Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:12

"Президентке кеңешчи болуп, эки эле жолу кезиктим"


“Акаевдин мага көзү түз болчу”
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:02 0:00

“Акаевдин мага көзү түз болчу”

"Бийлик сырлары" берүүбүздүн бул жолку коногу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, академик Бектемир Мурзубраимов болду.

Ал маегинде кантип коммунист болгонун, партиялык жазанын жоопкерчилиги, ректорлук кызматка келиши, депутат болушуна бийликтин таасири жана президенттер Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбеков жөнүндө пикирлерин айтат.

- Бектемир агай, сиз 1967-жылы коммунисттик партиянын катарына өтүптүрсүз, ал убакта эмне үчүн коммунист болууга умтулушчу эле, чоң болууга ачылган жол десек болобу?

- Чынын айтканда карьера жасаш үчүн да коммунист болушкан, деп айтсак болот. Бирок, менде андай максат болгон эмес. Коммунист деген ким, ал ушунчалык таза, адилет, эмгекчил адам деп китептерден көп окучу элек, ага суктанчу элек. Коммунист болгондон кийин көп адамдар өзгөрүп калгандай, бардык ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылган үлгүлүү кишилер катары сезилчү. Ал тургай коммунисттин баскан-турганы да башкача көрүнчү. Мына ошондой сезимдер менен жүргөндө 1965-жылы коммунист болуу ниетимди билдирип, аракеттерди жасай баштагам. Кезегим 1967-жылы келип, коммунисттин катарына өткөм.

- 1990-жылдардын башында Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеп жаткан Бакыт Бешимовду кызматтан алып, аны ордуна сиз ректор болуп дайындалгансыз. Бешимовду кызматтан алуунун себеби - анын илимдин кандидаты болгону элеби, же башка саясий интригалар таасир тийгизгенби?

- Бул окуяны азыр ачык айтса болот. Бакыт Бешимовдун илимдин кандидаты болгону үчүн гана кызматтан алынган деген туура эмес. Ал өсүп келе жаткан мыкты, алдыңкы кадрлардын бири, уюштургучтугу, кесипкөйлүгү да мыкты жигит эле. Аны кызматтан алуунун негизги себеби - Бакыт Бешимовдун ал кездеги Данияр Үсөнов, Мелис Эшимканов ж.б. оппозиционерлер биригип кеткенинде болду. Мурда жөн эле сөз болуп жүрсө, кийин аларга кошулуп алганы далилденип калды окшойт. Анан бийликте "Бешимовго башка кызмат бериш керек, же бошотуш керек" деген маселе турду.

Ошондо анын ордуна бир нече талапкерлерди тандап көрүштү, алардын ичинен менин талапкерлигиме токтолушуп, Ош технологиялык университетинин ректорлугунан Ош мамлекеттик университетинин ректорлугуна алып келишкен. Ал кезде мен илимдин доктору, профессор болчумун. Менин Ош технология университетиндеги алга жылып жаткан ишимди, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспондент экендигимди да эске алышты окшойт.

- Сиз 1995-жылдан 2007-жылга чейин 3 чакырылышта ЖКга депутат болдуңуз. Таанымал илим адамы, ректордун, профессордун эл өкүлү болушуна өзүнөн мурда бийлик кызыкдар, өз кишинин депутат болушу өтө ыңгайлуу, деп калышат, кошуласызбы?

- Мен ЖКнын депутаттыгына 1995-жылы Өзгөн районунун бир округунан койгом. Чынын айтсам, анда мага бийликтин колдоосу болгон эмес. Алар үмүт арткан 5 талапкердин ичине да кирген эмесмин. Бийликтин чоң ишеним арткан талапкери Ош облустук кеңештин төрагасы Исабаев болгон. Ал киши убагында Өзгөн совхозунда директор болуп иштеген, өзү Шоро-Башат деген айылдан болчу. Мен дагы айылдаштарым, өзүм окуган Макаренко мектебинин колдоосу чоң болоруна ишенип аттанып калдым.

Шайлоонун жүрүшүндө менин айылымды, мектепти округдан чыгарып, башка жакка кошконго чейин барышты. Ал кезде жогорку бийликтин макулдугу болбосо, БШК округду кантип өзгөртө алмак эле? Ага карабай шайлоонун жыйынтыгында бийлик ишенген, сүрөгөн Исабаев 4-орунду, мен 2-орунду алдым. Шайлоонун экинчи турунда мен депутат болуп шайлангам. Экинчи жолу депутат болгондо да ушундай эле көрүнүш кайталанды...Бийлик мага анчалык ынанбаганы менен негизинен президент Аскар Акаевдин көзү мага түз эле болгон.

- Биринчи президенттин көзү түз экен, экинчи президент Бакиевдин сизге көзү кандай болду?

- Курманбек Салиевич менен мамиле башында жакшы эле болду, биз дагы ишеним артып жүрдүк. Премьер-министр болуп турганда Ош, Жалал-Абад, Баткенден чыккан депутаттарды чакырып чай берип, колдоо өтүнүчтөрү болгон, колдогонбуз. Кийин бир нече жолу кайрылып, кабыл алса, бир топ маселелер боюнча оюмду айтсам деген өтүнүчүм ордунан чыккан эмес. Ошондон улам ал киши менен иштиктүү кызматташуу уланган жок.

- Сиз 2012-жылы Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуптурсуз, ал кездеги президент Атамбаев сизден кеңеш сурадыбы? Айттыңызбы же жөн эле көңүл алган кызмат бекен?

- Чындыгында кеңешчи керектүү эле институт, аны туура пайдалып, коомдо болуп жаткан абалды билип турууга жакшы шарт деп ойлойм. Мен ал учурда Кыргызстан элинин ассамблеясы уюмунун төрагасы болуп калдым. Төрага бир эле убакта улуттар аралык мамилелер боюнча президенттин кеңешчиси болсо деген сунуштан улам, кеңешчи болуп калгам. Иш жүзүндө Президент Атамбаев тараптан менден кеңеш сураган учурлар болгон жок.

- Бектемир агай, Сиз бир интервьюңузда президент Сооронбай Жээнбековду, анын атасы, үй-бүлөсү, бир туугандарына чейин жакшы билериңизди кенен айтып берген экенсиз. Жээнбеков сыртынан жумшак көрүнгөнү менен ички кудурети абдан күчтүү деп мүнөздөпсүз. А эмне үчүн 2020-жылы октябрда бийликти алдырып жиберди, ички кудурети жетпей калдыбы?

- Мен дагы ал кишини терең билбей тургандыгымды турмуш өзү көрсөттү. Академик Абдыганы Эркебаев Жээнбековдун бийликтен кетишине “уюткулуу көрөңгө, керектүү багаж, билим, эрк, тажрыйба жетишпей калды” деп туура баа бергени ынанымдуу болду. Өзгөчө шайлоонун жүрүшү, жыйынтыгы боюнча чечкиндүү кадамдарды, чечимдерди кабыл алалбай калды...

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG