Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:17

Володиндин билдирүүсү, Жириновскийдин митинги


Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен депутат Владимир Жириновский.
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен депутат Владимир Жириновский.

Бишкектеги балдар оюн-зоок борборунда орусча сүйлөгөнү үчүн кордук көргөн тейлөөчү кыздын окуясы боюнча саясий талкуу-талаш күчөдү.

Мамлекеттик Думанын билдирүүсү

Орусиянын Мамлекеттик Думасы Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылып, Бишкекте кыргызча сүйлөбөгөнү үчүн зомбулукка кабылган кыздын окуясын көзөмөлгө алууну өтүнө турган болду. Бул туурасында Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин “Телеграм” каналына жазды. Анын билдирүүсүндө тармактык комитетке тиешелүү тапшырма берилгени да айтылат.

“Орус тили Кыргызстанда расмий макамга ээ болуп, аталган мамлекеттин Конституциясында да бекитилгенине карабастан, мындай учурлар алгачкы жолу болуп жаткан жок. Депутаттар чара көрүүнүн жолдорун иштеп чыгууну сунуштап жатышат. Анын ичинен орусча сүйлөгөн жарандарга кысым көрсөткөн адамдын Орусияга киришине тыюу салуу дагы бар”.

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Индира Куралбекова Мамлекеттик Думанын кайрылуусу парламентке келе электигин билдирди. 6-августта парламенттин төрагасы Талант Мамытов менен Вячеслав Володин Ирандын президенти Ибрахим Раисинин инаугурациясы учурунда жолугушкан.

Ал эми ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский 10-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында нааразылык акциясын уюштурду. Саясатчынын "Телеграм" каналындагы маалыматта орус улутундагылар Кыргызстанга шаарларды, өндүрүштөрдү курганы, азыркы учурда жүз миңдеген кыргыз үй-бүлөлөрү Орусиядан тапкан акчага жан багып жатканы жазылган.

Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновский Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында акция өткөрүп жатат. Сүрөт Жириновскийдин "Телеграм" каналынан алынды.
Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновский Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында акция өткөрүп жатат. Сүрөт Жириновскийдин "Телеграм" каналынан алынды.

Жириновский буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчисин токтоосуз чакыртып алууну талап кылган эле. Ал ЛДПР партиясынын талапкерлери менен жолугушууда мындай деген:

“Постсоветтик өлкөлөрдүн аймагында ар кандай акмактар орустарды шылдыңдап жана өлтүрүп жатышат. Украинадан баштап Орто Азияга чейин. Биз мындай окуяларга качанкыга чейин чыдайбыз?! Биз эртең эле Кыргызстандын элчилигинин алдында пикет уюштуруп, Орусиянын элчисин чакыртып алууну жана экономикалык мамилени токтотууну талап кылабыз. Мен өзүм дагы барам”.

Мамдуманын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий да ушундай эле мазмундагы билдирүү жасаган.

Орус депутаттарынын көзөмөлүнө алына турганы айтылып жаткан окуя 2-августта Бишкек шаарында катталган. Видео ушул тапта социалдык түйүндөрдө тарап жатат. Андан эркек киши кызматкер кыз менен урушуп, бир убакта үстөлдө жаткан калькулятор менен уруп жибергенин көрүүгө болот. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы “майда ээнбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) болсо кыргызча сүйлөөнү талап кылып зомбулук көрсөткөн адамга расмий эскертүү берген.

“УКМК аталган окуяга байланыштуу А.Алимбаевге расмий эскертүү жарыялайт, анткени Конституцияга ылайык өлкөдө орус тили толук мыйзамдуу негизде иштейт: кыргыз тили - мамлекеттик тил, орус тили - расмий тил. Теринин түсүнө, этникалык жана расалык, улуттук же диний жек көрүүчүлүккө же кастыкка карата кадыр-баркты түшүрүү Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесине ылайык кылмыш катары каралып, 10 жылга чейин эркинен ажыратыла турганын эскертебиз”, - деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Мекеменин маалыматына караганда, кылмышка шектүү адам милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми жабыр тартты деген кызматкерге алган жарааттын деңгээлин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган, бирок ал өзү баш тартып койгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Быйыл жай башында Ысык-Көлдө да спорттук лагердин тарбиялануучусу, орус улутундагы өспүрүм сабалганы аныкталып, териштирүү жүргөн. Ага Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги, Орусиянын патриархы да реакция жасаган. Ишти Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов көзөмөлүнө алып, ИИМ баланын сабалганы жөнүндө иш иликтенип жатканын билдирген.

Кыргыз бийлигинин кадамы

10-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугуп, “Технопарк” оюн-зоок борборунда орун алган окуяны талкуулаганы белгилүү болду. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта ички улутчулдуктун айрым учурлары орус бийлиги тарабынан Кыргызстандагы этникалык орустардын укуктарын жана кызыкчылыктарын системалуу түрдө бузуу жана жарандарды этникалык, диний негизде кысымга алуу катары көрсөтүлбөшү керектиги айтылат.

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев төмөндөгүдөй комментарий берди:

Чолпонбек Абыкее
Чолпонбек Абыкее

“Вячеслав Володин менен Владимир Жириновский окуяны толук билбей туруп, эмоцияга алдырып билдирүү жасап алышты көрүнөт. Балким, алар толук маалымат алганда пикирин өзгөртүшү мүмкүн. Мындай окуялар кыргыз-орус мамилесине таасир этпейт. Биз кескин билдирүү менен жооп бербешибиз керек. Анткени, күнүмдүк эле чыр-чатак. Аны эмоцияга алдырып кабыл албашыбыз керек. Кыргызстан Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмадуу толеранттуу мамлекет”.​

Жогорку Кеңештеги эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев аталган окуялар Кыргызстандын ички иши экенине токтолду.

“Албетте, Ысык-Көлдө жана Бишкекте болгон окуя туура эмес болду. Бирок жабырлануучу, күнөөкөр да Кыргызстандын жараны. Окуяны биздин күч органдары териштирип жатышат. Күнөөлүү жаран жоопко тартылат. Эмне үчүн Орусия бизге кийлигишип жатат? Болгондо дагы Мамлекеттик Думанын төрагасы. Бул көрүнүштү кыргыз бийлигине басым жасоо катары эле көрүп жатам. Орусияда биздин жарандардын укугу кордолгондо, биз унчуга албай келебиз. Алар болсо башка өлкөнүн атуулдары катышкан окуяларга комментарий берип жатышат. Тышкы иштер министрлиги Володинге, Жириновскийге кескин түрдө “кийлигишпегиле, өзүбүз чечебиз” деп жооп бериши керек”.

Ал арада Орусияда Борбор Азиядан барган эмгек мигранттарына текшерүү күчөп жатканы айтыла баштады. Расмий маалыматтарга караганда, 14-августта орус Ички иштер министрлиги Москва шаарында жана Москва облусунда мигранттар үчүн мөөнөтсүз рейд баштаганы жатат. Мындай кабар такси айдаган кыргызстандыктарды чочулатып турат.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов Вячеслав Володин менен Владимир Жириновский расмий Кремлдин саясатын жүргүзүп жатканын эске салды.

Аскар Бешимов
Аскар Бешимов

“Орусия Кыргызстанды өзүнө тең, пикири бар мамлекет катары көрбөй калышты. Жыл сайын Орусиядан “Жүк-200” келип жатат. Биздин мекендештерди куугунтуктап, басмырлаган учурлар толуп жатат. Биз унчукпай эле жүрбөйбүзбү. Расмий бийлик Мамдуманын депутаттарынын оозу менен өз позициясын билдирип жатат. Алар ушундай жол менен бизди тартипке келтирип, кимдин ким экенин көрсөтүп койгусу келишет. Орусиянын азыркыдай реакциясы кыргыз-орус мамилесинин солгундаганынан кабар берет”.

Расмий эсеп боюнча Орусияга Кыргызстандан 600 миңден ашуун эмгек мигранты барып иштеп жүрөт. Бейрасмий эсепте кыргыз мигранттарынын саны бир миллиондон ашуун экени айтылып келет.

“Орусиянын реакциясы кооптондурат”

Айрым интернет колдонуучулары милиция кыргыз тилинде сүйлөбөгөнү үчүн зомбулукка кабылган сатуучунун ишин ээнбаштык катары эмес, улут аралык кастыкты козутуу катары каттоого алышы керектигин жазып жатышат.
“Апрель” телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложников Мамлекеттик Думанын кескин реакциясы маселени чечпейт деп эсептейт.

Дмитрий Ложников
Дмитрий Ложников

"Мен эки тарап менен тең макул эмесмин. Мындай окуялар орус тектүү кыргызстандык катары мени кооптондуруп жатат. Анткени, кескин билдирүүлөр кырдаалды чечпей, тескерисинче күчөтөт. Бизде улутчулдуктун белгилери кээде катталып турат. Андайга билими жок, акмак адамдар гана барат. Жалпылап алганда, бул системалык көйгөй эмес. Орусиянын азыркыдай реакциясына эки өлкөнүн мамилесинин муздап бара жатканы себеп болду деп ойлоп атам".

Ал эми Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов орусиялык саясатчыларынын курч билдирүүлөрүн Орусияда быйыл өтө турган Мамдумага шайлоого байланыштырат. Ал Вячеслав Володин менен Владимир Жириновский билдирүүлөрүндө саясий боёк бар деген пикирин билдирди.

"Орусияда бир айдан кийин Думага жана парламенттик шайлоолор болорун унутпашыбыз керек. Максатына оңой жетүүнү көздөгөндөр жана өзүн башкаларга эстетүүнү каалагандар жанданып баштады. Бул ксенофобиялык маанайда жүргөн, эмгек мигранттарына каршы болгон, "улуу державага" болгон сагынычы бар орусиялыктардын добушун алуу үчүн болгон күрөш", - деди ал.

Элчи Жириновский менен жолугушту

10-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Жириновскийдин акциясы боюнча маалымат таратты. Анда кыргыз элчиси Гүлнара-Клара Самат ЛДПРдин өкүлдөрү менен биргеликте Владимир Жириновский менен жолугушканы, анда тараптар Бишкектеги оюн-зоок борборунда болгон окуяга көңүл бурганы айтылат.

Элчи Кыргызстанда орус тилинин расмий макамы бар экенин эскертип, мындай көрүнүштөр жана провокациялар кайсы өлкөдө болбосун кезигерин жана ал күнүмдүк деңгээлдеги окуя катары караларын, маселе боюнча өлкөнүн компетенттүү органдары тийиштүү иштерди аткарып жатканын маалымдаган.

"Тараптар мындай кырдаалды эки тараптуу мамилелерди туруксуздаштырууга кызыкдар адамдар колдонушу мүмкүн экенине макул болушту. Демек, ушул сыяктуу окуялар өз ара мамиленин начарлашына негиз боло албайт деген пикирлерин билдиришти",- деп жазылган элчиликтин маалыматында.

Кабарга караганда, Гүлнара-Клара Самат быйыл 19-августта Чолпон-Атада «ЕАЭБдеги бизнес-өнөктөштүктүн жаңы чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү» аттуу III кыргыз-орус бизнес-форумун өткөрүү пландалып жатканын билдирген.
Жириновский ал форумга катышууга кызыкдар экенин жана ЛДПРдин өкүлдөрүнө өлкөнүн экспорттук өнүгүү, туризм жана башка тармактардагы потенциалы менен таанышуу үчүн Кыргызстанга барып келүүнү сунуштаган.

Ал Борбор Азия өлкөлөрү менен Орусиянын ортосундагы маданий байланышты өнүктүрүү үчүн Чыңгыз Айтматовдун Ысык-Көл форумун кайра баштоо керектигин да айткан.

Мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү керектигин да белгилеп, Кыргызстанда орусиялык туристтердин санын көбөйтүү үчүн Ысык-Көл облусуна темир жол байланышын ачуу керек деген ою менен бөлүшкөн.

Элчиликтин билдирүүсүндө тараптар азыркы мамилелер достук жана стратегиялык мүнөзгө ээ экенин белгилешкени кошумчаланган.

Владимир Жириновскийге 2013-жылы Кыргызстанда “персона нон-грата” жарыяланып, өлкөгө келишине тыюу салынган. Буга анын орус бийлигинин Кыргызстандын карызын кечишине каршы чыкканы, ордуна Ысык-Көлдү алыш керек деген билдирүүсү себеп болгон.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG