Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:49

COVID-19: Экинчи толкундун эпкини


Күндузгү стационарлардын бириндеги медицина кызматкерлери. 2020-жылдын 6-июлу.
Күндузгү стационарлардын бириндеги медицина кызматкерлери. 2020-жылдын 6-июлу.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кырдаал курчуп, соңку бир жумадан бери вирус жуккандардын саны 400дөн түшө элек.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 26-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада 420 адамдан вирус жаңыдан табылды. Бүгүнкү күндө COVID-19 илдети менен 6673 адам ооруп, стационардык жана амбулатордук дарыланууда. Соңку бир жуманын ичинде 3644 адамга вирус жукканы белгилүү болду. Ал эми 1-октябрдан баштап 69 адам COVID-19 илдетине туш болуп көз жумган.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун вирусологу Зуридин Нурматов коронавируска байланыштуу статистиканын өсүп жатышын мындай чечмеледи:

Зуридин Нурматов.
Зуридин Нурматов.

«Менин божомолум боюнча коронавирус менен ооругандар ноябрдын аягында көбөйүшү керек эле. Эмнеге азыр көбөйүп жатат? Вирус эшик-терезеси жабык бөлмөдө, имараттарда аябай жайылат. Биз күз мезгили келери менен кафелерге бекинип күнүгө той өткөрүп жаттык. Тойго барбаган киши калган жок. Мындан тышкары октябрь айында миңдеген адамдар митингде жүрдү. Ал жерде санитардык эрежелер сакталган жок. Ушул эки фактор вирустун жайылышына себеп болду».

Вирусологдордун маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 300 миңге жакын адам сасык тумоо менен ооруйт. Статистика көрсөткөндөй, алардын 60% ноябрь, декабрь жана январь айларына туш келет. Симптомдору окшош эки оорунун бир келиши кырдаалды курчутуп жиберери айтылып жатат. Мындан чочулаган Саламаттык сактоо министрлиги тобокелдик тобуна кирген 900 миң адамдын тизмесин түзүп, алардын 250 миңге жакынын сасык тумоого каршы эмдөөдөн өткөрдү.

Жакында эле саламаттык сактоо министри болуп дайындалган Алымкадыр Бейшеналиев 26-октябрдагы басма сөз жыйынында коронавирусту дарылоо боюнча жалпысынан 29 170 дарыгер окуудан өткөнүн айтты. Ошондой эле жаңы министр дары-дармек тартыштыгы болбой турганын билдирди:

Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

«Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду фармацевтикалык компанияларга бир миллиард 200 миллион сом карыз болуп калган. Анын 540 миллион сому төлөнүп берилди. Дары-дармек ташыган компаниялар менен жолугушуу өткөрүп жатабыз. Алар жардам бере турганын билдиришти. Учурда эки айга жете турган дары-дармектин запасы бар. Дагы үч-төрт айга жеткириш үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат».

Министр Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарын, ал эми орун басары Мадамин Каратаев Жалал-Абад, Ош, жана Баткен облустарын кыдырып, ал жердеги маселелерди чечип келгенин айтып жатат.

Өлкөнүн саламаттыгына жооп берген мекеменин маалыматы боюнча, COVID-19 менен ооругандарга стационардык жардам көрсөтүш үчүн 5006 орун бөлүнгөн. Анын 60% көбү толуп калган. Бул жыйында Саламаттык сактоо министрлиги эл көп катышкан иш-чараларга көзөмөлдү күчөтүү боюнча өкмөткө жаңы сунуштама бергени да белгилүү болду.

Коронавирус: Жалал-Абадда кычкылтек баллондору тартыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:29 0:00

Жалал-Абад облусунан тышкары COVID-19 Ош облусунда жана Бишкек шаарында көп катталууда. Оштун Ноокат районунда вирус жуккандар күн санап көбөйүп жатканы айтыла баштады. Аймактык оорукананын башкы дарыгери Асамидин Марипов ар бир экинчи үйдө COVID-19га чалдыккан бейтап бар экенин айтты:

«Азыркы учурда мурдагыга караганда абалы оорлошуп кеткен бейтаптар көп келүүдө. Анткени коронавирустун биринчи толкунунда вирус жуккан адамды жана аны менен байланышта болгондорду обсервацияга жаткырып, толук айыктырып чыгарып жатканбыз. Азыр болсо андай иш-аракеттерди жүргүзгөнгө болбой калды. Анткени буга ири суммадагы каражат керек болуп жатат. Мындан тышкары бейтаптар үйдөн дарыланганды туура көрүшүүдө. Ошентсе да элди кабыл алганга райондогу ооруканаларды, стационарларды даярдап койдук».

Ошол эле маалда вирус күчөгөн жай мезгилинде жакынын жоготкондор өкмөт өткөндөн сабак алган жок деп эсептешет. Алардан бири Айболот Айдосов буларды айтты:

«Биздин өкмөт «иштеп жатабыз, баары түгөл» деп жатат. Эсиңиздерде болсо мурда да ушул эле сөздөр айтылган. Жыйынтыгында вирус дараметибизди көрсөткөн эле. Азыр бюджетте каражат да тартыш болуп турат. Өкмөт азыртадан эле ыктыярчыларды жардамга чакырып, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзө башташы керек эле. Жада калса аткаруу бийлиги азыркы статистикага себеп болгон той-топурду токтото албады. Коронавирустун биринчи толкунунда кемчилик кетиргендер жазасын алган жок. Бул көрүнүштөн улам өкмөт өткөндөн сабак албаганына көзүм жетип турат».

Кыргызстанда марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 56 170 адамды түздү. Алардын арасынан 47 843 бейтап айыгып чыкса, 1134 адам каза болгон. 18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG