Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:11

Украина: АЭСте абал курч, Херсондо чечүүчү кармаш


Украинадагы согуштун кесепеттери. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинадагы согуштун кесепеттери. Иллюстрациялык сүрөт.

Киевге келген Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин эксперттер тобу андан ары Запорожье атомдук электр станциясын (АЭС) көргөнү жөнөштү.

Орусия басып алган станцияда акыркы айларда атышуу күчөп, кооптуу абалга кептелген. Ал арада украин күчтөрү түштүк облустарда контрчабуулун улантып, орус күчтөрүн артка сүрө баштады.

Украиндер күткөн миссия

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги – МАГАТЭнин эксперттер тобу Киевге 30-августта келди. Мында алар Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жолугуп, 31-августта Запорожье облусуна багыт алышты.

Топту жетектеп жүргөн МАГАТЭнин башчысы Рафаэл Гросси Европадагы эң чоң атомдук электр станциясына байкоо салуу үчүн Украинада туруктуу миссия түзүү ниетин билдирди:

“Бул операциялар өтө татаал. Биз согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакка, оккупацияланган жерге баратабыз. Бул үчүн Орусия тараптан эле эмес, Украина тараптан да так кепилдик талап кылынды”, – деди Гросси Киевде миссия жолго чыгар алдында.

Эксперттер тобу Запорожье АЭСинин объектилерине келтирилген зыянды баалап, негизги жана резервдик коопсуздук системалары иштеп-иштебей жатканын аныктайт. Ошондой эле кызматкерлердин иштөө шартын текшерип, атомдук электр станциясынын коопсуздугу боюнча чукул чараларды кабыл алат. Гросси кошумчалагандай, миссиянын мүчөлөрү станцияда “бир нече күн” болот.

Владимир Зеленский менен Рафаэл Гросси. Киев, Украина.
Владимир Зеленский менен Рафаэл Гросси. Киев, Украина.

Станциянын абалын текшерүү өзүнчө маселе, ошол эле маалда чет элдик эксперттердин коопсуздугу да өзүнчө маселе болуп турат. Себеби, акыркы бир-эки айдан бери Запорожье АЭСинин айланасында атышуу күчөгөн. Станцияга тиешелүү объектилерге ок тийип, өрт чыккан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия эксперттер жүрө турган коридорду атайылап аткылап жатканын билдирди:

“Бул өтө маанилүү миссия, биз алардын коопсуз жана толук кандуу иштеши үчүн болгон нерсени жасайбыз. Тилекке каршы, Орусия так ошол миссия станцияга бара турган багыттарда чагымдарын токтотпой жатат. Бирок мен МАГАТЭнин миссиясы ишин баштайт деп үмүт кылам. Запорожье атомдук электр станциясында жана ал жайгашкан Энергодар шаарында, ага жакын райондордо кырдаал өзгөчө коркунучтуу абалда кала берүүдө. Оккупанттар станциядан чыкпай, аткылоосун улантууда. АЭСтин аймагынан курал-жарактарын чыгарып кетпей турушат. Алар биздин атомдук адистерибизди коркутууда. Орусиянын аракеттеринен улам радиациялык катастрофа коркунучу бир саатка да басаңдаган жок”, – деди Зеленский соңку видео кайрылуусунда.

Орусия Запорожье АЭСин Украинага кол салгандан бир нече күндөн кийин, марттын башында басып алган. Анда атышуулардан улам өзөктүк реактор жабыр тарткан болушу мүмкүн деген коркунучтар болгон. Ал тургай өрт дагы чыгып, араң басылган. Бул Чернобыл АЭСиндеги 1986-жылкы кырсыкка окшош чоң аварияга себепчи болуп калышы мүмкүн эле.

Запорожье АЭСинин айланасы өрттөнүп жаткан учур. 24-август, 2022-жыл.
Запорожье АЭСинин айланасы өрттөнүп жаткан учур. 24-август, 2022-жыл.

Азыр деле ушундай коркунуч бар. Ошол себептүү этият шарт үчүн өткөн аптада украин бийлиги Запорожьенин тургундарына радиоактивдүү заттарга каршы дары-дармектерди (йод) тарата баштаган. Расмий Киев МАГАТЭден станциянын абалын текшерип кетүүнү суранган.

Херсондогу чечүү кармаш

Украинадагы жалпы согуштук кырдаалды түшүнүү үчүн биз аны эки багытка – чыгыш жана түштүк фронтко бөлүп карасак болот. Февраль-мартта Киев багытынан артка чегингенден кийин орус аскерлери Крымды кошпогондо Украинанын алты облусунда гана калган.

Учурда чыгыштагы Донецк, Луганск облустарынын көпчүлүк бөлүгүн жана Харьков облусунун азыраак бөлүгүн, түштүктөгү Запорожье, Херсон облустарынын көпчүлүк бөлүгүн жана Николаев облусунун азыраак бөлүгүн ээлеп турат.

Чыгыш фронтто кармаш айыгышкан мүнөздө уланууда. Бирок украиндер орустардын курал-жарак кампаларына катуу сокку ургандан кийин согуш линиясы өтө өзгөрбөгөн абалда келатат. Соңку маалыматтарда Донецк калаасынын айланасындагы Авдеев жана Бахмут шаарларында атышуу күчөдү.

Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген.
Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген.

Ал эми түштүк фронтто Украинанын Куралдуу күчтөрү контрчабуул баштаганына эки күн болду. Алар алгач Херсон облусундагы көпүрөлөрдү талкалап, Днепр дарыясынын оң тарабындагы орус аскерлерин арт жактагы күчтөрү менен байланышсыз калтырды. Орус тарап дарыяга калкыма көпүрөлөрдү куруп, кайрадан каттай баштаганы менен ага да сокку урулганы кабарланды. Иш жүзүндө украиндер контрчабуул менен Херсондун Днепрге чейинки бөлүгүн кайтарып алганы турушат. Антсе Николаев облусунун чакан бөлүгү да бошойт.

Британиянын Чалгын кызматы күн сайын берүүчү билдирмелеринин 31-августтагы чыгарылышында Украинанын контрчабуулдарын ырастап, ал алгачкы жыйынтыктарын бергенин маалымдады:

“Украинанын түзүмдөрү орус коргонуусунун алсыз жерлерине басым жасоо менен бир канча жерде фронттун линиясын кыйла аралыкка чейин артка жылдырды. Орусия өз доктринасына ылайык, өз линиясындагы боштуктарды толтурууга аракет кылып жатат. Алар мурдатан даярдалган мобилдик резервдик топторду, анын ичинде Чыгыштагы аскердик күчтөрүн тарта баштады. Орусия Украинага жаңы күчтөрүн тартып келүүгө да жан үрөп жатат”,-деп айтылат британ чалгын кызматынын маалыматында.

Украин күчтөрү HIMARS менен талкалаган Херсондогу Антонов көпүрөсү.
Украин күчтөрү HIMARS менен талкалаган Херсондогу Антонов көпүрөсү.

Украиналык басылмаларда жана Телеграм-каналдарда да Херсон облусундагы жарылуулар жана атышуулар тууралуу маалыматтар, видео-сүрөттөр да жайнап чыгып жатат. Анда тургундар Днепрдеги калкыма көпүрө аркылуу сол жээкке жапырт өтүп кетип жатышканы көрүнүп турат.

“Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын долбоору –“Настоящее Время” телеканалына берген интервьюсунда Херсон облустук кеңешинин депутаты Сергей Хлань мындай пикирин келтирди:

“Мындай чабуул болору мага бир ай мурда эле түшүнүктүү болгон. Мен ошол маалда жакынкы эки-үч апта, сентябрь айы чечүүчү болорун айткан элем. Мына ошол келди. Эгер контрчабуул ийгиликтүү болсо Днепрдин оң жээгиндеги оккупанттар изоляцияда калат, алар украин күчтөрүнүн чабуулдарына каршылык көргөзө албай калат. Бир айдын ичинде биздин күчтөр орус армиясынын арт жагындагы пункттарды талкалап, транспорттук артерияларды көзөмөлгө алды. Контчабуул аракеттерин баштоого чындап мезгил келген болчу”.

Орусиянын Коргоо министрлиги контрчабуул башталганын ырастабаганы менен бул аймакта украиндердин каршылыгы күчөгөнүн мойнуна алып жатат. Бирок башка аймактар сыяктуу эле Херсондо деле алар алдыга жылып жатканын билдирүүдө. Министрликтин өкүлү Игорь Конашенков 31-мартка карата алар Херсондо 36 чарчы чакырымды ээлешкенин айтты.

Орусиянын аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Бул аралыкта Киев 9 миңдей жоокерин жоготконун тактады. Орусия мартта 1351 аскери өлгөнүн расмий билдиргенден бери маалыматтарды жаңылай элек. Украиндер 48 миңге жакын орус аскери өлдү деп кабарлап жатышат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG