөтү кымбатчылыкка каршы күрөшүү үчүн буга чейин да эки жолу каражат бөлгөн. Бирок бул ирет эң көп акча бөлүнүп жатат.

Олаф Шольц
Олаф Шольц

Шольц Германияда кийинки жылга жеткидей энергия булактары, анын ичинде газдын запасы бар экенин айтты.

"Биз бул кыштан чыгабыз", - деди ал.

Социал-демократиялык партиянын өкүлү Шольц жекшемби күнү көпчүлүк коалициядагы өнөктөштөрү, Жашылдар партиясынын лидерлеринин бири Омид Нурипур жана каржы министри, Эркин демократиялык партиянын жетекчиси Кристиан Линднер менен бирге журналисттердин алдына чыкты.
Үч лидер тең биримдикти баса белгилешти.

"Биз бөлүнүүгө жол бербейбиз", - деди Нурипур.

2-сентябрда Орусия техникалык мүчүлүштүктөрдү жүйө кылып, "Түндүк агым 1" турбинасы аркылуу Германияга газ берүүнү белгисиз мөөнөткө токтоткон. Германиянын расмий жетекчилери жана Siemens Energy компаниясы газ куурунда эч кандай маселе жок экенин белгилеп келет. Украинада согуш башталгандан тарта Европанын энергетика тармагында баа кымбаттады. Европанын башка өлкөлөрү да Германия сыяктуу чараларды жарыялап, орус газына жана мунайына болгон көз карандылыкты азайтууга аракет кылып келишет. Москва буга чейин энергия булактарын курал катары колдонбогонун билдирген.

Ал арада Украинанын премьер-министри Денис Шмыгал Германиянын канцлери Олаф Шольц менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 3-сентябрдын кечинде Берлинге барды. Ал соңку бир канча айдын ичинде Германияга барган украиналык алгачкы расмий жетекчи болуп калды.

Анын сапары Германия менен Украинанын ортосунда чыңалуу токтогонун ишарат кылууда. Буга чейин расмий Киев "орус күчтөрүнө каршы күрөшүүгө жетиштүү жардам берген жок" деп Берлинди айыптаган.

Шольц июнь айында Киевге келип кеткен жана андан көп өтпөй Украинага көбүрөөк курал-жарак жөнөтүлө баштаган.

"Германия Украинага курал-жарактан колдоо көрсөтүүдө чоң жылыш жасады", - деп билдирди Шмыгал Берлинге сапарынын алдында.

Ал Киев Германиянын "Леопард-2" сыяктуу заманбап согуштук танктарына муктаж экенин белгиледи. Ошондой эле Украина орус энергиясына көз карандылыгын азайтуу үчүн Германияга электр энергиясын экспорттоого даяр экенин кошумчалады. Орусия кол салган февраль айынан бери Украинанын өзүндө электр энергиясын керектөө кескин азайып кеткен.


Украин өкмөт башчысы Берлинде Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен да жолугат. Штайнмайер орус күчтөрү Украинага басып киргенден көп өтпөй Киевге болгону 5 миң коргоочу шлем сунуш кылганы үчүн сынга кабылган. Буга чейин ал Орусияга жумшагыраак мамиле кылууну көздөгөн саясатты алга сүрөп келген. Бирок кийинчерээк бул саясат катачылык болгонун моюнуна алган.

4-сентябрга караган түнү орус күчтөрү Украинанын Николаев шаарын аткылады. Социалдык тармактардын украин сегментинде жекшемби күнү Херсон шаарындагы Антонов көпүрөсүндө жаңы жардыруулар болгону кабарланып жатат. Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактар ырастай элек.

Соңку апталарда орус күчтөрүнүн көзөмөлүндө турган Запорожье атомдук электр станциясындагы кырдаал эл аралык коомчулукту тынчсыздандырып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG