Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:10

Украина: АЭСтин айланасындагы атышуу


Запорожье АЭСинин сыртында турган орус жоокери.
Запорожье АЭСинин сыртында турган орус жоокери.

Украинанын түштүгүндө айыгышкан салгылашуу уланып жатат. Запорожье атомдук электр станциясы жайгашкан Энергодар районунда да атышуулардын добушу угулууда. Бул үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптоодо.

Ал арада эл аралык эксперттер тобунун бул атомдук станцияга сапары аяктады. Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин башчысы (МАГАТЭ) Рафаэль Гросси Запорожье АЭСинин аймагынан чыгып кетти. Ал жакта миссиянын айрым мүчөлөрү калды. Гроссинин айтымында, Европанын эң ири атомдук электр станциясындагы бир нече саат ичинде алар маанилүү маалыматтарды топтоого жетишкен.

"Объекттеги биз көрүүнү көздөгөн негизги бөлүмдөрдү кыдырып чыктым. Албетте, алдыда дагы көп иш бар. Командам калат, башкысы МАГАТЭнин өкүлдөрү бул жакта дайыма болушун камсыздайбыз",-деди Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин башкы директору Рафаэль Гросси.

Сапардын жыйынтыгы тууралуу МАГАТЭнин миссиясы 3-сентябрдан кийин маалымат берери күтүлүп жатат. Украинанын "Энергоатом" компаниясынын маалыматына караганда, Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин беш өкүлү ишембиге чейин заводго келтирилген зыяндын көлөмүн аныктайт.

АЭСтин айланасында атышуулар уланууда

Ал арада Запорожье АЭСи жайгашкан Энергодар районунда атышуулар токтогон жок. Бул үчүн Москва менен Киев бири бирин айыптоодо. Украинанын расмийлери билдиргендей, орус армиясынын миномет менен аткылоосунан бир нече жарандык обьект жабыркады. Ал эми Орусиянын коргоо министрлиги украин күчтөрүн электр станцияны басып алууга аракет жасады деп айыптады.

"Атомдук станциянын аймагында жана тегерек-четиндеги райондордо биздин оор аскердик техникабыз жок деп жоопкерчилик менен билдире алам. МАГАТЭнин комиссиясы муну өз көзү менен көрө алды деген үмүттөмүн",-деди Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.

Запорожьедеги атомдук электр станциясын орусиялык армия март айынын башында басып алган, бирок аны ушул күнгө чейин украин кызматкерлери иштетет. Украин расмийлери Орусия заводду калкан катары колдонуп, ал жакта курал-жабдыгын сактап, ичинен аткылап жатканын билдирүүдө.

Жогорку Раданын өкүлү Алексей Кучеренконун айтымында, АЭСтин аймагында чыңалуу жаратуу менен орус бийлиги украиналыктардын арасында нааразылыкты күчөтүүнү көздөйт.

"Путин жарык, жылуулук чектелсе, украиндерде нааразылык күчөп, өлкөнүн саясий жетекчилигине басым жасап, кандай баа менен болсо да тынчтыкты талап кылышат деп үмүттөнүп турат. Ал ушундай болот деп көздөп жатат. Бирок биз андайга эч качан жол бербейбиз. Ошондой эле Запорожье атомдук электрстанциясында өндүрүлгөн электр энергия эч качан аннексияланган Крымга берилбейт. Украин күчтөрү буга жол беришпейт".

Алакандары тешилген бейтаптар

Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, МАГАТЭнин эксперттер тобун керелден кечке "Росатомдун" өкүлдөрү коштоп жүрүшкөн. Энергоатом компаниясы Орусияны эл аралык эксперттер тобуна станциянын кризистик борборуна кирүүгө уруксат бербей койгону үчүн айыптады.

Киев билдиргендей, ал жакта орусиялык аскерлер жайгашкан. Мындан улам эксперттерге кырдаалга бейтарап баа берүүгө оор болот. The Insider басылмасы көз карандысыз булактарга таянып, орус күчтөрү станциянын кызматкерлерин коркутуп-үркүтүп, кыйноого алышканын жазды.

"Аларды орус жарандыгын алууга мажбурлап, жер төлөлөрдө 2-3 жумадап кармап, белгисиз тараптарга чыгарып кетишкен",-деп жазылат макалада.

Айрым булактар кызматкерлерди өлтүргөн учурлар да болгонун айтышкан. Басылма жергиликтүү ооруканага алаканы атылган октон тешилген, манжалары сынган бейтаптар көп түшүп жатканын белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG