Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:58

Фрэнсис Фукуяма: Путин тарыхта эң чоң ката кетирди


Фрэнсис Фукуяма.
Фрэнсис Фукуяма.

Фрэнсис Фукуяма - атактуу америкалык саясат таануучу, Стэнфорд университетиндеги Демократияны өнүктүрүү жана мыйзамдын үстөмдүгү борборунун директору. Ал өз карьерасында эл аралык саясат, экономикалык өнүгүү жана демократизация тууралуу китептерди, илимий эмгектерди жазган.

1980-жылдары президент Рональд Рейгандын учурунда АКШнын Мамлекеттик департаментинин кызматкери болгон. Анын эмгектерин либерализм менен неоконсерватизмди өнүктүрүү менен байланыштырышат.

Саясат таануучунун эң башкы эмгектеринин бири - 1992-жылы чыккан "Тарыхтын соңу" аттуу макаласы менен китеби. Бул эмгектеринде Фукуяма ар түрдүү саясий идеологиялардын тарыхтагы атаандаштыгын белгилеп, Советтер Союзунун урашы менен Батыш үлгүсүндөгү либералдык демократия "марага чыккан" саясий система катары жеңип, "бул тарыхка" чекит койгонун жазган.

Фукуяма менен "Настоящее время" телеканалынын кабарчысы Вениамин Трубачев маектешкен.

- Михаил Горбачёвдун тарыхтагы ролу кандай эле?

- Ал тарыхта чыныгы эбегейсиз чоң орду бар фигура катары кала берет деп ойлойм. Горбачёв мурдагы Советтер Союзуна эркиндик каалаган лидер болчу. Демократияга чындап умтулганына ишене бербесем да, элдин тарыхы тууралуу чындыкты айтуусун каалаган. Мына ушул чындыгында Батыш Европа өлкөлөрүнүн советтик таасирден куткарган чечүүчү учур болду, ал эми Советтер Союзундагы Украина, Молдова, Беларус сыяктуу өлкөлөр көз карандысыздыгын алышты. Бул адамзаттын эркиндигине кошкон чоң салым, мындай салым ошол маалдагы лидерлерден болгон эмес.


- Горбачёв мисалында айта турган болсок, инсан тарыхтын нугун канчалык өзгөртө алат?..

- Горбачёв өзү жашаган коомдун күзгүсү болгон. Ага коммунизм жакчу эмес, бирок Орусияда улуу державалык шовинизм сыяктуу маданияттын өзөктүү тенденциялары бар. Азыркы тапта менимче ал (Горбачёв) Орусияда белгилүү деле фигура эмес, себеби анын башкаруусу такыр башкача болгон. Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын башында турганда анын инсандык сапаты коомду өзгөртүүгө чындап түрткү берген.

- Эми Украинадагы согуш тууралуу сүйлөшсөк, бир ай мурда интервьюңузда "Украина азыр Кара деңизге жол ачыш үчүн түштүк аймактарына көңүл буруп, Херсонду жана Кара деңиздеги портторду кайтарып алышы керек. Бул Донбасстан да маанилүү" деген элеңиз. Азыр Украинанын армиясы дал ушул багытта сокку уруп жатат. Мындан ары окуялар кандай өнүгөт?

- Менимче, Украинанын аскерий жетекчилигинин стратегиялык багыты эң мыкты. Кара деңиздин жээгин бошотуу өтө маанилүү, себеби Украина толугу менен Кара деңиздин жээгине көз каранды. Одесса порту, Кара деңиздеги башка порттордой эле дан эгиндерин экспорттоо үчүн колдонулат, бул экономикалык тиричиликти жөндөө үчүн өтө маанилүү. Алар (украиналыктар) орусиялыктардын ары-бери каттоосун бууп салыш үчүн АКШ берген HIMARS, реактивдүү артиллерия сыяктуу курал-жарактарды эң жогорку деңгээлде пайдаланып жатат деп ойлойм. Ошондуктан, жыл соңуна чейин бул аймакты толугу менен бошотот деген реалдуу мүмкүндүк бар. Ушундай болот деп аябай ишенем. Украиналыктарлын согуштагы эрки орусиялыктарга салыштырмалуу өтө жогору деген ойдомун. Мындан ары абал кандай өзгөрөт, карап турабыз да, жакшылыктан үмүт үзбөйлү.


- Ири масштабдагы согуш башталардын алдында Батыштын чалгын кызматтары Украина бир нече күнгө эле туруштук берет деп божомолдогон. Согуш башталганына жарым жылдан ашты, азыр эми батыш лидерлери Украина жеңишке жетиши керек деп жатат. Украина эмненин эсебинен жеңет?

- Менимче, эң биринчи максат - 23-февралдан кийин бир нече аймакты ээлеп алган орусиялык армияны сүрүп чыгаруу. Муну жакын арада ишке ашырса болот. Андан кийин гана Орусия менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүү керек. Себеби, баштапкы планынын ойрону чыгып, армиясы чоң жоготууларга учураганда гана Орусия узак мөөнөттүү тынчтык сүйлөшүүлөрдү башташы ыктымал. Бирок бул баары бир катачылык болот. Анткени Орусия аскерий күчүн, экономикасын чыңдап алгандан кийин дагы кол салат. Бул тынчтык алып келбейт. Ошондуктан артка, жок эле дегенде 23-февралга чейинки абалга кайтууга туура келет. ​

- Украина менен Орусиянын ортосунда сүйлөшүү азыр жүрүшү мүмкүнбү? Тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө шарт барбы?

- Жакынкы келечекте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн эч кандай кажети жок деген ойдомун. Бул орусиялыктарга кызык эмес, алар азыркы абалда токтоп туруудан да чоң максаттарды көздөрүн таасын айтышты. Украинадагы бир да саясатчы украин эли үчүн кво-статусун бекитүүнү туура деп эсептебейт. Бул кабыл алынгыс нерсе. Орусияга кайра чабуулду баштоо үчүн убакыттан утууга гана жардам берет. Эч кандай узак мөөнөттүү тынчтык алып келбейт. Ошондуктан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү азыр каралган жок деп ойлойм.​

- АКШ жана Батыштын башка өлкөлөрү азыр Украинага курал берип жатат. Согуш майданында жеңиш үчүн Украинага берилген курал-жарак жетиштүүбү? Украинанын жеңиши үчүн эмне зарыл деп ойлойсуз?

- Менимче, бир да аскер курал-жарак жетиштүү деп ойлобойт. АКШ мындан ары HIMARS сыяктуу узакка сокку ура алган куралдарды көп санда жеткирсе деп ойлойм, ошондой эле учактарды, азыр Украинага жетпей жаткан бардык курал-жаракты берип турса жакшы. Бирок муну менен бирге эле АКШ эскалацияны козутуп албашы үчүн өтө этият болууда деген ойдомун. Себеби бул чыр-чатак көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн. Ошондуктан мен учууга тыюу салынган аймактарды киргизүүгө каршымын, бул НАТО менен Орусиянын ачык тирешине алып келет. Биз болсо дал ушул абалды кыйгап өтүү аракетиндебиз. Андыктан орусиялык армияны 23-февралдан кийин басып алган аймактардан сүрүп чыгаруу үчүн АКШ жана НАТОго мүчө башка өлкөлөр Украинага курал-жарактарды бериши керек деген ойдомун.​

- Интервьюларыңыздын биринде "Украинада демократиянын келечеги үчүн глобалдык согуш жүрүп жатат. Азыр Путиндин Украинадан жеңилгени өтө маанилүү. Украиналыктар муну ишке ашырат" деп айткан экенсиз. Эмнеге сиз ал сөзсүз түрдө согуштан жеңилиши маанилүү деп ойлойсуз?

- Путин менен Кытайдагы Си Цзинпин кандайдыр бир максатка чечкиндүү жана тез жетүүдө авторитардык модел батыш демократиясына караганда күчтүү экенин далилдегиси келип жатат. Мен бул жаңылыштык экенин, Украинага аскер киргизүү менен ал тарыхта эң чоң стратегиялык ката кетиргенин көрсөтүү өтө маанилүү деп ойлойм. Путин демократияга каршы күчтөрдүн борборунда туруп, дүйнөдөгү Иран, Сирия, Венесуэла сыяктуу антидемократия өкүм сүргөн режимдерди колдойт. Мына ушул баарыбызга тиешелүү глобалдык күрөш. Ал АКШга да жетип, Дональд Трампты жана Трамп баштаган саясий күчтөрдү колдоп чыкты. Мындан улам мен ал дүйнөдөгү бардык демократияга коркунуч келтирет деп эсептейм.​

- АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү "биз согуштан чарчадык, биздин шайлоочуларыбыз согуштан тажады, мындан ары каржылык колдоо кыла албайбыз, Орусиянын талабына көнө берели" деп айтышы мүмкүнбү?

- Мындай жыйынтык согуштун жүрүшү туңгуюкка кептелгенде гана болушу мүмкүн деп ойлойм. Европа бул кышты Орусиянын газы жок эле өткөрүп, согуш түбөлүккө созулбасын түшүнөт деп турам. Бирок бул мурдагы согуштардай эле ара жолдо тоңуп кала турган болсо, анда Украинага көп басым болот. Бул басым Германиядан жана башка европалык өлкөлөрдөн болуп, алар "экономиканы жөнгө салуу үчүн кырдаалды жайгаралы" деши мүмкүн. Батыштын колдоосун алуу үчүн Украинанын Херсонго чабуул койгону өтө маанилүү. Мындан аркы санкциялар жана Украинаны колдоо ушуга жараша болот деп ойлойм.

- Келиңиз, Путин тууралуу сүйлөшөлү. Жакында сиз: "Орусия азыр нацисттик Германияга окшош. Путин баарын көзөмөлдөйт" деп айткансыз. Орусиянын ичинде кандайдыр бир өзгөрүү болуп, бийлик алмашып кетиши мүмкүнбү?

- Бул көптөр ар кандай жоромолдогон суроо. Мен арабыздан кимдир бирөө ушундай болорун билет деп ойлобойм. Биз Орусиянын атайын кызматтарында, армиясында Путин ката кетирди деп ызаланып, бул үчүн аны жактырбагандар бар деп гана божомолдой алабыз. Бирок азыр улутчулдук маанай күч. Бийликте бул ачык бөлүнүүгө алып келерин азыр эч ким алдын ала айта албайт деп ойлойм. Бирок, узак мөөнөттүү келечекте бул Путиндин өзү үчүн да, путинизм деген түшүнүк үчүн да жакшы эмес деген пикирдемин. Себеби, ал өзүнүн стратегиялык максаттарына жеткен жок, жетпейт дагы. Биз бул Кремлде кандайдыр бир өзгөрүүгө түрткү берет деп үмүт гана артсак болот.

- Путин президент болбой калды дейли. Орусиядагы көптөгөн адамдардын согушту колдоп жатканын эске алсак, Украина карата агрессия токтойбу?

- Менимче, көйгөй кала берет. Анткени Путин Орусияда улутчулдуктун жеткен чегин культташтырып койду. Ал кеткенде көйгөй кошо жок болот деп ойлобойм. Андыктан Путинден кийин келечектеги жетекчиликтен радикалдуу өзгөрүүнү күтсө болот деп ишенимдүү айта албайм. Анткен менен алар чоң жоготууга алып келген нерсеге инвестиция салат деп ойлобойм. Ошондуктан келечекте тынчтык болбосо да, орусиялыктар ушул жылы басып алынган аймактардан куулуп, ок атышуулар узак мөөнөткө токторуна үмүт кылышыбыз керек деген ойдомун.

- Бир ирет "Путин көп процесстер артында атайын кызматтар турган 20-кылымдын башындагы дүйнөдө жашайт" деп айткансыз. Келиңиз, азыр анын айлананын баары душман эсептеген дүйнөсүн элестетип көрөлү. Ал жакында кандай чечимдерди кабыл алышы мүмкүн?

- Путиндин дүйнө таанымы КГБдан чыккан кызматкердикине аябай мүнөздүү. Ал мурдагы Коммунисттик партиядагы элиталардын чалгын кызматтары манипуляция кылгандай эле адамдар, демократиялык коом тарыхка кандайдыр бир деңгээлде таасир эте алат дегенге ишенбейт. Мына дал ушул себептерден улам ал бул согушта өтө чоң каталарды кетирди. Себеби, ал Украинаны чыныгы өлкө катары кабылдаган эмес. Украиналыктар өз суверенитетине жана эгемендигине кам көрө турганын, аларда Орусияга караганда эркин коом түптөлгөнүн капарына албаган. Ушундан улам анын көйгөйлөрү көп, анткени чыныгы кырдаалды билбейт, 2013-2014-жылдары Намыс ыңкылабындагыдай эл өз алдынча күтүүсүз көтөрүлүп чыгарын да күткөн эмес. Ушул нерселерди түшүнмөйүнчө улам-улам ката кетире берет.​

- Сиз Украина менен Орусиянын келечегин 5-10 жылдан кийин кандай көрөсүз? Бул өлкөлөр кандай болот? Өз ара карым-катышы кайсы нукта кетет?

- Мен эч кандай божомол айта албайм, тек гана өз ниетимди билдиргим келет. Мен 10 же 15 жылдан кийин Украина көз карандысыз, демократиялык, эркин жана өзүнүн аймагындагы суверендүү өлкө болот деп үмүттөнөм. Бул өз кезегинде Орусияга да таасир этет, путиндик амалдын ишке ашпай калышы келечекте мындай катага жол бербеген улуттук басынууну жаратат деп ниет кылам. Мен дагы орусиялыктар 1991-жылдан кийин демократия мурда Советтер Союзу көзөмөлдөгөн өлкөлөргө чейин тараган европалык өнүгүү ыраатына өтөт деп үмүттөнөм.

Маекти орус тилинде бул жерден табасыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG