Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:30

Вирусту дарыдан мурда жоопкерчилик токтотот


Бишкек, 13-июль, 2020-жыл.
Бишкек, 13-июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда соңку бир жума ичинде коронавирустан 20 киши каза болду. Оору акыркы күндөрү күчөп, июнь айындагы көрсөткүчкө жеткени калганы айтылууда. Дары-дармек кайра тартыш болбойбу? Ооруканалар жана дарыгерлер даярбы? Медициналык кызматкерлердин абалы кандай?

Ушул жана башка суроолорго түз эфирден өлкөнүн башкы санитардык дарыгери, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жана көз каранды эмес жаш дарыгер Эрмек Исмаилов катышты.

«Азаттык»: - Нурболот мырза, оорунун өсүш деңгээли июнь айындагы көрсөткүчкө жетип, жогорулап баратабы?

Нурболот Үсөнбаев: - Ооба, бул маалыматтар чын. Азыркы таптагы оорунун салыштырмалуу көрсөткүчү июнь айындагыдай болуп калды. Июнь, июлда абдан чоң көрсөткүчкө жеткен элек, азыр да ошонун алдында турабызбы деген кооптонуу бар.

Мисалы кечээги, 12-октябрдагы статистиканы алсак, 298 адам коронавирус менен катталып, ооруканага жаткырдык. Алардын ичине 254ү лабораториялык жактан тастыкталган COVID-19 вирусуна чалдыккандар, калганы клиникалык жактан оорунун белгиси барлар.

Өкмөт тарабынан бекитилген, күзгү-кышкы мезгилге даярдык уланууда. Себеби, суук түшкөнү сасык тумоо, дем алуу органдарынын курч жугуштуу сезгениши күчөйт. Негизи жыл сайын эле бул мезгилде дене табы көтөрүлүп, абалы оорлоп, пневмонияга чейин жеткен учурлар болуп келген.

Азыр ушундай оор абалга туш болгондор да катталууда. Ага коронавирус аралашып, жакында эпидемиологиялык кырдаал курчуйт деп кооптонуп жатабыз. Саламаттык сактоо министрлиги азыр тынымсыз даярдык көрүп жатат. Облустарда жугуштуу оорулардын кошумча ооруканалары салынып, айрымдары капиталдык ремонттон өтүп, кээ бир жайлар коронавирус менен ооругандарды дарылаганга ылайыктыштырылып кайра жасалды. Тийиштүү акча каражаттары бөлүнүп жатат, андан тышкары Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк тарабынан гранттык долбоорлор бар эле.

Ошол каржылоонун негизинде мамлекеттик ооруканаларга томография, рентген жабдууларын сатып алып жатабыз. Июнь, июль айында компьютердик томография жок аймактар катуу кыйналды эле. Ошол маселелерди чечүүнүн үстүндөбүз. Вирус маселесинде жалаң эле саламаттык сактоо тармагы эмес, эл да өз жоопкерчилигин билиши керек. Азыр эл той-топурда, митингдерде жүрөт. Беткап кийүү, дистанцияны сактоо тууралуу талаптар толук аткарылбай жатат.

«Азаттык»: - Эрмек мырза, медицина кызматкерлери бул кырдаалды кандай кабыл алып жатышат?

Эрмек Исмаилов: - Тилекке каршы, июнь, июль айында ооруган кесиптештерибиз азыр толугу менен калыбына келе элек. Бирок «оору күчөп жатса даярбыз» деп эле жатышат. Ушул жерден баса белгилеп айткым келген нерсе - коомдо агартуучулук, элге маалымат таркатуу маселеси аксап жатат.

Баш калаа Бишкек менен Ошто, ири шаарларда эле кыргыз тилинде вирус тууралуу маалыматтар айтылбаса, басма сөздө да бул оору тууралуу көп айтылбай, эл кенебей калды десек болот.

Той-топурлар көбөйүп, эч кандай санитардык нормаларды сактабай эле жүрөт. Бул кырдаал абалдын курчушуна сөзсүз таасир этет. Эмнегедир калың элге жеткиликтүү маалымат берүү жүрбөй жатат.

«Азаттык»: - Азыр өлкөдөгү коронавирусту дарылаш үчүн ачылган ооруканалар толуп калганы айтылууда. Жайындагыдай болуп орун жетпей калбайбы?

Нурболот Үсөнбаев: - Биз негизи июль айында ачылган стационарлардын баарын консервацияга эле алып койгонбуз. Ал жактарда бардык нерсе даяр турат. Эгер кырдаал курчуп кетсе дароо эле ачылып, чукул тейлей баштаганга даярбыз. Анткен менен айта кетүүчү нерсе - азыр дүйнөдө деле эпидемиологиялык параметрлер улам өзгөрүп, вирус күчөп жатат. Биздин система керебеттерди даярдап, дары-дармектерди кошумча алууга аракет кылууда. Ошол эле маалда коомубуз да даяр болсо жакшы эле.

Дары запастары барбы?

«Азаттык»: - Дары запасына токтолсок, жайындагыдай эл гепарин, клексан издеп кыйналбайбы? Антикоагулянттар, антибиотиктер менен камсыз кылуу жагы кандай болуп жатат?

Нурболот Үсөнбаев: - Материалдык резервдер фонду акча каражатын бөлүп, антикоагулянттарды алуу иши жүрүп жатат. Азыркы тапта бул дарыларды чыгарган ишканалардан брондоп койдук.

Эгер суроо-талап келип чыкса аймактарга чейин жеткирип, таркатабыз. Дары запастары бар, бирок бул процесс тынымсыз жүрүшү керек. Дарыны токтоосуз алып келип, камсыздап туруш үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өлкө боюнча коронавирусту аныктай турган 13 лаборатория азыр иштеп жатат.

Талкууну толугу менен аудиодон уга аласыз.

Вирус күчөдү, дарыгерлер даярбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:26 0:00
Түз линк

Негизи оору башталгандан бери 336 500 анализ алынган. Лабораториядагы кызматкерлер 24 саат бою тынбай иштеп, июль айында абал курчуп турганда суткасына беш миңден ашык анализ жасап жатышты. Бүгүнкү күндө 1000, 1500 анализ жасалууда. Эми ооруп күчөп жатат, байланыш болгон адамдарды да кайрадан текшерүүнү күчөтөбүз. Ислам өнүктүрүү банкы каржылап, долбоордун негизинде 10 модулдук лаборатория уюштуруп жатабыз. Тез курулуучу имараттарды салып, лабораториялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдөбүз. «Семетей» дарылоочу комплексине да лаборатория коюп жатабыз.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG