Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Москва Казакстандагы "улутчулдукка" да кабатыр


Казакстанда мекемелер менен дүкөндөрдө иштегендердин казак тилин билишин текшерген топтун аракети талкууга түштү. Казак бийлиги бул жорукту “жапайы улутчулдук” деп атады. Улутчул топтун аракети Орусияда "Борбор Азияда орус тилдүүлөр кысымга алынып жатат" деп маселе көтөрүлгөн учурга туура келди.

Орусияда Кыргызстандагы орус тилдүүлөргө мамилени саясий маселе катары көтөрүп жаткан чакта коңшу Казакстандагы окуяга да көңүл бурулду.

Буга YouTube порталындагы "Til Maydani онлайн партиясы" аттуу канал жарыялаган видео себеп болду. Анда бир нече казак жигиттери Нур-Султан, Алматы, Павлодар жана Оролдо дүкөн, мамлекеттик мекемелерди кыдырып, сатуучулардан "казак тилин билесиңби?" деп текшеришкен. Бул топту Интернетте “тил кайгуулу” деп атап алышты. Видеодон айрым адамдар казак тилин билбегени үчүн кечирим сураганын көрүүгө болот.

“Тил кайгуулунун” бул аракетине Орусиянын сыртта жашаган мекендештер боюнча агенттигинин (Россотрудничество) башчысы Евгений Примаков нааразылыгын билдирген. Ал Телеграм-каналына казак бийлигин "орус тилдүүлөрдү кысмакка алган улутчулдарга каршы чара көрбөйт" деп сындаган.

11-августта Россотрудничествонун маалымат катчысы Надана Фридрихсон Кыргызстан менен Казакстанда орустар жана орус тилдүүлөргө кол салуу болуп жатканын айтып, “чочулатчу тенденция” деп атады.

Мындан кийин Казакстандын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Даурен Абаев өлкөдөгү орус тилдүүлөргө байланыштуу абалга комментарий берди.

Ал “Хабар” телеканалына курган маегинде “тил кайгуулу” делген топтун аракетин кескин сынга алып, тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди:

Даурен Абаев
Даурен Абаев

“Укук коргоо органдары буга адилеттүү укуктук бааны берет. Бул орус депутаттары нааразы болуп чыкканы үчүн эмес, биздин өлкөдө ким дискриминацияга туш болсо: казакпы, оруспу же башка этностун өкүлүбү айырмасы жок ушундай нерселерге катуу чара көрүлөт. Биздин өлкөнүн жарандарынын басымдуу көпчүлүгү дал ушундай "жапайы улутчулдук" көрүнүшүн айыптап жатат”, - деп билдирди.

Бул билдирүүнү Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кубаттаганы белгилүү болду. Министрликтин сайтына жайгаштырылган билдирүүдө “жапайы улутчулдукка” катуу чара көрүү боюнча казак бийлигинин позициясын колдой турганы жазылган.

Ал тапта Орусиянын Ички иштер министрлиги Казакстандын жараны Куат Ахметовго Интернетте “улут аралык кастыкты козутканы үчүн” Орусиянын аймагына кирүүгө 50 жылга чейин тыюу салган чечимди кабыл алды.

Блогер Ахметовдун Нур-Султандагы дүкөндөрдүн бирине барып, сатуучулардан казак тилинде гана сүйлөшүн талап кылган видео тасма социалдык тармактарга тараган.

Дал ушундай эле чечим азербайжандык дипломат Исфандияр Вагабзадеге карата да кабыл алынды. Буга чейин Азербайжандын Беларустагы, Молдовадагы жана Пакистандагы элчиси болгон Вагабзаде телеканалдардын биринен Орусиянын Мамдумасынын ЛДПР фракциясынын жетекчиси Владимир Жириновскийди орой түрдө сындаган.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги ал дипломатиялык кызматтан 2016-жылы эле кеткенин жүйө кылып, видео тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Казакстандагы соңку окуя Орусияда "Борбор Азияда орус тилдүүлөр кысымга алынып жатат" деген маселе көтөрүлүп жаткан учурга туш келди. Буга Бишкектеги соода борборлорунун бириндеги окуя себеп болгон эле. Анда соода борборго баласын ойноткону алып барган адам тейлөөчү кызматкер кыздан орусча эмес, кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган. Видеодо эркек киши кызматкер кызга улам тап берип айтышып, столдо турган калькулятор менен уруп жибергенин көрүүгө болот.

Мындан кийин Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин баш болгон бир катар саясатчылар бул окуяны "улуттук негизде басмырлоо" деп атап, мамлекет аралык деңгээлге көтөргөн эле.

Ал эми Орусиянын Либералдык-демократиялык партиясынын лидери Владимир Жириновский 10-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөргөн.

Мындан кийин Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугуп, “Технопарк” оюн-зоок борборунда орун алган окуяны талкуулаган.

Анда министр ички улутчулдуктун айрым учурлары орус бийлиги тарабынан Кыргызстандагы этникалык орустардын укуктарын жана кызыкчылыктарын системалуу түрдө бузуу жана жарандарды этникалык, диний негизде кысымга алуу катары көрсөтүлбөшү керектиги белгиленген эле.

13-августта болсо Бишкекте орус тилинде сүйлөгөн тейлөөчү кызды калкульятор менен чапкан Али Алимбаев аттуу жаран кармалып, камакка алынганы белгилүү болду.

Дал ушундай окуяларды Орусиядагы айрым саясий, коомдук топтор Борбор Азиядагы улутчулдук маанайдын күчөшү катары көрсөтүүдө.

Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов орусиялык саясатчылардын курч билдирүүлөрүн Орусияда быйыл өтө турган парламенттик шайлоого байланыштырат. Ал саясатчылардын соңку билдирүүлөрүндө саясий боёк бар деген пикирде.

"Орусияда бир айдан кийин шайлоо болорун унутпашыбыз керек. Максатына оңой жетүүнү көздөгөндөр жана өзү тууралуу башкалардын эсине салууга каалагандар жандана баштады. Бул ксенофобиялык маанайда жүргөн, эмгек мигранттарына каршы, "улуу державаны" сагынган орусиялыктардын добушун алуу аргасы", - деди ал.

Орусия Борбор Азиядагы постсоветтик республикаларды өз таасириндеги аймак катары эсептейт. Казакстан менен Кыргызстан Москва үстөмдүк кылган Евразия экономикалык биримдиги жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мүчөлөрү.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG