Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Украина Одесса бүгүн да Орусиянын ракеталык чабуулуна кабылганын билдирди


Украина. Одесса.
Украина. Одесса.

Украинанын Одесса облусу бүгүн 2-майга караган түнү да Орусиянын ракеталык чабуулуна кабылганын, 14 киши жараат алганын аймактын аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдирди.

Анын айтымында, жараат алгандардын биринин абалы орточо оор деп мүнөздөлүүдө, ал ооруканага жаткырылды.

Соккунун кесепетинен жарандык инфраструктура объектилери, почта мекемесинин кампасы талкаланганы, өрт чыгып, тегеректеги үйлөрдүн айнеги күбүлүп түшкөнү маалымдалды.

Украинага каршы агрессиясын 2022-жылдын февралынан бери улантып келе жаткан Орусия соңку убакта Одесса аймагын күн сайын ракета менен аткылоодо. 29-апрелде алты, 1-майда бир киши каза болгон. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Орусия бул аймакта кассеталык ракеталарды колдонууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG