Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:15

DW: Орус-украин согушунан эң көп пайданы Эрдоган табууда


Украин президенти Владимир Зеленский, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Орусиянын лидери Владимир Путин.
Украин президенти Владимир Зеленский, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Орусиянын лидери Владимир Путин.

EurasiaNet басылмасы Өзбекстандын президенти Сауд Арабиясынан 14 миллиард долларлык инвестиция менен кайтканын жазды. Deutche Welle орус-украин согушунан эң көп пайданы Эрдоган таап жатканын баяндады. Британиялык The Guardian басылмасы келерки кыш украиналыктар үчүн катаал болорун эскертти.

EurasiaNet басылмасы Өзбекстандын президенти Сауд Арабиясынан 14 миллиард долларлык инвестиция тартып келгенин жазып чыкты. Басылма президенттин администрациясына таянып, саудиялык ACWA Power компаниясы Каракалпакстанга шамалдын күчү менен иштей турган кубаттуулугу 1,5 гигаватт электр станциясын куруу боюнча келишимге кол койгонун ишарат кылды. Бул станция дүйнөдөгү эң ири станциялардын катарын толуктап, дээрлик 1,65 миллион үйдү электр энергиясы менен камсыздай алат. Учурда ACWA Power компаниясы Бухара облусунда шамалдын күчүнөн электр энергия өндүргөн эки ири станцияны курууга киришкен.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Сауд Арабиянын ханзаадасы Мухаммад бин-Салман.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Сауд Арабиянын ханзаадасы Мухаммад бин-Салман.

Макаланын авторлору акыркы жылдары күч алган кургакчылыктан жана жыл сайын жогорулаган абанын температурасынан улам Борбор Азиянын гидроэнергетика тармагына күч келип жатканын белгилеп, буга байланыштуу Өзбекстан кышкы мезгилде эле эмес, жайдын аптаптуу күндөрүндө да электр кубатынын тартыштыгынан жапа чегип баштаганын жазат.

Басылма Москвага салынган эл аралык санкцияларды эске алганда Орусиянын Өзбекстанда атомдук электрстанциясын куруу пландарына таасир этерин айтып, эгер саудиялыктар убадасына турса, Өзбекстанга орусиялык атомдук электр станциясынын кереги деле жок болуп каларын ишарат кылат.

Мындан сырткары басылма Шавкат Мирзиёевдин сапарынын натыйжасында Өзбекстандын табигый газын өндүрүү жана өзбекстандык эмгек мигранттарына Сауд Арабиясына барууга шарт түзгөн келишимдерге да кол коюлганын кошумчалаган. Сапардын алкагында президент Мирзиёев Меккеге кичи ажылыкка – умрага да барып келген. Ал эми сапарынын алдында ал Сауд Арабиясынын жарандарына Өзбекстанга визасыз кирүүгө уруксат берген буйрукка да кол койгон.

Deutsche Welle басылмасы бейшемби күнү аналитик Иван Преображенскийдин“Эрдоган – орус-украин согушунун негизги бенефициары” (пайда табуучусу) деп аталган блогун жарыялады. Окурмандын көңүлүн төрт негизги аргументке бурган автордун пикири төмөнкүдөй:

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Украин лидери Владимир Зеленский. Львов шаары. 18-август, 2022-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Украин лидери Владимир Зеленский. Львов шаары. 18-август, 2022-жыл.

“Орусияга каршы согушта Түркияны Украинанын аскердик өнөктөшү катары кабыл алгандар көп. Жүйөлүү себеп катары Украина гана эмес, Азербайжан тарабынан да ийгиликтүү колдонулуп келген “Байрактарды” келтирсе болот. Украина Орусиянын агрессиясына каршы колдонуп жаткан учкучсуз учуучу аппараттарды жөн гана сатып албастан, аны баскынчыларга каршы туруунун негизги символуна айлантты. Европа өлкөлөрүнүн жарандары Украинага “Байрактарды” сатып алуу үчүн жада калса акча чогултууга киришкен. Анткен менен Түркияны украин армиясын курал-жабдыктар менен камсыздап жаткан негизги тарап деп айтууга болбойт. Июндун башында эле түрк бийлиги Киев менен Москванын ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчу болуп кала берүү ниетин билдирген. Ал эми Түркиянын Украинага көрсөтүп жаткан чыныгы аскердик жардамынын көлөмүн АКШ менен Евробиримдикке салыштырып да болбойт. Ошентип Эрдоган өзүн эл аралык укукка күйгөн адам катары да көрсөтүп, ошол эле учурда капчыгын да толуктап алганга үлгүрдү”, - деп ой жүгүртөт автор.

"Экинчиден, Орусиянын да, Украинанын да экспорттук товарлары менен соода кылууда Түркия ийгиликке жетише алды. Украинанын дан азыктарын ташып чыгарууда да Түркия ортомчу болуп, Кара деңиздеги порттор иштей баштады. Мында да Украина менен Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосундагы соодада түрк компаниялары негизи сатып алуучу жана кайра сатуучу болуп калышты.

Орусиянын газына келгенде да ушундай эле кырдаал жаралды. “Түндүк агым-2” иштебей, ал эми “Түндүк агым-1” кууру улам-улам үзгүлтүккө учуруп турган чакта “Түрк агымы” сааттай чыкылдап иштеп жатат. Путин Эрдоган менен Сочиде жолукканда “Түрк агымын” бекеринен “Европаны газ менен камсыздоодогу негизги артерия” деп атабаган чыгар. Ар кандай чектөөлөрдү жана санкцияларды кыйгап өтүп, Орусиянын газы Европага Түркия аркылуу жетип жатканын Путин да ишарат кылууда. Эрдоган мындан да бир топ пайда таап жатканы күмөнсүз.

Үчүнчүдөн, Түркия Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчө болушуна каршылыгын билдирүүдө. Бул факторду аталган эки өлкөдөн түрк бийлиги террорчу деп тааныган күрд активисттерин чыгарып кетүүгө кысым катары колдонууда.

Төртүнчүдөн, Түркия Орусиянын эл аралык коомчулуктагы аброюнун алсыздыгынан пайдаланып, түрк тилдүү өлкөлөрдөгү таасирин арттырууда", - деп баяндайт Преображенский.

Британиялык The Guardian басылмасы быйыл украиналыктар акыркы ондогон жылдардагы эң суук кышты башынан кечириши ыктымалдыгын жазып чыкты.

Басылма “Нафтогаз” мамлекеттик ишкананын жетекчиси Юрий Витренконун сөзүн келтирип, быйыл кышында үйдүн ичиндеги температура 4 градуска чейин төмөндөп, 17-18 градусту түзөрүн, андыктан жууркан-төшөктү жана жылуу кийимдерди камдап алууну кеңеш кылганын жазды.

Украина керектеген газдын 60 пайызын өзү өндүрөт, калганын Европа өлкөлөрүнөн импорттойт. Украина газды Орусиядан түздөн-түз сатып алууну 2014-жылы токтоткон. Анда Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннекциялап алган. Ошентсе да Украина Орусиядан келген газды Европадагы компаниялар аркылуу колдонуп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG