Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:23

Каратегиндик жазуучу, темир павильон, карып болгон карылык


Мирзохалим Каримов.
Мирзохалим Каримов.

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Кара-Тегинден чыккан тунгуч жазуучу, бир топ мыкты аңгеме, повесттердин автору Мирзохалим Каримов авабыз ушул күндөрү катуу ооруп жүрөт. Өзү Канттын жака-белиндеги дачада жашайт. Ооруканадан чыккандан кийин кичине тыныкканча биздикинде тура туруңуз деп, кошунам Жолдош байке экөөбүз алып келдик. Жазуучу менен көп нерселер жөнүндө сүйлөштүк, ой бөлүштүк, сырдаштык. Үч күн биздин эки үйдө туруп, жарпы жазылды. Оорусу да кичине жеңилдегенсип калды. Өзүнүн макулдугу менен эсхатологиялык, экзистенциалдуу маанидеги суроолордун тегерегинде дил маек курдук.

  • Мирзохалим ава элдердин жана улуттардын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн 2017-жылы мамлекеттик "Даңк" медалы менен сыйланган. "Мажүрүм тал", "Кыя жолдор", "Зындан", "Кыз күйүтү" ж.б.у.с. көркөм-адабий китептери жарык көргөн. Кара-тегиндик кыргыздардын үрп-адаты, салт-санаасы, элдик оозеки чыгармачылыгы, этнографиясы, диалектилик сөздөрүнө арналган жана белгилүү инсандары тууралуу маалыматтарды камтыган "Жер жылдызы – Жерге-Тал", "Кара-Тегин", "Кара-Тегин кыргыздары" деген китептерди жазган. Кыргыздын кылымдарды карыткан нускалуу кеп-сөздөрүнөн турган "Ата-бабалар табериги" атуу көлөмдүү китепти түзгөн. Мындан тышкары тажик жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Булардын катарында Тажикстандын эл жазуучусу Фазлиддин Мухаммадиевдин Чыңгыз Айтматовго арналган "Биздин Чыңгыз" деген көлөмдүү очерки да бар.

- Мирзохалим ава, Кудай сизге шыпаа берип, эртерээк сакайып кетиңиз. Кыргызда оору мейман дейт, буюрса, жакшы болуп каласыз. Негизи ар кандай кеселдин пайда болушуна өзүбүз себеп болот турбайбызбы: туура эмес тамактанат экенбиз, туура эмес жашайт экенбиз, туура эмес ойлонот экенбиз. Ошол эле учурда кандай оор илдет болбосун анын шыпаасы да өзүбүздөн экен: мүңкүрөй бербей, кайраттуу болсок, жашоодон үмүтүбүздү үзбөсөк, тынымсыз күрөшсөк айыгып кетет экенбиз. Башкача айтканда, биздин организмибиз аң-сезимибизден, туюм-сезимибизден кандай команда болсо, кандай сигналдар келип жатса, ошого жараша жооп кылат тура.

- Рахмат, үкөм! Айтканың келсин!

- Ава, мүмкүн болсо сизге тагдырга, өмүр-өлүмгө, жашоонун маани-маңызына байланышкан суроолорду берип, биздин элде көп айтыла бербеген темада сукбатташсам дедим эле…

- Тартынбай сурай бер, үкөм.

- Ушул күндөрү сизди эмне көбүрөөк түйшөлтүп жатат? Өлүп калат экенмин деп коркуп жатпайсызбы? Деги сиз үчүн өлүм эмне? Жок болуубу же адам өмүрүнүн бир абалдан экинчи абалга өтүшүбү?

- Жаш өтүп, карылыктын босогосун аттагандан кийин, ой жүгүртүүң дагы, жүрүм-турумуң дагы, жашоо жолоюң дагы башкача болот экен. Бул курактын да өзүнө тиешелүү мыйзам-ченемдери бар. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы ага баш ийишиң керек. Карылыкты да өмүрдүн бир табериги катары кабыл алып, ага моюн сунуп, өмүрдүн бул акыркы бөлүгүн да татыктуу жашап өтүш керек. Мен өзү 65-67 жашыма чейин бир да жолу ооруканада жатканым жок. Бир гана ирет көзүмдөн инсульт болуп, эки айдай эмканага барып-келип дарыланганмын. Андан башка эч бир ооруп-сыркаган эмес элем. Ал эми азыр бир нече кеселге чалдыгып, тагдырдын ушундай катаал сыноосуна дуушар болуп жатам. Жүрөк кемтиги деген илдет кишинин бүткүл ички органдарын алсыздандырат экен. Анын залакасы бөйрөккө, боорго тийип жатат. Мындан башка табарсыкты да жабыркатат экен. Ошентип, бир учурда эки-үч жерим ооруп, катуу кыйналып жатам. Ошол себептүү айыгышым да кыйын болууда. Бирок мен мүңкүрөп, эч качан оорууга багынбаймын. Өлүп калат экенмин деп тилимдин учунда айтышым мүмкүн, бирок ичимден ушунчалык бекеммин, кайраттуумун.

Ниети таза, дили ак, башкаларга жакшылык гана каалаган, тынчтыкты, элдердин ынтымагын тилеген кишилерди Кудай Таала, табият, бул дүйнөнүн сулуулугу сактап калат деген ойдомун. Достоевский сулуулук дүйнөнү сактайт дейт эмеспи. Мен дагы бул сөздү маектеримде кайталап айтып жүрөм. Сулуулук дүйнөнү эле эмес, адамдын өзүн да сактайт. Эгерде сенин ички табиятың сулуу болсо, таза, аруу болсо, ой-максаттарың изги болсо, сен өзүңдү дагы, дүйнөнү дагы сактайсың, дүйнөнүн аман-эсен турушу үчүн салымыңды кошосуң.

Сизди ушул тапта эмне тынчсыздандырат деп сурап жатпайсыңбы. Мени азыр “Кудай жараткан ушунчалык сулуу дүйнөгө, ушунчалык кооз табиятка татыктуу адам боло алдымбы? Не бир түркүн гүлдөрдүн бажырайып ачылганына сонуркап суктанган, дарактардын шуудурунан музыканын ыргагын сезе алган, жаратылыштын ажайып көрүнүшүн сүйө билген, аны кастарлап, барк-баасына жете турган адам болдумбу?” - деген суроолор түйшөлтөт. Эгерде мен ушул суроолорго оң жооп бере албасам, жашабай эле коймокмун.

Ойлоп көрсөм, өмүрүм текке кетпептир. Мен дагы табияттын сулуулугун, адамдын асылдыгын, бийиктигин даңазалаган эмгектерди жаратыпмын. Алдыда али да көптөгөн улуу максаттарым бар, ошондуктан жашоодон үмүт өзбөй, Жараткандан тилеп, оору менен күрөшүп жатам.

- Деги киши өлүмгө даяр болуш керекпи? Адам өлүм, ажал коркунучун кантип жеңиш керек?

- Негизи адам өлгөндөн кийин эле ушул бойдон жок болот экенмин деп айтпаш керек. Өлгөндөн кийин экинчи өмүрүң башталыш үчүн тирүүңдө күрөшүүң зарыл. Артыңда из калтырышың шарт. Таза, түз жашасаң, кимдир-бирөөгө жамандыгың тийбесе, бир келген өмүрдү пайдалуу иштерге сарптасаң өлүмдүн коркунучун жеңесин. Фарсынын атактуу акыны Жалалиддин Руминин: "Эртең өлүп кала тургандай ыйман күт, түбөлүк кала тургандай эмгек кыл", - деп айтканы бар эмеспи.

Тилекке каршы, турмушта дайым эле андай жашай албайт экенсиң, жаңылышат экенсиң, адашат экенсиң. Айрыкча жаш кезде өмүрдүн, ден соолуктун, убакыттын баркына жетпейт экенсиң. Бу жарыкчылыкта баарыдан кымбат нерсе ден соолук экендигине түшүнбөйт экенсиң. Өзүбүздү сактабай, өзүбүзгө күйбөй, өмүрдүн баркына жетпей, көп нерседен уттуруп жиберет турбайбызбы. Бирок өз жаңылыштыгыңды сезип, катачылыгыңды оңдоо эч качан кеч эмес.

Диний китептерде жаныңды да көп кыйнасаң жообун бересиң деп айтылат. Демек, сен атанын деми менен дүйнөгө жаралып, эненин сүтү менен торолдуңбу – өз өмүрүң, ден соолугуң үчүн жооптуусуң. Кудай сени жөндөн-жөн эле жараткан жок да, сени кандайдыр бир ыйык милдет, улуу вазийпа үчүн жаратты да. Демек, сен ден соолугуңа кам көрүп, өзүңдү сактап тирүүлүктөгү ошол вазийпаңды аткарышың керек. Сен ата-энеңди бага турган, эли-жерге кызмат кыла турган, Мекенди коргой турган адамсың дегендей...

- Эгерде кокус сиз тиги дүйнөдө Жаратканга жолугуп калсаңыз, эмнени сурайт элеңиз? Жаратканга бере турган сурооңуз, айта турган арыз-арманыз барбы?

- Эгерде мен Жаратканга жолугуп калсам, албетте, бере турган суроом, айта турган арыз-арманым көп. Мен “Бул дүйнөнүн байлыгына көзү тойбогон, сулуулугунун баркына жетпеген көкүрөгү сокур, бири-бири менен тытышкандан башканы билбеген, бири экинчисин көрө албаган кишилерди эмне үчүн жараттың? Жаратканга жараша эмне үчүн ошолорго адамдык ыйман-ынсап, туюм-сезим берген жоксуң, дилине аз да болсо жакшылыктын үрөнүн сеппедиң?” деп сурайт элем. “Эмнеликтен жүздөгөн, миңдеген кишилердин арасында бир-эки эле жакшы адамды жаратып, бүт мүшкүлдү ошолордун мойнуна жүктөп салдың? Калганынын бул дүйнө менен иши жок. Тебелейт, тепсейт, кордойт, каалаганын жасайт. Ал эми саналуу эле кишилер бул дүйнөнүн камын жейт, бул дүйнөнүн азабын тартат, бул дүйнөнүн оорчулугу ошолордун гана мойнунда”, - дейт элем.

- Эгер аркы дүйнөгө ала кетүүгө мүмкүнчүлүк болсо, сиз кимдин китебин, кайсы чыгарманы тандайт элеңиз?

- Эгерде мага ушундай мүмкүнчүлүк берилсе, мени кепиндеп, мүрзөгө алып барганда Айтматовдун чыгармаларынын арасынан 1958-жылы жарык көргөн "Обон" деген китебин ("Жамийла" повести алгач ушундай аталышта жарык көргөн. - А.К.) башыма жаздап коюшса деп тилек кылмакмын. Анткени мен мектепте окуп жүргөндө Чыӊгыз Айтматовдун колума тийген биринчи китеби ушул болгон. Мен чыныгы бийик адабиятты ушул китеп аркылуу тааныгам. Бул биринчиси. Экинчиси, Айтматовдун чыгармачылык тагдырында "Жамийла" повести менен байланышкан чоң трагедия бар. Ушул чыгарманын үстүнөн Айтматовду канча чогулуштарга салып, канча азап беришкен...

- Жаңылышпасам, картайып, ал-күчтөн тайганда: "Эгерде Кудай мага жаштыгымды кайтарып берсе, мен бүт атак-даңкымдан кечет элем" , - деп Вагнер айтса керек эле. Сиз бүгүн жашоону башынан баштасаңыз, кайра эле ушул жолду тандайт белеңиз? Сиз жазуучулук тагдырыңызга ыраазысызбы? Лев Толстой "адам бактысыз жашаганча жашабай эле койгону жакшы" деген экен. Жазуучу катары бактылуу боло алдыңызбы?

- Жакындан бери ушул суроо менин көп тынчымды алчу болду. Адам өзүн-өзү сындай билиш керек. Ачык эле айтайын, мен жетимиш жылдык өмүрүмдө абдан көп кемчилик кетирдим. Аны туура эмес жасаптырмын, муну туура эмес жасаптырмын, бул жерден адашыпмын деп, эми ошолордун баарын талдап-анализдеп жатам. Ошол эле учурда туура кадамдарым да болуптур. Ошол туура иш-аракеттеримдин натыйжасында жазуучу болдум, китеп чыгардым, аз да болсо кыргыз адабиятына, маданиятына салым коштум.

Бирок бактылуу жазуучу деген ким? Китептери көп окулуп, өзү дайым сый үстүндө жүргөн, тууган-урук, жоро-жолдоштору баалаган, атагы алыска кеткен, бийликтин камкордугуна бөлөнгөн авторбу?.. Балким...

“Кудайга миӊ мертебе калп айтсам да,
Ырыма бир айткандай деп айта албайм”, -деп Алыкул Осмонов жазган эмеспи. Менимче, акын же жазуучу ушундай бийик мүдөө менен жашап, адабиятка байланышкан тагдырынын түркүн сыноолорунан татыктуу өтүш үчүн чыгармачылыктын азап-тозогуна кайыл болушу керек. Ушул ыӊгайдан алганда, мен өзүмдү бактылуу эле жазуучу боло алдым деп ойлойм.

- Кыргызстанда жашап калганыңызга өкүнбөйсүзбү? Сизди Тажикстанда жашаганымда тагдырым башкача болот беле деген күдүк ойлор кыйнабайбы?

- Тагдырдын буйругу адамды кайда гана алып барбайт. Мисалы, Азамат Алтай согушта туткунга түшүп, Батышта, Америкада жашап калды. Ошол жерде жүрүп да кыргыз үчүн өмүр бою кызмат кылып өтпөдүбү.

Мен Тажикстандын Жерге-Тал районунда илгертен бири-бирине кыз берип, кыз алып ынтымакта жашап келе жаткан эки элдин арасында туулуп-өстүм. Ал жерде жашасам деле, бул жерде жашасам деле, тагдырым эки элге бирдей кызмат кылууну буюруптур. Кыргызстанга көчүп келип, мен чоң утушка да ээ болдум. Анткени мен Жерге-Талда жүрө берсем, тилди жакшы үйрөнмөк эмес элем. Себеби ал жакта кыргыздын адабий тили кыйла унутулуп бараткан болучу. Ал эми буякта мен кыргыз жазуучуларынын катарына кошулдум. Жазуучу катары өзүмдүн стилимди таптым, китептеримди чыгардым. Андыктан эч өкүнбөйм, тескерисинче, өзүмдү бактылуу сезем. Жакшы ийгиликтерге жетиштим.

Албетте, кайсы бир учурларда (мисалы, юбилейим болуп калганда) көңүл бурулбаса кээде мени карабай коюшту, сыйлабай коюшту, бөлөктөштү деген ойлор да келбей койбойт экен. Бирок мындай көрүнүштү бир эле бизде эмес, башка коңшу өлкөлөрдөн да кезиктирсе болот. Алсак, кыргыз адабиятын Өзбекстанда жайылтып, өмүр бою кыргыз-өзбекке кызмат кылган котормочу рахматы Турсунбай Адашбаев: "Өзбекстанга барып кыргыз болдум, Кыргызстанга келип өзбек болдум", - деп айткан экен... Ойлоп турсаң, бул жөн эле айтылган сөз эмес, ал мунун азабын тарткан. Ал киши каза болгондо (Ташкентте) өмүр бою кыргыз адабиятына кызмат кылган кишиге топурак салганга биздин расмий өкүлдөрдөн эч ким барган жок. Бул тууралуу басма сөздөрдө жазылып чыкты. Анын ичинде бугу, капасы болгондуктан жанагинтип айткан да. Өзү өзбек экендигине карабай, Өзбекстанга барганда өгөйлөшкөн окшойт да, эмгегин баалабай. Эки элге кызмат кылган, эки элге көпүрө болгон ал кишиники же меники сыяктуу тагдыры бар инсандар мындай мамилеге көп эле туш болуп келе жатышат.

Мындай мамилеге мен дагы дуушар болуудамын. Аны жашыруунун не кажети бар? Мен Тажикстандын Жазуучулар бирлигиндегилерге: "Кыргызстанда кыргыз аралаш бир тажик жазуучубуз бар дейсиңер, бирок мени унутуп койдуңар го!" – деп айтып эле жүрөм. Элүү жылдыгым өттү, алтымыш жылдыгым өтүп кетти, 2022-жылы жетимишке толдум, эки тараптан тең эч маани берилбеди. Ушунун баарысын көтөрөт экенсиң...

Мен көзүм өткөндө Ала-Тоонун топурагы мени өз койнуна алат деген изги тилегим бар, Кудай буюрса.

***

Мирзохалим ава менен баарлашып бүткөндөн кийин кетүүгө камынып калды. "Биздикинде дагы кичине тура турбайсызбы, мындай абалда каякка барасыз?" - деп сурансак, мынабу сүрөттө көрсөтүлгөн темир павильонума барам деп жооп берди. "Ал жер суук эмеспи, кайра ооруп калбайсызбы?" – деп тынчсыздансак: "Эми өз турагыма барайын. Тага журтумда мага буюрганы ушул болду, ушунусуна да шүгүр", - деген жоопту алдык.

Мирзохалим ава үч жылдан бери кышын-жазын ошол жалаң эшик темир контейнерде жашайт. Ал жерде жаз-жай айларында баш калкаласа болот, ал эми кышында жашоого такыр мүмкүн эмес. Ошол жерде жатып жүрүп жазуучу авабыз ден соолугунан айрылыптыр – бөйрөктөрүнө катуу суук тийиптир. Жакында гемодиализ аппаратына жатып чыкты. Анысына бөлөк оорулары да кошул-ташыл болуп жатат. Жазуучу турак-жай маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге бир нече жолу кайрылган экен, тилекке каршы, жооп кечигип жатыптыр.

Урматтуу калайык! Эки элдин ортосунда данакер болуп келе жаткан ардактуу жазуучубуз пайгамбар жашына келгенде минтип көчөдө калса, жалпы кыргыздын намысына доо кетет, жалпы кыргыз улуту сөзгө калат. Ошондуктан келиңиздер, бул маалыматты көбүрөөк элге жайылтып, учурда кыйын кырдаалга туш болгон агабызга жардам берүүнүн жолун чогуу издейли. Балким, колунда бар кыргыздын азаматтарынын бири Мирзохалим Каримовду үйлүү кылып, чоң соопко калаар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG