Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:24

Украина: Орус армиясы чегине баштаганы кабарланды


Украиналык аскерлер.
Украиналык аскерлер.

Украинанын Куралдуу күчтөрү өлкө түштүгүн орус армиясынан бошотуу максатында контрчабуулга өтүштү. Европадагы эң ири атомдук электр станциясы жайгашкан Украинанын Запорожье облусунун тургундары ыктымал өзөктүк авариядан сактануунун жолдорун издей башташты. Аларга бийлик бул күндөрү йод таратууда. Ал арада эл аралык эксперттер тобу орус күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү Запорожье атомдук электр станциясындагы абал менен таанышуу үчүн жолго чыгышканы маалым болду.

Украинанын түштүгүндөгү контрчабуул

Украинанын Куралдуу күчтөрү өлкө түштүгүн орус армиясынан бошотуу максатында контрчабуулга өтүштү. Бул тууралуу түштүк командычылыктын маалымат катчысы Наталья Гуменюк билдирди. "Громадське" басылмасы Херсон облусундагы Орусиянын 109-полку артка чегингенин үч булакка таянып жазды.

Ошондой эле Украина Херсон облусундагы Орусиянын оккупациялык армиясынын Крым жарым аралы менен аскердик байланышын үздү. Бул тууралуу украин аскерлеринин “Каховка” ыкчам тобу кабарлады.

“Чоң жана сүрдүү HIMARS дээрлик бардык чоң көпүрөлөрдү (Антонов темир жолу, Антонов автожолу жана Новокахов автожолу) талкалады. Болгону жөө өтмөктөр гана калды. Орус армиясы Крымдан келчү курал-жарак жана өздүк курам менен байланышы үзүлгөн абалда калды. Бул Украина үчүн өзүнүн аймактарын кайтарып алуу үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүк”, – деп кабарлады украин күчтөрү.

Украин президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда да орус тарап басып алган бардык аймактарды сөзсүз кайтарып алышарын айтты.

"Орусиянын оккупациясында турган Харьков, Запорожье, Херсонду, албетте Крымды да кайтарып, туубузду орнотобуз", – деди Зеленский.

Орус аскерлери Украинанын түштүгүн февралдын соңунда өз көзөмөлүнө алган.

Запорожье өзөктүк авариядан коргонуу жолун издеп жатат

Запорожье облусунун бийлиги атомдук электр станциядагы ыктымал авариядан кооптонуп, жергиликтүү тургундарга йод тарата баштады. Телеканалдардан абага радиация чыгып кетсе эмне кылуу керек деген көрсөтмөлөр байма-бай чагылдырылып, ар кандай машыгуулар өтүп жатат.


Ушул жуманын соңунда Бириккен Улуттар Уюмунун Өзөктүк коопсуздук боюнча агенттигинин миссиясы Запорожье АЭСине барары күтүлүүдө. Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси 29-августта «көптөн күткөн күн келгенин» жана уюмдун эксперттер тобу жолго чыгышканын Твиттерге жазды.

Запорожьеге сапар алган эл аралык эксперттер тобу. 29-август, 2022-жыл.
Запорожьеге сапар алган эл аралык эксперттер тобу. 29-август, 2022-жыл.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Стокгольмго жасаган сапарында Орусия дүйнөнү өзөктүк авария тобокелчилигине кептеп жатканын билдирди:

"Биз миссиянын бардык өзөктүк коопсуздук боюнча протоколдордун бузулушун так каттоосун күтөбүз. Орусия бир гана Украина эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн өзөктүк алаамат тобокелчилигин жаратып жатат".

Анткен менен эксперттердин тобу Запорожьеге качан жетери белгисиз. Украинанын Энергетика министрлиги коопсуздук маселелерине байланыштуу бул тууралуу комментарий бере албастыгын кабарлады.

Буга чейин БУУ жана Киев Орусияны жоокерлерин жана аскердик техникасын станциянын аймагынан чыгарып кетүүгө чакырган. Орусиянын Венадагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Михаил Ульянов Москва МАГАТЭнин миссиясын кубаттай турганын жана Орусия алардын сапары үчүн бараандуу салым кошконун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Киев менен Москванын айыптоосу

Орусия атомдук электр станцияны жана жакынкы Энергодар шаарын марттын башында айыгышкан салгылашуудан кийин басып алган. Соңку жумаларда Европадагы эң ири атомдук станциянын айланасында атышуулар күч алды. Бул үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап жатышат.

"Киев режими Запорожье АЭСинде техногендик өзөктүк коркунуч жаратуу максатында провокацияларын улантууда. Акыркы бир сутка ичинде эле украин күчтөрү тогуз жолу ракеталык сокку урду. Алардын үчөө катуу радиоактивдүү калдыктар жана жаңы өзөктүк отун сакталган экинчи атайын корпустун аймагына түштү", -деди 28-августта Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Игорь Конашенков.


Киев тескерисинче орус армиясы АЭСке коркунуч жаратып жатканын айтууда. Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн бышыктоо мүмкүн эмес.

Украинанын «Энергоатом» агенттиги 28-августта жарыялаган картага караганда, кокус өзөктүк авария болуп кетсе, радиация шамалдын багытына жараша өлкөнүн түштүгүнө жана Орусиянын түштүк-батышына жайылышы ыктымал. Баарынан да станциянын өзөктүк реакторлорун муздатуу системасы тынчысыздануу жаратууда. Ал үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздалып турушу зарыл. 25-августта жогорку чыңалуудагы зымдарда жаралган бузулуудан улам заводдо убактылуу жарык өчүп калган. Убактылуу генераторлор иштетилип, авария тобокелчилиги жокко чыгарылган.

28-августта МАГАТЭ билдиргендей, учурда аймакта радиациянын деңгээли нормадан ашпайт, Запорожье атомдук электр станциясындагы алты реактордун экөө иштеп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG