Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:31

COVID-19: Кытайда бир шаар бүт тест тапшырат


Тест тапшырууну күткөндөрдүн кезеги. Чиңтао, 12-октябрь, 2020-жыл.
Тест тапшырууну күткөндөрдүн кезеги. Чиңтао, 12-октябрь, 2020-жыл.

Кытайдын чыгышындагы Чиңтао портунун жетекчилиги апта аягына чейин тогуз миллион адамды же бардык тургундарды тесттен өткөрүүнү пландап жатат.

Августтун башынан бери Кытайдын ичинен вирусту жугузуп алгандар тууралуу кабарланган эмес эле. Бирок эксперттер Бээжиндин симптомдору байкалбаган бейтаптарды бөлүп көргөзгөн методологиясын сындап келатышат.

12-октябрда Чиңтао шаарында инфекцияланган 12 киши катталды. Болжол менен алар сырт жактардан ооруп келген кишилерди дарылоо учурунда вирусту ооруканада жугузуп алган.

Бээжин, 1-сентябрь, 2020-жыл.
Бээжин, 1-сентябрь, 2020-жыл.

Буга чейин Ухань шаарынын бардык жашоочулары жапырт тесттен өткөрүлгөн. Бээжин жана Үрүмчү шаарларында эпидемиянын очогу пайда болгондо миллиондогон киши коронавируска анализ тапшырган. Кытайдын мындай практикасы вирустун жайылышын ооздуктоого жардам берип, эл толугу менен болбосо да, кадыресе турмушка кайткан.

Жаңы коронавирус былтыр жыл этегинде алгач Кытайдын Ухань шаарында чыккан. Ошондон бери COVID-19 илдетине өлкөдө 85 жарым миңден көп киши кабылды, көз жумгандар 4 634 деген көрсөткүч өзгөрө элек.

Кытайдан айырмаланып, күздүн келиши менен дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө вирус жуккандар көбөйүп жатат. Пандемиянын экинчи толкунуна туш болгон Европада кайрадан чектөөчү чаралар киргизилип, бир катар жерлерде мектептер, бар-ресторандар, эс алуучу, спорттук жайлар жабылууда.

Шейшембиде Еврошаркеттин мүчөлөрү блоктун ичинде эки жакка каттоо боюнча координацияланган системаны кабыл алууну карашмакчы. Атап айтканда март айында болгон башаламандыкты кайталабаш үчүн биримдикке кирген мамлекеттер бири-биринин жарандарына чек араларды ачык калтыруу тууралуу макулдашат деп күтүлүүдө.

Чехия, 29-сентябрь, 2020-жыл.
Чехия, 29-сентябрь, 2020-жыл.

Бул үчүн Европанын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору атайын карта түзүп, вирустун жайылышына жараша чөлкөмдөрдү жашыл, саргылт жана кызыл зоналарга бөлөт.

Эски континентте күнүнө 100 миң жаңы учур катталып келатат. Саламаттык сактоо тармагынын жетекчилери шашылыш чара көрүлбөсө, ооруканалар толуп, медкызматкерлер тартыш болуп калат деп чочулашат. Анын үстүнө кадимки сасык тумоонун сезону башталды.

Коронавирустун очогуна Европада бул ирет Британия, Орусия, Испания, Франция жана Чехия айланды.

Британия Европадагы өлкөлөр арасынан эң көп өлүм-житимге учурап, COVID-19дан 42 750 киши каза тапты. Буга чейин өзгөчө кырдаал жарыялаган чех өкмөтү 14-октябрдан тартып дагы бир топ чараларды көрүп, бардык окуу жайлары кайрадан онлайн сабактарга өтүүдө. 3-ноябрга чейин кафе, бар, ресторан, клубдар жабык болмокчу. Соңку аптада эле ооруканаларга түшкөн бейтаптар 76% көбөйө түштү. Инфекциялангандардын көбөйүшү жагынан бул өлкө Европада биринчи орунда турат.

Францияда бир жумада вирус жуккан 20 миң киши аныкталды. Премьер-министр Жан Кастекс экинчи жолу карантиндин киргизилишин жокко чыгарбай турганын билдирди. Ага чейин Париж, Марсел, Лион баш болгон бир катар шаарлар жогорку эпидемиологиялык даярдыкка келтирилди.

Германияда жаңы инфекциялангандар салыштырмалуу аз. Канцлер Ангела Меркел азыр көрүлүп жаткан чаралар эпидемияны ооздукташ үчүн жетиштүүбү деген маселени чөлкөмдөгү мамлекеттердин жетекчилери менен талкуулаганы жатат.

XS
SM
MD
LG