Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:15

"Ордо оюндарынын курмандыгы болгом"


"Иштен кетишиме интригалар себеп болгон"
please wait

No media source currently available

0:00 0:43:27 0:00

"Иштен кетишиме интригалар себеп болгон"

“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Нарын, Талас облустарынын мурдагы губернатору Бейшен Болотбеков болду.

Ал маекте эки облуска жетекчи болгон кездеги интригалар, себептери, үй-бүлөлүк башкаруунун курмандыгы болгону, саясатчылар Акаев, Ашыралиев, Чынгышев, Бакиев менен мамилеси ж.б. маселелерди кеп кылат.

- Бейшен Болотбекович, сиздин 1991-жылы Нарын облусунун губернатору болуп дайындалышыңыз бир топ ызы-чуу менен коштолгон. Ал кездеги бийлик сиздин келишиңизге каршы болуп турду, анын себеби эмнеде болгон?

- Бул жерде субъективдүү себептер бар. Мен губернатордун биринчи орун басары болуп иштеп жатканда эле ал кездеги губернатор Кемел Ашыралиев өзүнүн ордуна резервге деп көргөзүп жүргөн. Мен ал киши менен бир топ жыл орун басар, кийин биринчи орун басар катары жакшы иштештим, мени жакшы билет эле. Менимче, ал киши республикалык жетекчилер менен тил табыша албай калганы үчүн маселе жаралып калды.

- Ким менен тил табыша албай калды эле, ачык айта аласызбы?

- Анын жашыруун деле эч нерсеси жок. Ал кездеги премьер-миристр Турсунбек Чынгышев менен мамилеси начар болуп калгандыктан ошол негизги себеп болду.

- Президент Акаевдин сизге мамилеси кандай эле?

- Акаевдин мага мамилеси түз болчу. Ал учурда облустук жетекчилеринин орун басарлары да президент менен макулдашкандан кийин дайындалчу. Андан сырткары губернатор облустук кеңештин депутаттарынын макулдугу менен бекитилчү. Ашыралиевдин ордуна сырттан бирөөнү алып келерин уккан облустук депутаттар нааразылык билдирип чыгышкан. Башка талапкерди кабыл албай койсо эмне болот деген суроо өкмөт жетекчилерин ойлонтту окшойт.

- Облустун жетекчилигине нарындык эмес талапкер келе жатты беле?

- Эл арасында “баланча келатыптыр, түкүнчө болот экен” деген сөз болгон. Андай кептер депутаттардын да бүйүрүн кызыткан. Бирок расмий түрдө ким келери жөнүндө маалымат болгон эмес. Акыры мага макулдук берилгенден кийин өкмөт башчы Чынгышев өзү келип, кызматка отургузуп кеткен.

- Ошентип сиз эки жыл иштегенден кийин эле облус жетекчилигинен түшүп калдыңыз, ага эмне себеп болгон? Же губернаторлук миссияны аткарып бүттүңүз беле?

- Губернатордун миссиясын аткарып бүттүм эле деп айта албайм. Ал кезде мамлекетте үй-бүлөлүк башкаруу бар болчу. Кээ бир жагдайларда кимдир бирөөгө жакпай калгандай болдум.

- Үй-бүлөлүк башкаруу дегенде сиз Акаевге жакпай жатасызбы же жубайынабы?

- Менимче жубайына, ал киши кадрлык дайындоолорго кийлигишкени айтылып келатпайбы. Андан сырткары ички интригалар да таасир тийгизгендей болду.

- Ал кандай интригалар?

- Ошол учурда "Ысык-Көлдүн губернатору Жумагул Сааданбеков, Нарындын губернатору Бейшен Болотбеков, Оштун губернатору Жаныш Рустенбеков биригип алып Акаевди кулатканы калды" деген сөздөр чыгып кетти. Менин кызматтан кетишиме ушул сөз негизги себеп болду деп ойлойм.

- Сиздер тараптан бийликке карата ошондой аракеттер, ишараттар болгонбу?

- Жетекчилерге карата сунуш-пикирлер айтылчу. Президенттин жанындагылар "үч губернатор биригип жатат" деп маалымат беришип, ордо оюндарын уюштурган. Аскар Акаевичти аналитикалык ой жүгүртүүсү жогору киши катары ишендирүүгө аракет кылышкан. Ошол ордо оюнунун кесепети менен үчөөбүз тең губернатор кызматынан кол жууганбыз. Президенттин айланасындагы көп маалыматтарды билет дештиби, Жаныш Рустенбековду Токой чарба агенттигине жетекчи кылышты. Арадан төрт ай өттү. Президент Акаев бийлик талашуунун курмандыгы болуп калганымды сезди окшойт, курулуш-архитектура министринин орун басары кызматына дайындалдым.

- Ордо оюнунун курмандыгы болгонуңузду Акаев өзү айттыбы?

- Эми ал киши айтпайт да, ордо оюнуна аралышып, бийликте кирип-чыгып жүргөндөр билет да.

- Президент Акаев 2004-жылды “Адилет башкаруунун жылы” деп жарыялаган. Сиз ошол адилет жылды өткөрүү боюнча Кочкор районунун координатору болупсуз, мындай кураторлорду эмне үчүн коюшкан?

- Ал кезде ар бир район, айылдардан чыккан жетекчилерди, ишкерлерди, башка адамдарды өздөрү туулуп-өскөн аймактардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө жардам берүүгө чакырыктар болгон.

- Ошол учурдагы президент Акаев элдин ага карата азайып бараткан ишенимин көтөрүү максатын көздөгөн эмеспи?

- Биринчиси - элеттин өнүгүшүнө жардам берүү максатында ошондой саясат жүргөн. Экинчиси - албетте, жер-жерлерде жакшы өзгөрүүлөр болуп жатса, бийликтин аброюнун артышына өбөлгө болмок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG