Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:33

Президенттик “Манас” оркестринин дирижеру бир нече музыкант менен чогуу иштен кеткенин билдирди


Эрнис Асаналиев.
Эрнис Асаналиев.

Президенттик "Манас" камералык оркестринин дирижёру, Кыргыз Республикасынын эл артисти Эрнис Асаналиев өзү менен кошо бир нече музыкант иштен кеткенин "Азаттыкка" ырастады.

Асаналиев мындай кадамга барууга жамаат менен администрациянын пикир келишпестиги себеп экенин билдирди.

"Угармандарга азырынча эч кандай концерттер болбой турганын билдирүүнү милдетим деп эсептейм. Бирок алар сөзсүз болот, анткени биз маданиятты алып жүрүүчүлөрбүз. Кантип жана качан болот, алдыда кошумча маалымдалат", - деген Асаналиев өзү менен кошо канча музыкант кеткенин тактаган жок.

Аталган оркестрдин жетекчиси Айнура Осмоналиева Асаналиев 13-апрелде иштен кеткенин, буга анын "финансылык мыйзам бузууларга жана эмгек тартибин бузууга жол бергени" себеп болгонун, өзү да 25-апрелде кызматтан кетүү тууралуу арызын жазганын маалымдады.

Асаналиев финансылык мыйзам бузуу болбогонун айтууда.

"Манас" камералык оркестри – 1999-жылы уюшулуп, 2001-жылы президенттик статуска ээ болгон.

Камералык оркестрдин максаты - расмий иш-чараларга катышуу, классикалык музыканы жайылтуу, камералык музыканы өнүктүрүү болуп саналат. Анда Кыргыз Республикасынын эл артисттери, Эмгек сиңирген артисттери, республикалык жана эл аралык конкурстардын лауреаттары, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын бүтүрүүчүлөрү эмгектенишет. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG