Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:26

Маданиятка жеткен камоолор, тууга кошок жана жылаңач чындык


"Күн кармаган бала" спектакли.
"Күн кармаган бала" спектакли.

2023-жыл Кыргызстандын маданият тармагындагы чоң жоготуулары, урунттуу окуялары менен эсте калды. "Кыргыз кереметинин" акыркы могиканы аталган режиссер Геннадий Базаров, "Кыргыз Павороттиси" атка конгон опера ырчысы Сталбек Алмасбеков баш болгон таланттар дүйнө салды.

Ошондой эле 2023-жылы театр дүйнөсүндө талкуу жараткан чыгармалар коюлуп, бийликтин тууну өзгөртүү аракетине жоон топ маданий ишмерлер нааразы болушту.

Маданияттагы орду толгус жоготуулар

2023-жылы кыргыз өнөр дүйнөсүнө эмгеги менен из калтырган бир топ таланттардын өмүрдөн өтүшү маданият дүйнөсүнүн бир капталын эңшерип кетти. Барпы акындын айтылуу ашыктык ыры “Мөлмөлүм” менен атак алган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев 17-январда 54 жаш курагында оорунун айынан дүйнө салды.


80-жылдардын соңунда Малик Аликеевдин атагы таш жарып, элдик ырларды аткаруу, комуз менен ырдоо үлгүсүн элге жайылткан. Бул учурда кыргыздын нечендеген уул-кыздары ырчыдан өрнөк алып, өнөр дүйнөсүнө агылгандар арбыган.

Январь айынын 27синде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу жана диктор Абас Чикеев оорудан улам 76 жаш курагында дүйнө салды.

2023-жылдын башында, 6-февралда кыргыз кинематографиясы оор жоготууга учурады. Көрүнүктүү кинорежиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Андан бир жыл мурун кино ишмери “Азаттыкка” маек берип жатып, “балким, эң мыкты, акыркы тасмамды тартам” деген. Тилекке каршы, бул кыялы ишке ашпай калды.

9-мартта Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, дагы бир белгилүү кинорежиссер Марат Сарулу 66 жашында акка моюн сунду. Жакындарынын айтымында, ал кесиптеш агасы Геннадий Базаровдун кыркылыгынан куран окутуп чыгып баратканда жүрөк оорусунан мүрт кеткен.

26-мартта Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино актеру Асанкул Осмонов 88 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Талантуу актёрду жакындан билген санаалаштары аны театр үчүн жаралган адам катары сыпатташат. Анын бир катар белгилүү ролдорду аткарышына шыңга бою, жылдыздуу өң-келбети себеп болгон экен.

Белгилүү театр сынчысы, эл жазуучусу Жаныш Кулмамбетов актёрду мындайча эскерди:

Жаныш Кулмамбетов.
Жаныш Кулмамбетов.

“Мына ушул сырткы келбетинин көрктүүлүгү анын уникалдуулугу болчу. Экинчиден, анда улуттун алпейим мүнөзү бар эле. Кыргыздын Дүйшөнү, кыргыздын Шырдакбеги же кыргыздын Кошойу деп айтам. Дүйшөнү дегеним, “Биринчи мугалимдеги” Дүйшөн - фанатик эмес, кыргыздын токтоолугун, ата-бабадан калган олуттуу мүнөзүн алып жүргөн каарман. Ал эми хан Кошой менен Шырдакбекте да кыргыздын сөөлөтү, мырзалыгы бар. Асанкул агада да дал ошол өзү ойногон каармандардай мырзалык бар эле. Мындай келбети менен ал дүйнөлүк классиканын да башкы каармандарын ойноду да. Анткени европалык типтеги актёрлордун катарына кирет. Эгерде биз аны башкаларга салыштыра турган болсок, ал француз элинин белгилүү актёру Ален Делондой эле болчу. Ал кыргыз театрынын тарыхында калды”.

5-апрелде опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбеков дүйнө салды.

"Кыргыз Павороттиси" атка конгон Алмасбеков советтик жана кыргыз опера искусствосунда өз ысымын жазган атактуу ырчы, СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиевдин көздөй шакирти эле. Белгилүү тенор 1970-74-жылдары Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдан 1979-1983-жылдары коңшу Казакстандын Алматыдагы Курмангазы атындагы казак мамлекеттик консерваториясында советтик жана казакстандык атактуу опера ырчысы Бекен Жылысбаевден сабак алган.

25-июнда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Гүлжамила Шакирова 68 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Калемгер соңку 30 жылдан бери УТРКнын Кыргыз радиосунда эмгектенип жаткан.

Август айынын соңунда Кыргыз эл артисти, белгилүү композитор жана жазуучу Сталбек Бактыгулов 69 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал жаш чагында адабиятка аралашып, прозаик катары таанылган талант кийинчерээк музыкага өмүрүн арнап, профессионал композитор катары таанылган.

Ал эми ноябрь айында кыргыз театр искусство өнөрү таланттуу үч кызынан айрылды. 6-ноябрда 73 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Зинаида Петренко, 9-ноябрда эмгек сиңирген артист Райма Абдубачаева, 19-ноябрда эл артисти Татьяна Стрельцова бул жалгандан өтүштү.

Ал эми жыл жаңырарда, 29-декабрда Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев 84 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты.

"Кечки троллейбус", "Замандаштын дүйнөсү", "Жарыктын ыры", "Эки аска" өңдүү ондогон китептердин автору Сүйөркул Тургунбаев өмүрүнүн соңунда "Азатыкка" маек курган эле.

"Кош болгун, кош бол, кайран туум"

2023-жылы өнөрдөгү, искусстводогу жоготуулар менен катар маданият тармагындагыларды сынаган бир катар саясий окуялар да болду.

Анын ичинен бийликтин мамлекеттик тууну өзгөртүү аракетине маданият ишмерлеринин арасында пикир айтып, акындар ыр жазып, нааразылык жана каршылык билдирген маанай жаралды.

Сүрөтчү Элнур Исаковдун “Соңку күүгүм” ("Последний закат") деп аталган сүрөтүн жарыялап, ал массалык түрдө бөлүшүлүп, соцтармактарга тарады. Анда Кыргызстандын туңгуч мамлекеттик туусундагы 40 нурлуу күн жарым жартылай тоо артына батып бараткан элеси чагылдырылган.

Сүрөтчү Элнур Исаковдун "Соңку күүгүм" ("Последний закат") аттуу эмгеги.
Сүрөтчү Элнур Исаковдун "Соңку күүгүм" ("Последний закат") аттуу эмгеги.

Сүрөттүн автору Элнур Исаков "Азаттыкка" эмгеги аркылуу эмнени айткысы келгенин билдирди:

“30 жылдан бери канга сиңип, бала чактан баштап азыркы учурга чейин сыймыктанып жүргөм. Мектепте окуп жүргөндөн баштап эле желекти тартып, кайсы жакка барсам да өзүмдүн ушундай кооз желегимди издей берем. Тилекке каршы, бул сүрөтүм аркылуу жакшынакай желегим менен коштошуп жатып, ичим ачышып турганын билдиргим келди. "Эми качан, кайдан желбирейсиң? Жалгыз калдың, сага татыктуу боло албадыкпы? Колдой алган жокпуз" деп кейип жаткан кезим”.

Сүрөтчү Татьяна Зеленскаянын туңгуч Тууга арнап тарткан сүрөтү социлдык түйүндөрдө көп бөлүшүлдү. Анда улуттук кийимчен секелек кыздын күндү кучактап турган сүрөтү тартылган.

Дагы бир сүрөтчү Вера Адрианова "Баткан күн кайра атат" деген сүрөт тарткан.

Ушундай реакцияларга карабастан тууну өзгөртүү чечими батыл кабыл алынганы бир далай төкмө да жазма да акындардын жан дүйнөсүн козгоду окшойт. Тууга арналган мындай ырлар социалдык тармактарда байма-бай жарыяланып турду.

30 жылдан ашык мезгил көңүлгө жакын болуп калган туу менен коштошуу ырларынын бирин Эрлан Жумагазиев да жарыялады:

Туу кошок

Кош болгун, кош бол, кайран туум,
Кокуйлар колдуу жайландың!
Эсирген төбөл үн укпай,
Элимде бүгүн арман-муң!

Ыйыктык турат тепселип,
Ыйманым барат бөксөрүп.
«Кадимки туубуз – ушул» деп,
Каламбы сени эскерип?

Өзөктөн душман чыкканы,
Өзүңдү чалып жыкканы.
Элирип алган куурагыр,
Эстүүнүн кебин укпады!

Кош болгун, кайран, кайран туум!


Мына ушундай курч саптар, сынчыл пикирлерди маданият өкүлдөрү Туунун айланасындагы талкуу учурунда арбын айтышты.

Камалган калемгер

Пикир демекчи, социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн жазуучу жана публицист Олжобай Шакир 2023-жылы 23-августта кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козгогон. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында кармалып, соттук териштирүү жүрүүдө.

Олжобай Шакир бийликтин дарегине ачуу сын-пикир айтып келет. Камалганга чейин ал 31-августта онлайн митинг өткөрүү тууралуу демилге көтөргөн. Өзү абактан жазган каттарында онлайн-митинг калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин белгилеген.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү манасчы Самат Көчөрбаев калемгерге тагылган айыптар негизсиз деген ойдо. Ал мындай жол менен эртең башка маданият өкүлү да жеке пикири үчүн жоопкерчиликке тартылып калат деген чочулоосун билдирген:

Самат Көчөрбаев.
Самат Көчөрбаев.

“Негизи эле камап коркуткан жолду өткөн тарыхыбызда бир нече жолу басып өткөнбүз. Камаган эмне болуп калыптыр, четинен аткан учурлар да бар. Бирок кыргыздын табиятына тиешелүү ички духун, мекенчилдик сезимин мындай жол менен токтотуу мүмкүн эмес. Тескерисинче, ал чыңалууга алып келет. Азыр ошондой чыңалуунун кадамдары чоң-чоң шилтенип бараткандай. Эч ким революцияны каалабайт, бирок жеке пикирин ачык билдирип чыккандар түшүнгөн адамга ошол нерсенин алдын алалы деген коңгуроо да.

Өзүм билемдикке жол бербейли, эл менен эсептешели, эл байлыгы элдин өзүндө болсун деп конституциялык укугун пайдаланып, төрт пансионат башкаларга кетпесин десе, ал мекенчилдик эмеспи? Андай болсо мыйзамдуу жайын өкмөт элге көрсөтүп койсун да. Ошондо Олжобайга окшогондор түшүнмөк. Анан антпей сүйлөгөн эле кишини камай беришеби? Маселен, мен манасчымын, мен да чыгармачыл адаммын. Ошол эле Олжобай Шакир ойлогон ойду мен да ойлоп, төрт пансионат жөнүндө айтып чыгып, же болбосо сөз эркиндиги кысымга алынууда, келгиле тынчтык митинг кылалы деп койсом, анда мен деле ушул тагдырга бет келип калам да. Митинг – бул тынч жыйналып пикир билдирүү деген эле сөз. Үнүбүздү жогору жакка жеткирели деген сөзү төңкөрүш жасоого чакырык катары кабыл алынып жатканына түшүнбөй турам. Олжобай Шакир же жалгыз төңкөрүш жасап сала турган кишиби? Жеке пикиримде, Олжобай камаса, андай ойлонгон он Олжобай, жүз Олжобай, миң Олжобай бар экенин унутпашыбыз керек”.

Алдыда Олжобай Шакирдин соту өтөт. Азырынча ага кандай чечим чыгарын айтуу кыйын. Бирок коомчулукта анын камалышын айыптаган пикирлер үстөмдүк кылып жатат. Кызыгы, калемгер Шакирдин өзүнүн чыгармачыл эрки да көпчүлүктү таңдантууда. Ал камакта отуруп деле бир далай чыгармаларды, элди эркиндикке үндөгөн жана аялдар укугу тууралуу публицистикаларды жазып койду", - деген Көчөрбаев.

Талкуу жараткан жаш режиссер

2023-жылдагы маданият тармагындагы көпчүлүктүн көңулүн бурган окуялардын бири - жаш режиссер Уланмырза Карыпбаев койгон спектакль болду. Театрга кызыккан дагы, кызыкпаган дагы кишилер соцтармактарда бул окуяны кызуу талкуулашты. Бишкекте Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театры койгон “Күн кармаган бала” спектаклиндеги каарман эне оорукчан бакма баласын жылаңач жуунтуп жаткан жери көптөргө жаккан эмес. Чыгарма эл жазуучусу Султан Раевге таандык.

"Кийимчен койсоңор болбойбу?"

Эдилбек Амантур аттуу Фейсбук колдонуучусу актёрдун чечинген ойногон учуру улуттук менталитетке доо кетирет деген оюн жазган:

"Театр, кинодо кыргыз режиссёр-коюучулар каармандарын жылаңачтабай эле эмне деген керемет чыгармаларды жараткан. Азыркылар эле бул искусство деген шылтоо менен улуттук менталитетти толук жок кылууга киришти. Кой деген кожо жок. Туура эмес десең балээге каласың. Чыныгы бузукуларды айта жүрөлү!"


Спектаклдин режиссеру Уланмырза Карыпбаев талкуу жараткан каарманынын образы тууралуу буларды айткан:

Уланмырза Карыпбаев.
Уланмырза Карыпбаев.

“Биз бере турган маани ушундай болчу: Чындык жалгыз болот, чындык жылаңач болот. Бул спектаклдин мааниси да ошондо. Анда чындык деп чыркырап жүргөн адамдын баары жок болуп кетет. Бир гана чыгармадагы күндү кармаган бала күндү тике карай алат. Калгандарынын баарынын күнөөсү бар. Ошол оорукчан каарман баланын тагдырына ким күнөөлүү экенин ачып бергенге аракет кылдык. Бул эпизоддон кийин бала жалгыз жуунуп жаткан жери бар. Анда чечингенге да күчү жок, себеби ал оорукчан бала. Ошол жалгыз өзү жуунган жери аркылуу чындык жалгыз, жылаңач болот деген ойду айткыбыз келген. Сындагандарды чыгарманы толук көрүүгө чакырам".


Бир ай өтүп өтпөй Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры койгон бул чуулгандуу спектакль Баку шаарында өткөн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун фестивалында баш байгени жеңип алды. Ага чейин ал 2023-жылы сентябрь айында Бишкекте уюштурулган "Арт-Ордо" IX эл аралык фестивалында да 17 спектаклдин арасынан баш байгени илип кеткен.

Өтпөй калган концерттер

Орусия Украинага басып кирип, санкцияларга кабылгандан кийин орусиялык ырчы-чоорчулардын башка мамлекеттерге болгон гастролдук сапарлары да кыйла чектелгени маалым.

Мындан улам алар Борбор Азияга, анын ичинен Кыргызстанга көбүрөөк каттоону максат кылышкан.

Артисттердин арасында согушту жектеп, ага каршы чыккандары, ачык позициясынан улам "чет элдик агент" деген жалаага кабылгандары да бар. Ошол эле маалда Кремлдин үгүт концерттерине катышып, согушту колдогондор да арбын.

Согушту айыптап чыккандар өз мекенинен куугунтук көрсө, аны жактагандар барган мамлекеттеринен "муш жеди” десек да болот.

Маселен, 2023-жылы Кыргызстанда орусиялык бир нече ырчылардын жана топтордун концерти коомдогу түрдүү нааразычылыктардан улам өтпөй калды.

Июль айынын башында орусиялык ырчы Григорий Лепстин Чолпон-Ата шаарынын Айтматов аллеясындагы концерти 2-августта өтөрү жарыяланган.

Бирок Кыргызстандын жарандык коому ага каршы чыгып, уюштуруучулар аны жокко чыгарууга аргасыз болушту.

Буга чейин Лепстин Алматы жана Ташкент шаарларындагы концерти да социалдык тармактардагы жогорудагыдай эле нааразычылыктардан улам токтотулган.

Буга орусиялык ырчылар Григорий Лепс менен Николай Басков Украинанын Куралдуу күчтөрүнө таандык танктарды жок кылгандарга бир миллион рубль сыйлык бере турганын айтканы себеп болгон.

Согушту айыптагандар

Ошол эле маалда согушту айыптаган орусиялык ырчылар да өз жеринде куугунтукка кабылып, КМШ мамлекеттеринде пландалган концерттери үзгүлтүккө учураган учурлар катталды.

10-июнда белгилүү орусиялык “Порнофильмы” тобунун Бишкектеги концерти өтпөй калды. Орус бийлигине жана согушка каршы көз карашын ачык билдирген топтун музыканттары социалдык тармактагы баракчасында алар "клубдардын биринде ырдамак болгонун, бирок ал жерге күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери барып, музыканттарды коркутуп-үркүткөнүн" жазган.

Чыгармаларында жакырчылык, кыйноолор, зомбулук, күч түзүмдөрүнүн өзүч билемдиги, орус дүйнөсүнө байланышкан социалдык жана саясий маселелерге кайрылып жүргөн “Порнофильмы” тобунун Орусиядагы концерттерин Украинадагы согушка чейин эле үзгүлтүккө учураткан учурлар орун алган. Орусия Украинага басып киргенден кийин, артисттер мекенинен чыгып кеткен.

Былтыр жайында алар Орусияга кирүүгө тыюу салынган артисттердин тизмесине кирген.

Июнь айынын башында орусиялык рэпер Алишер Моргенштерн (Валеев) Бишкекке келет деген кабар кыргыз коомчулугунда талаш-тартыш кептерди кызытты. Айрымдары анын өз угармандары бар деп келишин кубаттаса, кээ бири караманча каршы чыгышты.

Каршы чыккандар ырчынын ырлары өсүп келе жаткан жаш муундарга терс таасирин тийгизерин жүйө кылышты. Моргенштерндин маселеси эл ичинде эле талкууланбай, Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, министрликтен ырчыны Кыргызстанга келтирбөөнү талап кылган депутаттар болду.

Натыйжада министрлик 25 жаштагы орусиялык рэпердин 23-24-июнга белгиленген Бишкектеги Alga Fest музыка фестивалына катышуусуна тыюу салды.

Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгуловдун колу коюлган катта "Моргенштерндин ырлары Кыргызстандын "Маданият" жөнүндө мыйзамына туура келбей турганы" жазылган.

Орусиянын Юстиция министрлиги эки жылдан бери башка өлкөдө жашаган Алишер Моргенштернди да быйыл май айында "чет элдик агенттер" тизмесине киргизген. Орусия Украинага кол салгандан кийин ал согушка каршы клип жаздырган.

18-июнда орус бийлиги "чет элдик агенттердин" тизмесине кошкон "Би-2" рок тобунун да Бишкектеги концерти болбой калды. Уюштуруучу - Vi project kg компаниясы концерт техникалык себептерден, казакстандык өнөктөштөр менен пикир келишпестик келип чыккандыктан токтотулду деп түшүндүргөн.

Израилди колдогон ырчы

Орусиялык белгилүү музыкант Андрей Макаревич жетектеген "Машина времени" рок-тобу 22-ноябрда Ташкентте, 29-ноябрда Бишкекте, 1-декабрда Алматыда, ал эми 3-декабрда Астанада концерт бермек. Бирок ырчынын алдын ала пландалган бул концерттери да өтпөй калганы октябрь айында эле белгилүү болду. Анткени бул коңшу өлкөлөрдүн айрым жарандары ырчынын Израилди колдогон билдирүүсүнөн кийин анын гастролдук сапарын токтотууну талап кылышкан.

69 жаштагы советтик жана орусиялык композитор, продюсер Андрей Макаревич Орусиянын Эл артисти. Ал “Машина времени” тобун 1969-жылы орусиялык музыкант Сергей Кавагоэ менен бирге негиздеген. Топтун репертуарын классикалык рок, рок-н-ролл, блюз элементтери камтылган чыгармалар түзөт.

Композитор Украинада согуш башталганда Орусиядан чыгып кетип, орус бийлигинин дарегине ачуу сын айтып жүрөт. Учурда Израилде жашайт. Буга чейин ал Украинаны колдогону үчүн Орусияда “чет элдик агент” деп таанылган.

"Биздин ырчылар да сабак алышсын"

Журналист жана жарандык активист Эркин Рыскулбековдун пикиринде, атактуу инсандардын жалгыз гана талантына, репертуарына эле карабастан жарандык позициясына да көңүл буруу маанилүү:

Эркин Рыскулбеков.
Эркин Рыскулбеков.

“Себеби атактуу адамдар - коомдук пикирге таасир эткен лидерлер. Бул инсандардын жеке пикири же өрнөгү менен коомдун чоң бөлүгү өзүнүн пикирин оң же терс жолго буруп турат. Маселен, Никол Кидман, Анжелина Жоли сыяктуу атактуулардын БУУга ыктыярчы болгону, Африка өлкөлөрүнөн бала асырап алганы канчалаган элге өрнөк болду. Ушул эле маалда терс да мисалдар бар. Маселен, мына Григорий Лепстин келүүсүнө көпчүлүгүбүз каршы болдук. Себеби ал ырын эле ырдап койбостон, агрессияны колдоп жатпайбы. “Талкаланган украин танкы үчүн миллион төлөп берем” деп жатат. Танктын ичинде адам бар да. Бул түздөн-түз киши өлтүрүүгө үндөп жатат. Демек, бул инсанды кылмышкер деп таанысак да болот”.

Рыскулбековдун айтымында, Кыргызстанда да ар кандай үгүт иштерине тартылган ырчы-чоорчулар жоопкерчиликти сезиши керек:

“Маселен, шайлоо алдында биздин көптөгөн өнөр адамдарыбыз түрдүү саясий топтордун иш-чараларында үгүтчү катары иштеп берет. Бирок алардын жоопкерчилиги каралбайт. Ушул маселени көптөн бери көтөрүп келем. Артисттерге “силер баланча партияны колдоп чыгып, акчасын алдыңар, бирок алар Жогорку Кеңешке шайланып келгенден кийин чыгарган мыйзамдарына, жасаган иштерине силер да жооптуусуңар” дейм. Ушул нерсени азыр атактуумун деп жүргөндөрдүн аң-сезимине куюшубуз керек. Анткени качандыр бир кезде силер колдоп жүргөн күчтөр үчүн жооп бере турган күн келет”.

Президенттик оркестрден кеткен музыканттар


2023-жылдын май айында Президенттик “Манас” камералык оркестринин негизги курамынын иштен кеткени коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.

Оркестрдин көркөм жетекчиси жана дирижёру Эрнис Асаналиев буга оркестрдик топ менен администрациянын ортосундагы пикир келишпестик себеп болгонун айтып чыкса, жетекчилик дооматты четке каккан. Дирижёр ишиндеги мыйзам бузуулардан улам кызматынан алынганын айткан. Кийинчерээк оркестрден 12 музыкант иштен кеткени кабарланган.

Аталган оркестрдин мурдагы директору Айнура Осмоналиева Эрнис Асаналиев Эмгек Кодексинин 83-жана 146-беренесинин негизинде кызматынан алынганын (биринчи беренеси финансылык мыйзам бузуу болсо, экинчиси эмгек тартибин бузуу) билдирген.

Көп өтпөй май айынын соңунда Президенттик “Манас” камералык оркестринин дирижерлук жана көркөм жетекчилик кызматынан алынган Эрнис Асаналиев жаңы түзүлгөн “Ойно” оркестри менен Бишкекте концерт берди. Анын курамында өзү менен “Манас” оркестринде чогуу иштеген кесиптештери да болду.

Маданий саамалык тууралуу “Азаттык” видеокөрсөтүү даярдаган. Асаналиев топтун курамы тууралуу буларды айткан эле:

“Мына азыр эми “Ойно” оркестри түзүлдү деп расмий түрдө айтсак болот. Өзүңөр көргөндөй, курамда жаш жана профессионал балдар ойношот. Алардын кээ бирлери Улуттук консерваторияда окуйт. Негизинен оркестрдеги музыканттар - скрипка, виолончель, альт, контрабас аспаптары боюнча мыкты адистер”.


2023-жылы 28-февралда эки жыл мурун уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекова жөнүндө даректүү фильмдин бет ачары болду. Бир сааттык тасмада адам уурдоого кабылган Айзаданын трагедиялуу тагдыры аркылуу бул кылмыштын кесепети, коомдогу мамиле жана күч органдарынын шалаакылыгы баяндалган. Тасманы режиссерлор Нуржамал Карамолдоева жана Султан Усувалиевдер тарып, Актан Арым Кубат көркөм жетекчи катары кеңешин берген. Фильмге “Сорос Кыргызстан” фонду каржылык жардам көрсөткөн.

Маркум Айзаданын таежеси Бактыгүл Шакенова бул тасма бардык жаштарга сабак болсун дейт:

“Менин оюмча, милиция кызматкерлери өз ишин так билип, жакшы иштегенде, мындай жагымсыз окуялар болмок эмес. Тилекке каршы, укук коргоо органдары начар иштеп жатат. Азыр деле коомдо ала качуулар токтогон жок. Чечкиндүү бир кадамдар керек болууда”.


Ноябрь айында Бишкекте кыз ала качуунун кесепетин көрсөткөн дагы бир тасманын бет ачары өттү. “Кыз ала качуу” аталышындагы ал көркөм тасманы режиссер Мирлан Абдыкалыков тарткан. Тасма жаратуучулардын айтымында, фильмдин өзөгү чыныгы жашоодогу окуялардан алынган. Тасма жаратуучулар кыз ала качуу өлкөдө дагы деле уланып, коом кайдыгер бойдон калып жаткандыктан, бул кадамдар коңгуроо каккандай болорун баса белгилешет.


Ошентип, 2023-жылы маданият тармагында көпчүлүктүн эсинде калган урунтуу учурлар болду. Жыл соңунда кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими болгон элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди.

Ошондой эле Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жана саясат таануу илимдеринин доктору Каныбек Иманалиев түзгөн кырк томдон турган тарыхый "Кыргыздар" китеби чыкты. Анда кыргыз элинин байыркы замандан бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы, салт-санаасы, санжыра, рухий маданияты жана башка көптөгөн тарыхый маалыматтар камтылган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

Тектеш

XS
SM
MD
LG