Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:13

Коронавирус дагы бир мыкты дарыгерди алып кетти


Дамира Байзакова.
Дамира Байзакова.

Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери Дамира Байзакова коронавирустан кайтыш болду. 62 жаштагы Дамира Байзакова мурда бир нече жыл бою балдар онкологиясы бөлүмүн жетектеген.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, балдар онкологу Дамира Байзакова коронавирус жугузуп алып, Республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жаткан. Пневмониянын оор түрүнө чалдыккан дарыгер 16-ноябрга караган түнү көз жумду. Маркумдун күйөөсү Мухтар Айталиев экөө алгач онкология борборунда дарыланып жатканын, абалы оорлогон аялы жугуштуу илдеттер ооруканасына которулганын айтып берди:

«Экөөбүз бир учурда ооруп калдык. Октябрдын аяк ченинде бирге ооруп, жөтөлүп, кыйналып жаттык. Мен андан мурдараак эки тараптуу пневмония болуп ооруканага жаткан болчумун. Ал келгенде менин да абалым оор болчу. Бир күндөн кийин реанимацияга түшүп, аны башка ооруканага жиберишти. Ал жакта беш күн жатып каза болду. Бир күн ичинде эле өпкөсү 90% чейин жабыркаптыр. Беш күн ооруканада жатып, каза болуп калды. Абал абдан азыр оор экен. Менимче, биринчи толкундан да оор болушу мүмкүн».

62 жаштагы Дамира Байзакова мурда бир нече жыл бою балдар онкологиясы бөлүмүн жетектеген. Ал Онкология жана радиология илим изилдөө институтунда эмгектенип, кийин Улуттук онкология жана гематология борборунун жетектөөчү илимий кызматкери катары иштеп келген. Бир катар илимий эмгектердин автору онкологиялык илдетке чалдыккан бейтаптардын дартын аныктоодо көптөгөн жаңы ыкмаларды ишке ашырган.

Байзакованын күйөөсү Мухтар Айталиев аялын иш дегенде ичкен ашын таштап койгон кесипкөй адис катары эскерди:

«2000-жылдардан баштап медицина тармагына ири инвестицияларды тарта баштаган. Бир айда бир миллион долларга чейин жеткен күндөр болгон. Дары-дармек, медицина жабдууларын алып келчү. Америка, Италия өлкөлөрү менен тыгыз кызматташып келди. Бардыгына убакыт тапчу. Ишин үй-бүлөсүнөн да жогору койчу».

Жубайлар Дамира Байзакова жана Мухтар Айталиев 33 жыл чогуу түтүн булаткан. Байзакованын бир кыз, бир уулу чет өлкөдө жашайт. Жубайлар Улуттук онкология жана гематология борборунда эмгектенип жатышкан.

Маркумдун кесиптеши Шербет Жусупова буларга токтолду:

«Ал жардам берип, айыктырган балдар азыр айыгып, турмушун куруп жатышат. Лейкоз менен ооруган жүздөгөн балага акысыз операцияга жасаганга шарт түзүп берген. Канчалаган адам ага ыраазы болуп калды. Айрымдары өлүм менен күрөшүп жаткан болчу. Чет өлкөгө дарыланууга да шарт түзүп берген».

Ал эми Дамира Байзакованын иниси Талант Байзаков эжесин иш билги, көздөгөнүн бербеген, тартипти талап кылган аял катары мүнөздөдү:

«Эжем аябай тартипке катуу адам болчу. Талапты да катуу койгон аял эле. Мен сизге бир эле окуяны айтып өтөйүн. Бир жолу эмгек өргүүсүнө чет өлкөдөн эжемдин үйүнө келип калдым. Кирип баратканда эжем мени тааныбай аябай урушканы эсимде. Эжемдин көзүнүн көрүшү да начар эле. Чынын айтсам көп урушчу. Ошон үчүн ага көп нерсе айтпай, сарсанаа кылбаганга аракет кылчубуз. Бирок мен кийин анын мүнөзүнө кесиби таасир эткенин түшүндүм. Күнү-түнү бейтаптар телефон чалып жаны тынчу эмес. Андай учурда дасторкондон тура калып ишке жөнөчү. Өзгөчө оорулуу балдар ал үчүн биринчи орунда эле. Абал оорлошконуна өзүбүз күбө болуп жатабыз. Өлүкканада киши абдан көп экен. Көбү коронавирус же өпкөсү кагынып түшкөндөр. Жугуштуу оорулар ооруканасына барганыбызда «кызыл зона» деп бизди ичине киргизишкен жок. Биз медайымдардан гана тамак берип жаттык. Бирок сыртында биз сыяктуу бейтаптардын жакындарын көп эле көрдүк».

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда пневмонияны козгой турган вирус 3735 дарыгерге жуккан. Акыркы күндөрү бул оору 20 дарыгерден табылды.

16-ноябрдагы маалыматка караганда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Анын экөө Бишкекте, экөө Талас облусунун ооруканаларында катталды. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 479 адамдан табылды. Азыр ооруканада 3279 адам жатат, дагы 4043 ​бейтап үйдөн дарыланууда.

Ыктыярчы дарыгер Эрмек Исмаилов учурда статистика өлүм боюнча төмөн көрсөткүчтө экенин, ошол эле кезде илдет жугузгандар кескин көбөйгөнүн билдирди:

Эрмек Исмаилов.
Эрмек Исмаилов.

«Эгер статистикага ишене турган болсок азырынча өлүм көрсөткүчү аз. Тагыраагы биринчи толкундай эмес. Ошол эле кезде оору жугузгандар абдан көп. Ооруканаларда орундардын жетишсиздиги байкалууда».

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1203 кишиге жетти. Анын 150гө жакыны сентябрь айынан берки убакытка туура келет. Медицина эксперти Айбар Султангазиев абал расмий статистикадан башкача экенин айтууда:

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

«Саламаттык сактоо министрлигинин статистикасын 4-5 эсе көбөйтсө болот. Себеби, башка эсеп жүргөндөн тартып диагнозуна карап жазып жатышат. Эгер коронавирус менен ооруп, бирок башка оорусу болсо башка дартты жазып коюшу мүмкүн. Ошондуктан ага ишениш кыйын».

Ушуну менен пандемия башталгандан бери бул инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 66 983 ​адамга жетти. Ооруканадан 57 760 адам айыгып чыкты.

12-ноябрда Кыргызстанда мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болду. 51 жаштагы Каныбек Исаков коронавирус жугузуп алгандан кийин пневмония диагнозу менен ооруканада жаткан.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG