Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Орусияда мигранттарга каршы пропаганда күчөдү


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында топтолгон мигранттар.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында топтолгон мигранттар.

Эксперттер орус медиа каражаттарында мигранттарга байланыштуу негативдүү маалыматтар күчөгөнүн белгилешет. Айрым серепчилер муну күзүндө Орусияда өтчү парламенттик шайлоого байланыштырууда. Алардын эсебинде бийлик элди башка көйгөлөрдөн алаксытуу максатында мигранттарды темасын колдонууда.

"Санкт-Петербургда кыргызстандык мигрант 14 жашар кызды зордуктады", "Калайман мушташтарга катышкан мигранттарды Орусиядан депортациялоо сунушу айтылды", "Колго жасалган келтектер жана бычактар. Подмосковьеде мигранттардын дагы эки калайман мушташы катталды".

Июлдун башынан бери Орусиянын маалымат агенттиктеринде ушундай мүнөздөгү жаңылыктар байма-бай чыгып жатат. Мигранттар арасындагы кылмыштуулук буга чейин деле кабарланып келген, бирок соңку күндөрү мындай темалар күчөгөнүн эксперттер дагы белгилейт.

Мигранттардын укуктарын коргоо боюнча иштеген Валентина Чупик мунун баары атайын жасалып жатат деген пикирде.

"Мигрантофобиялык пропаганда болушунча жүрүп жатат. Орус бийликтери өз көйгөйлөрүнөн элди алаксытуу үчүн ушундай кадамга барып жатышат. Башка кандай жолу бар?", -деп суроо салат ал.

Валентина Чупик.
Валентина Чупик.

Чупиктин пикиринде, мунун баары 17-сентябрда өтө турган парламенттик шайлоолорго байланыштуу. Укук коргоочу бийлик калктын көңүлүн реалдуу көйгөйлөрдөн алаксытуу максатында ушундай кадамдарга барып жатат деп эсептейт. Валентина Чупик мигранттардын калайман мушташын дагы атайын кызматтар уюштурушу мүмкүн деген оюн ортого салды:

"Учурда күнүнө бир нече миң мигрантты кармап жатышат. Кармалгандардын 80% кыргызстандыктар. Мунун баары шайлоого байланыштуу. Менимче, калайман мушташты дагы атайын уюштурушкан. Ал жөн жеринен эле тутанган жок. Атайын кызматтар деле орусиялыктардын көңүлүн реалдуу маселелерден башка жакка буруу үчүн уюштурушу мүмкүн. Мигранттарды жасалма түрдө душмандарга айландырып жатышат".

Саясатчылардын куралына айланган мигранттар

Кыргызстандык мигранттарга каршы пикирлер Бишкекте тил маселесине байланыштуу окуядан кийин дагы күчөдү. Соода борборлорунун биринде кыргыз жигит орус улутундагы кызды кыргызча сүйлөбөгөнү үчүн калькулятор менен уруп жиберген окуя боюнча ар кандай талкуулар өтүп, саясатчылар, политологдор өз пикирлерин билдирүүдө.

Улутчул маанайдагы "Первый русский" телеканалы "Орустардын бетине түкүрүштү" деген талкуу өткөрдү. Ага катышкан ЛДПР партиясынын мүчөсү, депутат Леонид Нилов "кыргызстандык мигранттарга буга чейин автоунааны кыргыз документтери менен эле айдоого уруксат берилип келгенин" эске салып, "эми мындай жеңилдикти алып салуу зарыл" деп айтты.

"ЛДПР партиясы мындай сунушту бир нече жыл мурун эле киргизген. Бирок ал мыйзам долбоору каралбай келген. Кыргызстандыктарга мындай жеңилдик ал жакта орус тили атайын макамга ээ болгону үчүн берилген. Эгер андай болбосо, анда чектөөлөрдү кайра киргизели".

Бир күн мурда ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский дагы Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин алдында тарапташары менен бирге пикет өткөрүп, кыргызстандык мигранттарга каршы чара көрүүнү талап кылган.

Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов Мамдума мүчөлөрүнүн мындай кадамдарын ксенофобиялык маанайда жүргөн, эмгек мигранттарына каршы орусиялыктардын добушун алуу үчүн болгон күрөш катары сыпаттаган.

Буга чейин Мамлекеттик Думадагы "Справедливая Россия" фракциясынын депутаты Сергей Миронов “Фейсбуктагы” расмий баракчасына миграциялык көйгөйдөн коңшу мамлекеттерге виза эрежесин киргизүү менен гана арылса болорун жазган.

Орусиядагы кыргызстандык активист Толкунбай Акматов буга бир чети мигранттар өздөрү күнөөлүү болсо, экинчи четинен саясий популизмге байланышы бардыгын да четке какпайт.

Толкунбай Акматов.
Толкунбай Акматов.

"Биринчиден, "соонун оюндагы мастын тилинде" деген кыргыздарда жакшы сөз бар эмеспи, анысы кандай бир чети орус бийлиги Жириновский аркылуу айттырып атабы деп ойлом. Экинчиден, Орусияда кыргыздарды уруп-сабап, өлтүрүп койгон учурлар деле болот. Эч ким тоготпогон кичинекей мамлекет болгонубуз үчүн бир окуяны чоң масштабга айландырып жиберишти. Буга өзүбүз дагы күнөөлүүбүз, бөлөк-бөтөн мамлекетте жөн жүрбөй ар ким менен согушуп-мушташып жиберип атабыз. Орустар булар ашынып кетпесин деген ой менен кыр көрсөтүп коелу дешсе керек. Шайлоого деле байланышы болушу мүмкүн, саясатчылар өзүлөрүн көрсөтүү максатында ушундай билдирүүлөрдү жасап жатышы ыктымал".

Орусияда Мамлекеттик Думага жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-сентябрда өтөт. Жыл башында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын камалышына каршы ири демонстрациялар өтүп, ага чыккандар азыркы жетекчилердин бийликтен кетишин талап кылышкан.

Расмий эсеп боюнча Орусияга Кыргызстандан 600 миңден ашуун эмгек мигранты барып иштеп жүрөт. Бейрасмий маалыматтарда кыргыз мигранттарынын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG